БУХГОЛЬЦ ЭКСПЕДИЦИЯСЫ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
 
No edit summary
 
(2 intermediate revisions by 2 users not shown)
1 сап: 1 сап:
'''БУХГО́ЛЬЦ ЭКСПЕДИЦИЯСЫ ''' 1714–20-ж. Казакстандын Иртыш боюна орус аскерлерине чеп куруу үчүн уюштурулган. 1714-ж. Пётр I лейбгвардия подполковниги И. Д. Бухгольц башында турган аскердик экспедицияны Чыгышка жиберүү тууралуу Указга кол койгон. 70тей замбирек м-н куралданган 3 миӊге жакын аскерлер Тобольск ш-нан чыгып, 1716-ж. Иртыштын жээгинде Омск, Ямышев, 1717-ж. Железинск, 1718-ж. Семипалатинск, 1720-ж. Коряков (Павлодар), Усть-Каменогорскиде аскердик-инж. курулуштарды, кийин Верблюжский, Черноморский, Осморожский, Семиярский ж. б. согуштук коргонуу жайларын салышкан. Ал мезгилде жуӊгарлар м-н кармашып жаткан казактар Россиянын бул баскынчылык аракеттерине каршылык көрсөтө алышкан эмес. Бул чептер кийин Россияга Сары-Арканы, Иртыш бою м-н Алтайды толугу м-н басып алууга ыӊгайлуу жагдай түзгөн Кузнецк, Сибирь ж. б. аскер чептерин курууга мүмкүнчүлүк берген.
'''БУХГО́ЛЬЦ ЭКСПЕДИЦИЯСЫ ''' – 1714–1720-жылдарда Казакстандын Иртыш боюна орус аскерлерине чеп куруу үчүн уюштурулган жүрүш. 1714-жылы [[ИМПЕРАТОР|император]] [[Пётр I]] лейбгвардия подполковниги И. Д. Бухгольц башында турган аскердик экспедицияны Чыгышка жиберүү тууралуу Указга кол койгон. 70тей замбирек менен куралданган 3 миӊге жакын аскерлер Тобольск шаарынан чыгып, 1716-жылы Иртыштын жээгинде Омск, Ямышев, 1717-жылы Железинск, 1718-жылы Семипалатинск, 1720-жылы Коряков (Павлодар), Усть-Каменогорскиде аскердик-инженердик курулуштарды, кийин Верблюжский, Черноморский, Осморожский, Семиярский ж. б. согуштук коргонуу жайларын салышкан. Ал мезгилде [[КАЛМАКТАР|жуӊгарлар]] менен кармашып жаткан [[КАЗАКТАР (улут)|казактар]] Россиянын бул баскынчылык аракеттерине каршылык көрсөтө алышкан эмес. Бул чептер кийин Россияга Сары-Арканы, [[ИРТЫШ|Иртыш]] бою менен [[АЛТАЙ КРАЙЫ|Алтай]]ды толугу менен басып алууга ыӊгайлуу жагдай түзгөн Кузнецк, Сибирь ж. б. аскер чептерин курууга мүмкүнчүлүк берген.
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

08:00, 8 Июнь (Кулжа) 2026 -га соңку нускасы

БУХГО́ЛЬЦ ЭКСПЕДИЦИЯСЫ – 1714–1720-жылдарда Казакстандын Иртыш боюна орус аскерлерине чеп куруу үчүн уюштурулган жүрүш. 1714-жылы император Пётр I лейбгвардия подполковниги И. Д. Бухгольц башында турган аскердик экспедицияны Чыгышка жиберүү тууралуу Указга кол койгон. 70тей замбирек менен куралданган 3 миӊге жакын аскерлер Тобольск шаарынан чыгып, 1716-жылы Иртыштын жээгинде Омск, Ямышев, 1717-жылы Железинск, 1718-жылы Семипалатинск, 1720-жылы Коряков (Павлодар), Усть-Каменогорскиде аскердик-инженердик курулуштарды, кийин Верблюжский, Черноморский, Осморожский, Семиярский ж. б. согуштук коргонуу жайларын салышкан. Ал мезгилде жуӊгарлар менен кармашып жаткан казактар Россиянын бул баскынчылык аракеттерине каршылык көрсөтө алышкан эмес. Бул чептер кийин Россияга Сары-Арканы, Иртыш бою менен Алтайды толугу менен басып алууга ыӊгайлуу жагдай түзгөн Кузнецк, Сибирь ж. б. аскер чептерин курууга мүмкүнчүлүк берген.