КУДАЛАШУУ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

29 январь 2026, саат 10:05 учурдагы соңку нуска

КУДАЛАШУУ – никелешүү алдында ата-эне­лердин нике тууралуу макулдашуусу, убадала­шуусу. К-нун төмөнкүдөй түрлөрү бар: бел куда, бешик куда, кайчы куда. К. демилгеси жигит­тин ата-энеси же алар жиберген жуучу кыздын ата-энесине же жакын тууган-туушкандарына баруудан башталган. К. учурунда кыздын же жигиттин эрки, каалоосу эсепке алынган эмес.