БЫШЫКТЫК: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| (One intermediate revision by one other user not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
'''БЫШЫКТЫК''' , б е к е м д и к – материалдын белгилүү шартта | '''БЫШЫКТЫК''', б е к е м д и к – материалдын белгилүү шартта жана чекте тигил же бул аракетти (күч келүүнү, ар кандай температураны, магнит, электр жана башка талаалардын аракеттерин, нерсенин ар кайсы бөлүктөрүнүн түрдүү көбүүсү жана кургоосу, физика-химиялык процесстердин ар кандай өтүшү ж. б.) талкаланбай жана бөлүнбөй кабыл алуу касиети. Ар кандай учурларда бышыктыктын пропорциялаштык (түз катыш) чеги, агуучулук чеги, майышуучулук чеги, жайылуучулук чеги жана башка критерийлери бар. Бышыктык теориялык, техникалык, конструкциялык, динамикалык, узак мөөнөттүк болуп бөлүнөт. Теориялык багыт атомдордун өз ара байланышуу күчү аркылуу эсептелет. Бул багыттагы маалыматтар көп учурда реалдуу практикалык жыйынтыктарга туура келбейт. Анын себеби теориялык эсептөөнүн даражасы али жетишерлик деӊгээлде эмес. | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
09:16, 15 Июнь (Кулжа) 2026 -га соңку нускасы
БЫШЫКТЫК, б е к е м д и к – материалдын белгилүү шартта жана чекте тигил же бул аракетти (күч келүүнү, ар кандай температураны, магнит, электр жана башка талаалардын аракеттерин, нерсенин ар кайсы бөлүктөрүнүн түрдүү көбүүсү жана кургоосу, физика-химиялык процесстердин ар кандай өтүшү ж. б.) талкаланбай жана бөлүнбөй кабыл алуу касиети. Ар кандай учурларда бышыктыктын пропорциялаштык (түз катыш) чеги, агуучулук чеги, майышуучулук чеги, жайылуучулук чеги жана башка критерийлери бар. Бышыктык теориялык, техникалык, конструкциялык, динамикалык, узак мөөнөттүк болуп бөлүнөт. Теориялык багыт атомдордун өз ара байланышуу күчү аркылуу эсептелет. Бул багыттагы маалыматтар көп учурда реалдуу практикалык жыйынтыктарга туура келбейт. Анын себеби теориялык эсептөөнүн даражасы али жетишерлик деӊгээлде эмес.