КОЧКОР ӨРӨӨНҮ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |

| 1 сап: | 1 сап: | ||
КОЧКОР ӨРӨӨНҮ Ички Теңир-Тоонун түн­дүгүндө. Түндүгүнөн Кыргыз Ала-Тоосу, баты­шынан Кызарт ж-а Жумгал тоолору, түштүгүнөн Карагатты, Баба-Ата, Үкөк тоолору, чыгышы­нан Кара-Коо тоосу м-н чектелет. | КОЧКОР ӨРӨӨНҮ Ички Теңир-Тоонун түн­дүгүндө. Түндүгүнөн Кыргыз Ала-Тоосу, баты­шынан Кызарт ж-а Жумгал тоолору, түштүгүнөн Карагатты, Баба-Ата, Үкөк тоолору, чыгышы­нан Кара-Коо тоосу м-н чектелет. Түндүк-чыгы­шында Орто-Токой суу сактагычы бар. Кочкор районунун аймагында. Өрөөндүн узундугу 80 км, туура­сы 20 кмче. Кеңдик боюнча жайгашып, трапеция формасында. Таманынын деңиз деңгээлинен бийиктиги 1800–2500 м. Рельефи морфологиялык өзгөчөлүгү боюнча аккумуляциялык түздүккө, өрөөн ичиндеги, тоо этегиндеги адырларга ж-а тоолорго бөлүнөт. Айланасындагы тоолор өрөөндөн салыштырма­луу 1500–2500 м бийикте жатат. Кочкор өрөөнү негизинен палеоген-неоген ж-а төртүнчүлүк мезгилдердин чөкмө тектеринен түзүлгөн. Палеозойдун чулу тоо тектери Ортоктун тоосунда ж-а өрөөнгө ки­рип турган тоолордун тармагында чыгып жа- | ||
1800–2500 м. Рельефи | |||
аккумуляциялык түздүккө, өрөөн ичиндеги, тоо этегиндеги адырларга ж-а тоолорго бөлүнөт. Айланасындагы тоолор өрөөндөн салыштырма­луу 1500–2500 м бийикте жатат. | |||
палеоген-неоген ж-а төртүнчүлүк мезгилдердин | |||
чөкмө тектеринен түзүлгөн. Палеозойдун чулу тоо тектери Ортоктун тоосунда ж-а өрөөнгө ки­рип турган тоолордун тармагында чыгып жа- | |||
[[File:КОЧКОР ӨРӨӨНҮ45.png | thumb | Өрөөнүндөгү эгин талаасы. Арткы планда Кургак-Үкөк тоосу.]] | [[File:КОЧКОР ӨРӨӨНҮ45.png | thumb | Өрөөнүндөгү эгин талаасы. Арткы планда Кургак-Үкөк тоосу.]] | ||
тат. Өрөөн – | тат. Өрөөн – тектоникалык түзүлүшү боюнча асимметрия­луу грабен-мегасинклиналь. Кен байлыктары­нан таш туз ж-а курулуш материалдары маа­нилүү. Климаты континенттик, кургакчыл, июл­дун орточо температурасы 16,3°С, январдыкы –10°С. Батыштан соккон «кызарт» шамалы жыл бою үстөмдүк кылат. Жылдык жаан-чачыны 200– 300 мм. Кочкор суусунун бою саздуу. Өрөөндүн таманы ачык күңүрт ж-а коңур, ал эми тоо кап­талдарында көбүнчө куба коңур топурактуу.
Өрөөндө шалбаалуу саздак (өлөң чөп, камыш, кыйгак), жарым чөл ж-а кургак талаа, тоолор­до талаа (кара кыяк, бетеге, тарак башы, шы­бак), субальп, альп доңуз сырттуу шалбаа (ай­гыр жыгар, сары байчечекей, шимүүр ж. б.) өсүмдүктөрү, суу бойлорунда чычырканак, тал өсөт. Чыгышы кургакчыл, жарым чөлдүү (Се­миз-Бел, Кара-Ой, Арсы ж. б.), борбордук бөлүгү кургак талаа ж-а саздуу түздүк, түндүгү жан­тайыңкы шиленди-түздүктүү кургак талаа (Ко­ңорчок, Кыргоо ж. б.), түштүк жагы адырлуу та­лаа (Туз, Айгыр-Жал, Ара-Көл), түштүк-батыш бөлүгү бетеге талаалуу өрөөн (Узун-Булак) ж-а түндүк-батышы тоо шалбаалуу-талаалуу өрөөн (Ийри-Суу). Орток м-н Кыргыз Ала-Тоонун ара­лыгында мореналуу Сарала-Саз-Акбез шалбаа­луу талаасы, өсүмдүктүү өтө жантайыңкы ши­ленди түздүк орун алган. Өрөөндүн таманы дый­канчылыкка, тоолуу бөлүгү жайыт, өзгөчө кыш­кы жайыт катары пайдаланылат. Табигый өзгө­чөлүгү мал чарбасын өнүктүрүүгө ыңгайлуу.
Өрөөндө Ак-Учук, Чолпон, Кең-Суу, Арсы, Кум- Дөбө, Шамшы, Кара-Саз, Теңдик ж. б. кыштактары ж-а райондун борбору – Кочкор кыштагы бар. Кочкор өрөөнү аркылуу Бишкек – Торугарт, Балыкчы – Миң­куш автомобиль жолдору өтөт. | ||
Батыштан соккон «кызарт» шамалы жыл бою | |||
үстөмдүк кылат. Жылдык жаан-чачыны 200– | |||
300 мм. Кочкор суусунун бою саздуу. Өрөөндүн таманы ачык күңүрт ж-а коңур, ал эми тоо кап­талдарында көбүнчө куба коңур топурактуу.

