АК-КЫЯ КӨРҮСТӨНҮ: нускалардын айырмасы
imported>Temirkan No edit summary |
No edit summary |
||
| (One intermediate revision by one other user not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
'''АК-КЫЯ КӨРҮСТӨНҮ''' – | '''АК-КЫЯ КӨРҮСТӨНҮ''' – 1–5‑кылымдарга таандык байыркы көрүстөндөр тобу. Нарын облусунун Ак-Талаа районунан табылган. 1‑көрүстөн Ак‑Кыя <span cat='ж.кыск' oldv='ж‑а'>жана</span> Көк‑Жар айылдарынын ортосунда; 4 дөбө-мүрзөдөн турат. Бийиктиги 0,3‑0,6 ''м,'' диаметри 6–8 ''м.'' Үстү томпок сымал. 2‑көрүстөн Ак‑Кыя айылынан чыга бериште жайгашкан; 4 таш дөбө-мүрзөдөн турат. Бийиктиги 0,1–0,5 ''м,'' диаметри 6–12 ''м.'' 3‑көрүстөн Ак‑Сай айылынан 500 ''м'' чыгышта, 16 таш дөбө‑мүрзөдөн турат. Бийиктиги 0,1–1 ''м,'' диаметри 7‑13 ''м.'' 4‑көрүстөн үчүнчү көрүстөндүн 400 ''м'' түндүк жагында; 12 мүрзөдөн турат. Бийиктиги 0,3–0,9 ''м,'' диаметри 7–10 ''м.'' 5‑көрүстөн Ак‑Кыя айылынан 3–4 ''км'' чыгышта, Нарын дарыясынын оң өйүзүндө; 10 таш дөбө‑мүрзөдөн турат. Айыл чарба иштеринин натыйжасында көбү түзөлүп калган. Көрүстөндөрдү 1983‑жылы М. И. Москалёв тапкан. Археологиялык казуу иштери жүргүзүлгөн эмес.<br> | ||
''М.И.Москалёв.''<br> | |||
[[Категория:1-Том]] | |||
09:45, 3 Апрель (Чын куран) 2026 -га соңку нускасы
АК-КЫЯ КӨРҮСТӨНҮ – 1–5‑кылымдарга таандык байыркы көрүстөндөр тобу. Нарын облусунун Ак-Талаа районунан табылган. 1‑көрүстөн Ак‑Кыя жана Көк‑Жар айылдарынын ортосунда; 4 дөбө-мүрзөдөн турат. Бийиктиги 0,3‑0,6 м, диаметри 6–8 м. Үстү томпок сымал. 2‑көрүстөн Ак‑Кыя айылынан чыга бериште жайгашкан; 4 таш дөбө-мүрзөдөн турат. Бийиктиги 0,1–0,5 м, диаметри 6–12 м. 3‑көрүстөн Ак‑Сай айылынан 500 м чыгышта, 16 таш дөбө‑мүрзөдөн турат. Бийиктиги 0,1–1 м, диаметри 7‑13 м. 4‑көрүстөн үчүнчү көрүстөндүн 400 м түндүк жагында; 12 мүрзөдөн турат. Бийиктиги 0,3–0,9 м, диаметри 7–10 м. 5‑көрүстөн Ак‑Кыя айылынан 3–4 км чыгышта, Нарын дарыясынын оң өйүзүндө; 10 таш дөбө‑мүрзөдөн турат. Айыл чарба иштеринин натыйжасында көбү түзөлүп калган. Көрүстөндөрдү 1983‑жылы М. И. Москалёв тапкан. Археологиялык казуу иштери жүргүзүлгөн эмес.
М.И.Москалёв.