АКРОМЕГАЛИЯ: нускалардын айырмасы
imported>Dilde м (Dilde moved page АКРОМЕГ АЛИЯ to АКРОМЕГАЛИЯ) |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
'''АКРОМЕГАЛИЯ''' ( | '''АКРОМЕГАЛИЯ''' (грекче akron ‒ кол, бут <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> megas ‒ чоӊ) ‒ гипофиз безинин өстүрүү гормону көп бөлүнгөндө пайда болгон эндокрин оорусу. Акромегалия көбүнчө дененин өсүшү токтогондон кийин пайда болот. Адамдын баш сөөгү, кол-буту, ички мүчөлөрүнүн көлөмү чоӊоёт, зат алмашуу бузулат. Анын себептери белгисиз. Көбүнчө гипофиз безинин шишиги <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> кээде өстүрүү гормонунун көп бөлүнүп чыгышы, мээнин чайкалышы, психикалык травма (күйүт), инфекцияга да байланыштуу болушу мүмкүн. Оору жай өөрчүп, адегенде оорулуунун алы кетет, буту, колу ооруп, сезгичтиги бузулат, алдыӊкы жаак, мурун чоӊоюп, кебетеси өзгөрүлөт. Эриндер калыӊдап, калбыйып, тил чоӊоюп оозго батпагансыйт; кол чеӊгели <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> бут кетмени жооноёт. Бат чарчайт, башы ооруйт, көзү начар көрүп, жыныс бездеринин функциясы бузулат. Мындай оорулуулар такай дарыгердин көзөмөлүндө болууга тийиш. <br> | ||
[[Категория:1-Том]] | [[Категория:1-Том]] | ||
07:23, 6 Апрель (Чын куран) 2026 -га соңку нускасы
АКРОМЕГАЛИЯ (грекче akron ‒ кол, бут жана megas ‒ чоӊ) ‒ гипофиз безинин өстүрүү гормону көп бөлүнгөндө пайда болгон эндокрин оорусу. Акромегалия көбүнчө дененин өсүшү токтогондон кийин пайда болот. Адамдын баш сөөгү, кол-буту, ички мүчөлөрүнүн көлөмү чоӊоёт, зат алмашуу бузулат. Анын себептери белгисиз. Көбүнчө гипофиз безинин шишиги менен кээде өстүрүү гормонунун көп бөлүнүп чыгышы, мээнин чайкалышы, психикалык травма (күйүт), инфекцияга да байланыштуу болушу мүмкүн. Оору жай өөрчүп, адегенде оорулуунун алы кетет, буту, колу ооруп, сезгичтиги бузулат, алдыӊкы жаак, мурун чоӊоюп, кебетеси өзгөрүлөт. Эриндер калыӊдап, калбыйып, тил чоӊоюп оозго батпагансыйт; кол чеӊгели менен бут кетмени жооноёт. Бат чарчайт, башы ооруйт, көзү начар көрүп, жыныс бездеринин функциясы бузулат. Мындай оорулуулар такай дарыгердин көзөмөлүндө болууга тийиш.