Өрөөндө шалбаалуу саздак (өлөң чөп, камыш, кыйгак), жарым чөл ж-а кургак талаа, тоолор­до талаа (кара кыяк, бетеге, тарак башы, шы­бак), субальп, альп доңуз сырттуу шалбаа (ай­гыр жыгар, сары байчечекей, шимүүр ж. б.) | |||
өсүмдүктөрү, суу бойлорунда чычырканак, тал | |||
өсөт. Чыгышы кургакчыл, жарым чөлдүү (Се­миз-Бел, Кара-Ой, Арсы ж. б.), | |||
Өрөөндө Ак-Учук, Чолпон, Кең-Суу, Арсы, Кум- Дөбө, Шамшы, Кара-Саз, Теңдик ж. б. | |||
ж-а райондун борбору – Кочкор | |||
аркылуу Бишкек – Торугарт, Балыкчы – Миң­куш автомобиль жолдору өтөт. | |||
| 24 сап: | 9 сап: | ||

Д. Шакирбеков, Т. Кулматов.

Д. Шакирбеков, Т. Кулматов.

[[Категория:4-том,_453-496_бб]] | [[Категория:4-том,_453-496_бб]] | ||
05:52, 10 Июнь (Кулжа) 2026 -га соңку нускасы
КОЧКОР ӨРӨӨНҮ Ички Теңир-Тоонун түндүгүндө. Түндүгүнөн Кыргыз Ала-Тоосу, батышынан Кызарт ж-а Жумгал тоолору, түштүгүнөн Карагатты, Баба-Ата, Үкөк тоолору, чыгышынан Кара-Коо тоосу м-н чектелет. Түндүк-чыгышында Орто-Токой суу сактагычы бар. Кочкор районунун аймагында. Өрөөндүн узундугу 80 км, туурасы 20 кмче. Кеңдик боюнча жайгашып, трапеция формасында. Таманынын деңиз деңгээлинен бийиктиги 1800–2500 м. Рельефи морфологиялык өзгөчөлүгү боюнча аккумуляциялык түздүккө, өрөөн ичиндеги, тоо этегиндеги адырларга ж-а тоолорго бөлүнөт. Айланасындагы тоолор өрөөндөн салыштырмалуу 1500–2500 м бийикте жатат. Кочкор өрөөнү негизинен палеоген-неоген ж-а төртүнчүлүк мезгилдердин чөкмө тектеринен түзүлгөн. Палеозойдун чулу тоо тектери Ортоктун тоосунда ж-а өрөөнгө кирип турган тоолордун тармагында чыгып жа-

тат. Өрөөн – тектоникалык түзүлүшү боюнча асимметриялуу грабен-мегасинклиналь. Кен байлыктарынан таш туз ж-а курулуш материалдары маанилүү. Климаты континенттик, кургакчыл, июлдун орточо температурасы 16,3°С, январдыкы –10°С. Батыштан соккон «кызарт» шамалы жыл бою үстөмдүк кылат. Жылдык жаан-чачыны 200– 300 мм. Кочкор суусунун бою саздуу. Өрөөндүн таманы ачык күңүрт ж-а коңур, ал эми тоо капталдарында көбүнчө куба коңур топурактуу.
Өрөөндө шалбаалуу саздак (өлөң чөп, камыш, кыйгак), жарым чөл ж-а кургак талаа, тоолордо талаа (кара кыяк, бетеге, тарак башы, шыбак), субальп, альп доңуз сырттуу шалбаа (айгыр жыгар, сары байчечекей, шимүүр ж. б.) өсүмдүктөрү, суу бойлорунда чычырканак, тал өсөт. Чыгышы кургакчыл, жарым чөлдүү (Семиз-Бел, Кара-Ой, Арсы ж. б.), борбордук бөлүгү кургак талаа ж-а саздуу түздүк, түндүгү жантайыңкы шиленди-түздүктүү кургак талаа (Коңорчок, Кыргоо ж. б.), түштүк жагы адырлуу талаа (Туз, Айгыр-Жал, Ара-Көл), түштүк-батыш бөлүгү бетеге талаалуу өрөөн (Узун-Булак) ж-а түндүк-батышы тоо шалбаалуу-талаалуу өрөөн (Ийри-Суу). Орток м-н Кыргыз Ала-Тоонун аралыгында мореналуу Сарала-Саз-Акбез шалбаалуу талаасы, өсүмдүктүү өтө жантайыңкы шиленди түздүк орун алган. Өрөөндүн таманы дыйканчылыкка, тоолуу бөлүгү жайыт, өзгөчө кышкы жайыт катары пайдаланылат. Табигый өзгөчөлүгү мал чарбасын өнүктүрүүгө ыңгайлуу.
Өрөөндө Ак-Учук, Чолпон, Кең-Суу, Арсы, Кум- Дөбө, Шамшы, Кара-Саз, Теңдик ж. б. кыштактары ж-а райондун борбору – Кочкор кыштагы бар. Кочкор өрөөнү аркылуу Бишкек – Торугарт, Балыкчы – Миңкуш автомобиль жолдору өтөт.
Ад.: Исаченко А. Г. Ландшафтоведение и физикогеографическое районирование. М., 1990; Кыргыз жергеси. Ф., 1990; Подрезов О. А. Горная метеорология и климатология. Б., 2000.
Д. Шакирбеков, Т. Кулматов.