АДАМ ЖАНА БИОСФЕРА ПРОГРАММАСЫ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
imported>Kadyrm м (→top: категория кошуу) |
No edit summary Белгилер: Manual revert Көрсөтмөлүү оңдоо |
| (One intermediate revision by one other user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
09:56, 25 Март (Жалган куран) 2026 -га соңку нускасы
АДАМ ЖАНА БИОСФЕРА ПРОГРАММАСЫ – табигый ресурстарды пайдаланууну жөнгө салуу проблемалары боюнча орчундуу изилдөөлөрдү координациялоочу мамлекеттик программа. 1970‑жылы ЮНЕСКОнун Генералдык конференциясынын 16‑сессиясында эл аралык биологиялык программанын уландысы катары кабыл алынган; 1984‑жылы программага 90 өлкө катышкан. Негизги милдети дүйнөнүн ар башка аймактарында адамдын биосферага тийгизген таасиринин жанa ал өзгөрүүлөрдүн көп түрлүү иш‑аракетинин (жерди иштетүү, инженердик-техникалык иштер, энергияны пайдалануу ж. б.) өзүнө тийгизген таасирин комплекстүү изилдөө болуп саналат. Программа ушул багыттагы 14 долбоорду камтыйт.