БУХАРА ХАНДЫГЫ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
 
No edit summary
 
(2 intermediate revisions by 2 users not shown)
1 сап: 1 сап:
'''БУХАРА́ ХАНДЫГЫ ''' – О. Азиядагы 16–18-кда өкүм сүргөн феод. мамлекет. Тимуриддер мамлекети ыдырап кеткен мезгилде Шейбани хан тарабынан негизделген. Хандыктын борбору 16-к-дын аягында Самарканддан Бухара ш-на көчүрүлүп, мамлекет Б. х. деп атала баштаган. Абдулла хан IIнин тушунда (1557–98) өлкө күч алып, аймагы кеӊейген. 1573-ж. Балх ж-а Фергана, 1576-ж. Ташкентти, 1582–83-ж. Хорасанды, 1593–94-ж. Хорезмди басып алган. Россия м-н соода ж-а дипл. мамилелерди түзгөн. Абдулла хандын өлүмү, андан кийин анын уулунун өлтүрүлүшү м-н Шейбаниддер династиясынын бийлиги бүтүп, Аштарханиддердин доору башталган. Бул мезгилде Б. х-нда ич ара согуштар, Иран, Хива хандыгы, о. эле казактар м-н кагылышуулар болуп турган. 1740-ж. Ирандын башкаруучусу Надир шахтын аскерлери тарабынан басылып алынган. Надир шах өлгөн соӊ, хандыктагы ич ара чыр-чатактардын натыйжасында, бийликке маӊгыт уруусунан чыккан Мухаммед Рахим келген ж-а ал өзүн эмир деп жарыялап, 1747-жылдан Бухара эмирлиги деп атала баштаган. Маӊгыттардын доорунда ич ара чыр-чатактар күчөп, Хива, Кокон хандыктары м-н согуштар, элдик көтөрүлүштөр (1821–25-ж. кытай-кыпчак көтөрүлүшү) Б. х-н алсыраткан. 1868-ж. эмир аскерлери орус армиясынан жеӊилүүгө дуушар болуп, Б. х. Россия империясына вассал мамлекет катары кошулган. 1920-ж. 2-сентябрда Бухарада элдик көтөрүлүш чыгып, Кызыл Армиянын колдоосу м-н эмирдин бийлиги кулатылган ж-а 8-сентябрда Бухара Советтик Эл Респ. жарыяланган.
'''БУХАРА́ ХАНДЫГЫ ''' – 16–18-кылымдарда өкүм сүргөн [[Орто Азия]]дагы феодалдык мамлекеттин аталышы. [[Тимуриддер]] мамлекети ыдырап кеткен мезгилде [[Шейбани хан]] тарабынан негизделген. Хандыктын борбору 16-кылымдын аягында [[Самарканд]]дан [[БУХАРА|Бухара шаары]]на көчүрүлгөндөн кийин мамлекет «Бухара хандыгы» деп атала баштаган. Абдулла хан IIнин тушунда (1557–1598) өлкө күч алып, аймагы кеӊейген. 1573-жылы Балх жана [[Фергана]], 1576-жылы [[Ташкент]], 1582–1883-жылы Хорасан, 1593–1894-жылдары Хорезм каратылган. Россия империясы менен соода жана дипломатиялык мамилелерди түзгөн. Абдулла хандын өлүмү, андан кийин анын уулунун өлтүрүлүшү менен Шейбаниддер династиясынын бийлиги бүтүп, [[АШТАРХАНИДДЕР|Аштарханиддер]]дин доору башталган. Бул мезгилде Бухара хандыгында ич ара согуштар, перстер (азыркы [[ИРАН|Иран]]), [[Хива]] хандыгы, ошондой эле казактар менен кагылышуулар болуп турган. 1740-жылы Ирандын башкаруучусу Надир шахтын аскерлери тарабынан басылып алынган. Надир шах өлгөн соӊ, хандыктагы ич ара чыр-чатактардын натыйжасында, бийликке маӊгыт уруусунан чыккан Мухаммед Рахим келген жана ал өзүн эмир деп жарыялап, 1747-жылдан Бухара эмирлиги деп атала баштаган. Маӊгыттардын доорунда ич ара чыр-чатактар күчөп, Хива, Кокон хандыктары менен согуштар, элдик көтөрүлүштөр (1821–1825-жылы кытай-кыпчак көтөрүлүшү) Бухара хандыгын алсыраткан. 1868-жылы эмир аскерлери орус армиясынан жеӊилүүгө дуушар болуп, Бухара хандыгы Россия империясына вассал мамлекет катары кошулган. 1920-жылы 2-сентябрда Бухарада элдик көтөрүлүш чыгып, Кызыл Армиянын колдоосу менен эмирдин бийлиги кулатылган жана 8-сентябрда [[БУХАРА СОВЕТТИК ЭЛ РЕСПУБЛИКАСЫ (БСЭР)|Бухара Советтик Эл Республикасы]] жарыяланган.
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

07:55, 8 Июнь (Кулжа) 2026 -га соңку нускасы

БУХАРА́ ХАНДЫГЫ – 16–18-кылымдарда өкүм сүргөн Орто Азиядагы феодалдык мамлекеттин аталышы. Тимуриддер мамлекети ыдырап кеткен мезгилде Шейбани хан тарабынан негизделген. Хандыктын борбору 16-кылымдын аягында Самарканддан Бухара шаарына көчүрүлгөндөн кийин мамлекет «Бухара хандыгы» деп атала баштаган. Абдулла хан IIнин тушунда (1557–1598) өлкө күч алып, аймагы кеӊейген. 1573-жылы Балх жана Фергана, 1576-жылы Ташкент, 1582–1883-жылы Хорасан, 1593–1894-жылдары Хорезм каратылган. Россия империясы менен соода жана дипломатиялык мамилелерди түзгөн. Абдулла хандын өлүмү, андан кийин анын уулунун өлтүрүлүшү менен Шейбаниддер династиясынын бийлиги бүтүп, Аштарханиддердин доору башталган. Бул мезгилде Бухара хандыгында ич ара согуштар, перстер (азыркы Иран), Хива хандыгы, ошондой эле казактар менен кагылышуулар болуп турган. 1740-жылы Ирандын башкаруучусу Надир шахтын аскерлери тарабынан басылып алынган. Надир шах өлгөн соӊ, хандыктагы ич ара чыр-чатактардын натыйжасында, бийликке маӊгыт уруусунан чыккан Мухаммед Рахим келген жана ал өзүн эмир деп жарыялап, 1747-жылдан Бухара эмирлиги деп атала баштаган. Маӊгыттардын доорунда ич ара чыр-чатактар күчөп, Хива, Кокон хандыктары менен согуштар, элдик көтөрүлүштөр (1821–1825-жылы кытай-кыпчак көтөрүлүшү) Бухара хандыгын алсыраткан. 1868-жылы эмир аскерлери орус армиясынан жеӊилүүгө дуушар болуп, Бухара хандыгы Россия империясына вассал мамлекет катары кошулган. 1920-жылы 2-сентябрда Бухарада элдик көтөрүлүш чыгып, Кызыл Армиянын колдоосу менен эмирдин бийлиги кулатылган жана 8-сентябрда Бухара Советтик Эл Республикасы жарыяланган.