БЫШЫКТЫК: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
 
No edit summary
 
(2 intermediate revisions by 2 users not shown)
1 сап: 1 сап:
'''БЫШЫКТЫК''' , б е к е м д и к – материалдын белгилүү шартта ж-а чекте тигил же бул аракетти (күч келүүнү, ар кандай темп-раны, магнит, электр ж. б. талаалардын аракеттерин, нерсенин ар кайсы бөлүктөрүнүн түрдүү көбүүсү ж-а кургоосу, физика-хим. процесстердин ар кандай өтүшү ж. б.) талкаланбай ж-а бөлүнбөй кабыл алуу касиети. Ар кандай учурларда Б-тын пропорциялаштык (түз катыш) чеги, агуучулук чеги, майышуучулук чеги, жайылуучулук чеги ж. б. критерийлери бар. Б. теор., тех., констр-лык, динамикалык, узак мөөнөттүк болуп бөлүнөт. Теор. багыт атомдордун өз ара байланышуу күчү аркылуу эсептелет. Бул багыттагы маалыматтар көп учурда реалдуу практикалык жыйынтыктарга туура келбейт. Анын себеби теор. эсептөөнүн даражасы али жетишерлик деӊгээлде эмес.
'''БЫШЫКТЫК''', б е к е м д и к – материалдын белгилүү шартта жана чекте тигил же бул аракетти (күч келүүнү, ар кандай температураны, магнит, электр жана башка талаалардын аракеттерин, нерсенин ар кайсы бөлүктөрүнүн түрдүү көбүүсү жана кургоосу, физика-химиялык процесстердин ар кандай өтүшү ж. б.) талкаланбай жана бөлүнбөй кабыл алуу касиети. Ар кандай учурларда бышыктыктын пропорциялаштык (түз катыш) чеги, агуучулук чеги, майышуучулук чеги, жайылуучулук чеги жана башка критерийлери бар. Бышыктык теориялык, техникалык, конструкциялык, динамикалык, узак мөөнөттүк болуп бөлүнөт. Теориялык багыт атомдордун өз ара байланышуу күчү аркылуу эсептелет. Бул багыттагы маалыматтар көп учурда реалдуу практикалык жыйынтыктарга туура келбейт. Анын себеби теориялык эсептөөнүн даражасы али жетишерлик деӊгээлде эмес.
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

09:16, 15 Июнь (Кулжа) 2026 -га соңку нускасы

БЫШЫКТЫК, б е к е м д и к – материалдын белгилүү шартта жана чекте тигил же бул аракетти (күч келүүнү, ар кандай температураны, магнит, электр жана башка талаалардын аракеттерин, нерсенин ар кайсы бөлүктөрүнүн түрдүү көбүүсү жана кургоосу, физика-химиялык процесстердин ар кандай өтүшү ж. б.) талкаланбай жана бөлүнбөй кабыл алуу касиети. Ар кандай учурларда бышыктыктын пропорциялаштык (түз катыш) чеги, агуучулук чеги, майышуучулук чеги, жайылуучулук чеги жана башка критерийлери бар. Бышыктык теориялык, техникалык, конструкциялык, динамикалык, узак мөөнөттүк болуп бөлүнөт. Теориялык багыт атомдордун өз ара байланышуу күчү аркылуу эсептелет. Бул багыттагы маалыматтар көп учурда реалдуу практикалык жыйынтыктарга туура келбейт. Анын себеби теориялык эсептөөнүн даражасы али жетишерлик деӊгээлде эмес.