КОТВИЧ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КО́ТВИЧ</b> Владислав Людвигович (20. 3. 1872, | <b type='title'>КО́ТВИЧ</b> '''Владислав Людвигович''' (20. 3. 1872, Вилен губерниясы, Оссово кыштагы – 3. 10. 1944, Вильжос) – тилчи, орус ж-а поляк чыгыш таа­нуучусу, СССР ИАнын корреспондент-мүчөсү (1923), Польша ИАнын анык мүчөсү (1925), Польша чыгыш таануучулар коомунун төрагасы. Санкт- Петербург университетинин Чыгыш тилдер факультетин бүтүр­гөн (1895). Ошол эле университетте моңгол, калмак ж-а манжур тилдери боюнча окутуучу, бир эле убакта Россия империясынын финансы министрлигин­де кызмат өтөгөн (1903-23). 1920-жылы А. С. Ену­кидзе атындагы чыгыш тилдери институттун уюштуруучу­су, биринчи ректору (1920–22), 1923-жылы Польша­дагы, ошондой эле Львов университетинин Ыраакы Чыгыш филологиясы кафедрасынын профессору болгон 1923-жыл. Ал кал­мак тилинин диалектилерин ж-а говорлорун изилдеген. 1931-жылдан алтай тилдерин салыш­тырма-тарыхый жактан изилдөөнүн жалпы ма­селелерине көңүл бурган. Анын «Алтай тилде­ри боюнча изилдөөлөр» деген китеби 1936-ж. Краковдо, орусча котормосу (1962) Москвада ба­сылып чыккан. Алтай тилдеринин ичиндеги өз ара жакындык, типологиялык окшоштуктар сырткы тарыхый байланыштардын натыйжасында пай­да болгон деген пикирди айткан. | ||
Вилен губерниясы, Оссово | |||
чыгыш таануучулар коомунун төрагасы. Санкт- Петербург | |||
[[Категория:4-том,_453-496_бб]] | [[Категория:4-том,_453-496_бб]] | ||
07:36, 8 Июнь (Кулжа) 2026 -га соңку нускасы
КО́ТВИЧ Владислав Людвигович (20. 3. 1872, Вилен губерниясы, Оссово кыштагы – 3. 10. 1944, Вильжос) – тилчи, орус ж-а поляк чыгыш таануучусу, СССР ИАнын корреспондент-мүчөсү (1923), Польша ИАнын анык мүчөсү (1925), Польша чыгыш таануучулар коомунун төрагасы. Санкт- Петербург университетинин Чыгыш тилдер факультетин бүтүргөн (1895). Ошол эле университетте моңгол, калмак ж-а манжур тилдери боюнча окутуучу, бир эле убакта Россия империясынын финансы министрлигинде кызмат өтөгөн (1903-23). 1920-жылы А. С. Енукидзе атындагы чыгыш тилдери институттун уюштуруучусу, биринчи ректору (1920–22), 1923-жылы Польшадагы, ошондой эле Львов университетинин Ыраакы Чыгыш филологиясы кафедрасынын профессору болгон 1923-жыл. Ал калмак тилинин диалектилерин ж-а говорлорун изилдеген. 1931-жылдан алтай тилдерин салыштырма-тарыхый жактан изилдөөнүн жалпы маселелерине көңүл бурган. Анын «Алтай тилдери боюнча изилдөөлөр» деген китеби 1936-ж. Краковдо, орусча котормосу (1962) Москвада басылып чыккан. Алтай тилдеринин ичиндеги өз ара жакындык, типологиялык окшоштуктар сырткы тарыхый байланыштардын натыйжасында пайда болгон деген пикирди айткан.