КОРЕЙ ЖАРЫМ АРАЛЫ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КОРЕЙ ЖАРЫМ АРАЛЫ</b> Азиянын чыгышын­да. Чыгышынан Япон деңизи, түштүгүнөн Ко­рей ж-а Чежу кысыктары, батышынан Сары деңиз м-н чулганат. Жарым аралда КЭДРдин басымдуу бөлүгү ж-а Корей | <b type='title'>КОРЕЙ ЖАРЫМ АРАЛЫ</b> Азиянын чыгышын­да. Чыгышынан Япон деңизи, түштүгүнөн Ко­рей ж-а Чежу кысыктары, батышынан Сары деңиз м-н чулганат. Жарым аралда КЭДРдин басымдуу бөлүгү ж-а Корей Республикасы жайгашкан. Узундугу 600 <i>км</i>дей. Аянты 150 миң <i>км</i><sup>2 </sup>чамасында. Тоолуу рельеф басымдуу; эң бийик жери 1915 <i>м</i> (Чирисан чокусу); батышы дөбөлүү түздүк. Чы­гыш жээги тик, начар тилмеленген; батыш ж-а түштүк жээктери – кокту-колот, өрөөндүү. Кли­маты муссондук. Январдын орточо температурасы түн­дүгүндө – 21°Сден, түштүгүндө 4°Сге чейин, июл­дуку 22–26°С. Жылдык жаан-чачыны 900–1500 <i>мм</i>. Дарыялардын суусу мол; ирилери: Ам­ноккан (Ялуцзян), Тумантан (Тумыньцзян), Тэ­донган, Кымган ж. б. Жазы жалбырактуу, түш­түгүнө дайыма жашыл субтропик токойлору мүнөздүү. Улуттук парктары: Хангё, Чирисан, Сараксан ж. б. (Корей Республикасында); резерваттары: Хвангпо, Янгам ж. б. (КЭДРде). Түздүктөрүндө шалы, буурчак, гозо (пахта) өстүрүлөт. Вольф­рам, гранит, магнезит кендери бар. | ||
[[Категория:4-том,_403-452_бб]] | [[Категория:4-том,_403-452_бб]] | ||
10:08, 20 Май (Бугу) 2026 -га соңку нускасы
КОРЕЙ ЖАРЫМ АРАЛЫ Азиянын чыгышында. Чыгышынан Япон деңизи, түштүгүнөн Корей ж-а Чежу кысыктары, батышынан Сары деңиз м-н чулганат. Жарым аралда КЭДРдин басымдуу бөлүгү ж-а Корей Республикасы жайгашкан. Узундугу 600 кмдей. Аянты 150 миң км2 чамасында. Тоолуу рельеф басымдуу; эң бийик жери 1915 м (Чирисан чокусу); батышы дөбөлүү түздүк. Чыгыш жээги тик, начар тилмеленген; батыш ж-а түштүк жээктери – кокту-колот, өрөөндүү. Климаты муссондук. Январдын орточо температурасы түндүгүндө – 21°Сден, түштүгүндө 4°Сге чейин, июлдуку 22–26°С. Жылдык жаан-чачыны 900–1500 мм. Дарыялардын суусу мол; ирилери: Амноккан (Ялуцзян), Тумантан (Тумыньцзян), Тэдонган, Кымган ж. б. Жазы жалбырактуу, түштүгүнө дайыма жашыл субтропик токойлору мүнөздүү. Улуттук парктары: Хангё, Чирисан, Сараксан ж. б. (Корей Республикасында); резерваттары: Хвангпо, Янгам ж. б. (КЭДРде). Түздүктөрүндө шалы, буурчак, гозо (пахта) өстүрүлөт. Вольфрам, гранит, магнезит кендери бар.