АК-БЕШИМ шаар калдыгы: нускалардын айырмасы
imported>Kadyrm м (→top: clean up, replaced: м‑н → менен (6), ж‑а → жана) |
No edit summary |

| (7 intermediate revisions by 5 users not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
'''АК-БЕШИМ''' | '''АК-БЕШИМ''' '''ШААР КАЛДЫГЫ''' – 6–12‑кылымдарга таандык, [[Токмок шаары]]нан 6 ''км'' түштүк-батыш тараптан орун алган ири шаар калдыгы. Шаардын борбордук бөлүгү сепил менен шахристандан турган, алардын дубалдары калың келип, [[мунара]]лар менен чыңдалган. Шаардын борбору туташ жайгашкан аймакта кол өнөрчүлүк, соода, дыйканчылык менен кесиптенген шаардыктардын үйлөрү болгон. Бул аймак жалпы узундугу 16 ''км'' келген дубал менен курчалган. Негизинен турак жай имараттарынын калдыктары, тиричилик шаймандары, тыйындар, [[искусство]] жасалгалары (айкел, [[алтын]] жалатылып көркөмдөлгөн буюмдар), ошондой эле [[шахристан]]дын түштүк тарабында жайгашкан 6–8‑кылымдарга таандык эки [[будда]] [[храм]]ынан (8‑кылымдын акырына чейин [[Буддизм]] өкүм сүргөн) [[архитектура]], [[скульптура]], [[сүрөт]], курулуш техникасына тиешелүү бай материалдар табылган. Табылгаларда [[Орто Азия]] менен [[Чыгыш Түркста]]ндын [[маданият]]ына таандык окшоштуктар болуп, бул [[Улуу Жибек жолу]]нун ролун айкындайт.

[[File:АК-БЕШИМ 134.png | thumb|1. Ак-Бешимдин сырткы көрүнүшү (реконструкция) 6-8-к.;.]] | [[File:АК-БЕШИМ 134.png | thumb|1. Ак-Бешимдин сырткы көрүнүшү (реконструкция) 6-8-к.;.]] | ||
[[File:АК-БЕШИМ 135.png | thumb|2. Планы]] | [[File:АК-БЕШИМ 135.png | thumb|2. Планы]] | ||
Изилдөөчүлөрдүн көпчүлүгү | Изилдөөчүлөрдүн көпчүлүгү Ак-Бешимди 6–10‑кылымдарда [[Батыш Түрк]], [[Түргөш]] жана [[Карлук]] [[кагандык]]тарынын борбору болгон [[Суйаб]] шаарынын калдыгы деп эсептешет. Археологиялык казууларды А. Н. [[Бернштам]] (1938–1939), П. Н. [[Кожемяко]] (1953), Л. Р. Кызласов (1953–1955, 1958), 1996-1998‑жылдарда [[Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер академиясы]][[Санкт‑Петербург]] чыгыш таануучулары менен бирдикте казуу жүргүзүшкөн. Ак-Бешим мамлекеттик корукка алынган. | ||

Ад.: ''Бернштам А. Н.'' Түндүк Кыргызстандын археологиялык очерки. Ф., 1941; ''Кызласов Л. Р.'' Ак‑Бешимдин урандыларында 1953–1954‑жылдарда жүргүзүлгөн археологиялык чалгындоолор. Кыргызстандын археологиялык‑этнографиялык экспедициясынын эмгектери. II том. М., 1959; Кожемяко П. Н. Раннесредневековые города и поселения Чуйской долины. Ф., 1959.

[[Категория:1-Том]] | |||
04:05, 4 Март (Жалган куран) 2026 -га соңку нускасы
АК-БЕШИМ ШААР КАЛДЫГЫ – 6–12‑кылымдарга таандык, Токмок шаарынан 6 км түштүк-батыш тараптан орун алган ири шаар калдыгы. Шаардын борбордук бөлүгү сепил менен шахристандан турган, алардын дубалдары калың келип, мунаралар менен чыңдалган. Шаардын борбору туташ жайгашкан аймакта кол өнөрчүлүк, соода, дыйканчылык менен кесиптенген шаардыктардын үйлөрү болгон. Бул аймак жалпы узундугу 16 км келген дубал менен курчалган. Негизинен турак жай имараттарынын калдыктары, тиричилик шаймандары, тыйындар, искусство жасалгалары (айкел, алтын жалатылып көркөмдөлгөн буюмдар), ошондой эле шахристандын түштүк тарабында жайгашкан 6–8‑кылымдарга таандык эки будда храмынан (8‑кылымдын акырына чейин Буддизм өкүм сүргөн) архитектура, скульптура, сүрөт, курулуш техникасына тиешелүү бай материалдар табылган. Табылгаларда Орто Азия менен Чыгыш Түркстандын маданиятына таандык окшоштуктар болуп, бул Улуу Жибек жолунун ролун айкындайт.

Изилдөөчүлөрдүн көпчүлүгү Ак-Бешимди 6–10‑кылымдарда Батыш Түрк, Түргөш жана Карлук кагандыктарынын борбору болгон Суйаб шаарынын калдыгы деп эсептешет. Археологиялык казууларды А. Н. Бернштам (1938–1939), П. Н. Кожемяко (1953), Л. Р. Кызласов (1953–1955, 1958), 1996-1998‑жылдарда Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер академиясыСанкт‑Петербург чыгыш таануучулары менен бирдикте казуу жүргүзүшкөн. Ак-Бешим мамлекеттик корукка алынган.
Ад.: Бернштам А. Н. Түндүк Кыргызстандын археологиялык очерки. Ф., 1941; Кызласов Л. Р. Ак‑Бешимдин урандыларында 1953–1954‑жылдарда жүргүзүлгөн археологиялык чалгындоолор. Кыргызстандын археологиялык‑этнографиялык экспедициясынын эмгектери. II том. М., 1959; Кожемяко П. Н. Раннесредневековые города и поселения Чуйской долины. Ф., 1959.