БИРК-СУУ СЫМАП КЕНИ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
No edit summary
 
(One intermediate revision by one other user not shown)
1 сап: 1 сап:
'''БИРК-СУУ СЫМАП КЕНИ ''' Баткен обл-нун Лейлек р-нунда, Түркстан кырка тоосунун түн. этегиндеги Андыген тоосунда, Лейлек суусунун оӊ куймасы – Бирк-Суунун өрөөнүндө, деӊиз деӊг. 2300–3000 ''м'' бийиктикте жайгашкан. 13-к-дан белгилүү. 1941–45-ж-а 1951–54-ж. геол. изилдөө, чалгындоо иштери жүргүзүлгөн. Кен аймагын карбон мезгилинде пайда болгон акиташ тектери түзөт. Тоо тек катмарлары бүктөлүүгө дуушарланып, тектон. жаракалар м-н тилмеленген. Сымап кенташы ошол жаракалар м-н байланышкан ж-а ал негизинен антиклиналдуу түзүлүштөрдүн чегиндеги брекчия зоналарында топтолгон. Кен шток түрүндөгү майда кенташ түйүндөрүн түзөт. Жалпы уз. 25 ''км'', туурасы 0,5–3,5 ''км'' келген аймакта кенташтын саны 29га жетет. Сымап алынуучу минерал – киноварь. Андан башка кальцит, пирит, халькопирит, куприт, азурит, кээде кварц ж-а флюорит кездешет. Алар бардык жерде бирдей таралган эмес. Кенташ герцин металлогениялык доорунун аягында гидротермден пайда болгон. Кен аймагында 320дан ашык байыркы казынды бар. Кен 1946–50-ж. казылып, киреше бербеген соӊ убактылуу токтотулган. Сымаптын орт. өлчөмү 0,37%. Кенташтын С<sub>1</sub>+С<sub>2</sub> категориялары б-ча запасы 45 миӊ т, сымаптыкы – 167 т.
'''БИРК-СУУ СЫМАП КЕНИ ''' Баткен облусунун Лейлек районунда. Түркстан кырка тоосунун түндүк этегиндеги Андыген тоосунда, Лейлек суусунун оӊ куймасы – Бирк-Суунун өрөөнүндө, деӊиз деӊгээлинен 2300–3000 ''м'' бийиктикте жайгашкан. 13-кылымдан белгилүү. 1941–1945-жана 1951–1954-жылдарда геологиялык изилдөө, чалгындоо иштери жүргүзүлгөн. Кен аймагын карбон мезгилинде пайда болгон акиташ тектери түзөт. Тоо тек катмарлары бүктөлүүгө дуушарланып, тектоникалык жаракалар менен тилмеленген. Сымап кен ташы ошол жаракалар менен байланышкан жана ал негизинен антиклиналдуу түзүлүштөрдүн чегиндеги брекчия зоналарында топтолгон. Кен шток түрүндөгү майда кен таш түйүндөрүн түзөт. Жалпы узундугу 25 ''км'', туурасы 0,5–3,5 ''км'' келген аймакта кен таштын саны 29га жетет. Сымап алынуучу минерал – киноварь. Андан башка кальцит, пирит, халькопирит, куприт, азурит, кээде кварц жана флюорит кездешет. Алар бардык жерде бирдей таралган эмес. Кен таш герцин металлогениялык доорунун аягында гидротермден пайда болгон. Кен аймагында 320дан ашык байыркы казынды бар. Кен 1946–1950-жылдары казылып, киреше бербеген соӊ убактылуу токтотулган. Сымаптын орточо өлчөмү 0,37%. Кен таштын С<sub>1</sub>+С<sub>2</sub> категориялары боюнча запасы 45 миӊ т, сымаптыкы – 167 т.
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

08:52, 12 Май (Бугу) 2026 -га соңку нускасы

БИРК-СУУ СЫМАП КЕНИ Баткен облусунун Лейлек районунда. Түркстан кырка тоосунун түндүк этегиндеги Андыген тоосунда, Лейлек суусунун оӊ куймасы – Бирк-Суунун өрөөнүндө, деӊиз деӊгээлинен 2300–3000 м бийиктикте жайгашкан. 13-кылымдан белгилүү. 1941–1945-жана 1951–1954-жылдарда геологиялык изилдөө, чалгындоо иштери жүргүзүлгөн. Кен аймагын карбон мезгилинде пайда болгон акиташ тектери түзөт. Тоо тек катмарлары бүктөлүүгө дуушарланып, тектоникалык жаракалар менен тилмеленген. Сымап кен ташы ошол жаракалар менен байланышкан жана ал негизинен антиклиналдуу түзүлүштөрдүн чегиндеги брекчия зоналарында топтолгон. Кен шток түрүндөгү майда кен таш түйүндөрүн түзөт. Жалпы узундугу 25 км, туурасы 0,5–3,5 км келген аймакта кен таштын саны 29га жетет. Сымап алынуучу минерал – киноварь. Андан башка кальцит, пирит, халькопирит, куприт, азурит, кээде кварц жана флюорит кездешет. Алар бардык жерде бирдей таралган эмес. Кен таш герцин металлогениялык доорунун аягында гидротермден пайда болгон. Кен аймагында 320дан ашык байыркы казынды бар. Кен 1946–1950-жылдары казылып, киреше бербеген соӊ убактылуу токтотулган. Сымаптын орточо өлчөмү 0,37%. Кен таштын С12 категориялары боюнча запасы 45 миӊ т, сымаптыкы – 167 т.