БУДДА: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| (2 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
'''БУ́ДДА ''' (санскр. «күнөөдөн арылган, көзү ачык» деген мааниде) – буддизм дининде олуялыкка жеткен «касиеттүү» адам. Буддалык диний китептерде миӊден ашык | '''БУ́ДДА ''' (санскр. «күнөөдөн арылган, көзү ачык» деген мааниде) – буддизм дининде олуялыкка жеткен «касиеттүү» адам. Буддалык диний китептерде миӊден ашык Будда бар. Тар мааниде Будда деп буддизмди негиздөөчү катары эсептелген Сиддхартха Гаутаманы айтат, ал биздин заманга чейин 623–544-жылдарда жашаган. 29 жашында атасынын хан сарайынан, үй-бүлөсүнөн безип, жер кезип кетет да, ар кандай кырсыктардын себебин ачып, алардан адамдарды «куткаруунун» жолун тапмакчы болуп, диний китептерди окуп, брахманизмден баш тартат да, жаӊы динди жаратууга аракет кылат. Акырында ал «чыныгы динди» тапкандыгын жарыялап, Будда деген наам алат. Ал өмүрүнүн акырына чейин башка шаарлар менен кыштактарда өз динин үгүттөгөн имиш. Бул адамдын тарыхта болгондугу жөнүндө анык маалымат жок. Буддизм таралган Азиянын көп мамлекеттеринде Будда жөнүндө ар түрдүү легендалар пайда болгон. Будданын образы, ага коюлган эстеликтер буддизмде «касиеттүү» деп эсептелинет. | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
04:47, 11 Июнь (Кулжа) 2026 -га соңку нускасы
БУ́ДДА (санскр. «күнөөдөн арылган, көзү ачык» деген мааниде) – буддизм дининде олуялыкка жеткен «касиеттүү» адам. Буддалык диний китептерде миӊден ашык Будда бар. Тар мааниде Будда деп буддизмди негиздөөчү катары эсептелген Сиддхартха Гаутаманы айтат, ал биздин заманга чейин 623–544-жылдарда жашаган. 29 жашында атасынын хан сарайынан, үй-бүлөсүнөн безип, жер кезип кетет да, ар кандай кырсыктардын себебин ачып, алардан адамдарды «куткаруунун» жолун тапмакчы болуп, диний китептерди окуп, брахманизмден баш тартат да, жаӊы динди жаратууга аракет кылат. Акырында ал «чыныгы динди» тапкандыгын жарыялап, Будда деген наам алат. Ал өмүрүнүн акырына чейин башка шаарлар менен кыштактарда өз динин үгүттөгөн имиш. Бул адамдын тарыхта болгондугу жөнүндө анык маалымат жок. Буддизм таралган Азиянын көп мамлекеттеринде Будда жөнүндө ар түрдүү легендалар пайда болгон. Будданын образы, ага коюлган эстеликтер буддизмде «касиеттүү» деп эсептелинет.