БРАНДТ: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| (One intermediate revision by one other user not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
'''БРАНДТ ''' Вилли [өз аты жөнү Герберт Эрнст Карл Фрам (18. 12. 1913, Любек – | '''БРАНДТ ''' Вилли [өз аты жөнү Герберт Эрнст Карл Фрам (18. 12. 1913, Любек – 08. 10. 1992, Рейнланд-Гиральц жери, Ункель)] – германиялык мамлекеттик ишмер; ГФРдин федералдык канцлери (1969–1974). Жаш чагынан эле жаштардын социал-демократиялык кыймылына активдүү катышып, Германиянын социал-демократиялык партиясына мүчө болгон. 1932-жылы ал гестаподон Вилли Брандт деген ат менен жашырынып Норвегияга, 1933-жылы Германия Норвегияны басып алгандан кийин Швецияга кеткен. 1945-жылы Германияга кайтып келет. 1949-жылдан ГФР бундестагынын депутаты. 1957–1966-жылдары Батыш Берлиндин бургомистри, 1964–1987-жылдары Германиянын социал-демократиялык партиясынын төрагасы, 1987-жылдан ардактуу төрагасы. 1966–1969-жылдары түзүлгөн христиан демократтардын жана социал-демократтардын коалициялык өкмөтүнүн вице-канцлери, тышкы иштер министри, 1969–1974-жылдары ГФРдин федералдык канцлери болгон. Брандттын өкмөтү тышкы саясатта СССР ж. б. социалисттик өлкөлөр менен мамилелерди жакшыртууга шарт түзгөн (Брандттын «жаӊы чыгыш саясаты»), ГФР БУУга мүчө болуп кирген. 1976-жылдан БУУнун дүйнөлүк экономиканын маселелери боюнча комиссиясынын төрагасы болгон. Европада оор саясий абалды жеӊилдетүүгө салым кошкондугу үчүн Брандт Нобель сыйлыгын алган (1971). 1974-жылы апрелде отставкага чыккан.<br/> | ||
<br/> | |||
[[File:БРАНДТ58.png | thumb | none]] | [[File:БРАНДТ58.png | thumb | none]] | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
09:21, 9 Июнь (Кулжа) 2026 -га соңку нускасы
БРАНДТ Вилли [өз аты жөнү Герберт Эрнст Карл Фрам (18. 12. 1913, Любек – 08. 10. 1992, Рейнланд-Гиральц жери, Ункель)] – германиялык мамлекеттик ишмер; ГФРдин федералдык канцлери (1969–1974). Жаш чагынан эле жаштардын социал-демократиялык кыймылына активдүү катышып, Германиянын социал-демократиялык партиясына мүчө болгон. 1932-жылы ал гестаподон Вилли Брандт деген ат менен жашырынып Норвегияга, 1933-жылы Германия Норвегияны басып алгандан кийин Швецияга кеткен. 1945-жылы Германияга кайтып келет. 1949-жылдан ГФР бундестагынын депутаты. 1957–1966-жылдары Батыш Берлиндин бургомистри, 1964–1987-жылдары Германиянын социал-демократиялык партиясынын төрагасы, 1987-жылдан ардактуу төрагасы. 1966–1969-жылдары түзүлгөн христиан демократтардын жана социал-демократтардын коалициялык өкмөтүнүн вице-канцлери, тышкы иштер министри, 1969–1974-жылдары ГФРдин федералдык канцлери болгон. Брандттын өкмөтү тышкы саясатта СССР ж. б. социалисттик өлкөлөр менен мамилелерди жакшыртууга шарт түзгөн (Брандттын «жаӊы чыгыш саясаты»), ГФР БУУга мүчө болуп кирген. 1976-жылдан БУУнун дүйнөлүк экономиканын маселелери боюнча комиссиясынын төрагасы болгон. Европада оор саясий абалды жеӊилдетүүгө салым кошкондугу үчүн Брандт Нобель сыйлыгын алган (1971). 1974-жылы апрелде отставкага чыккан.
