КОНТИНЕНТТИК ЧӨКМӨЛӨР: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КОНТИНЕНТТИК ЧӨКМӨЛӨР –</b> кургактыкта (материктерде) пайда болуучу чөкмө тектер. Мурда орун алган тектер | <b type='title'>КОНТИНЕНТТИК ЧӨКМӨЛӨР –</b> кургактыкта (материктерде) пайда болуучу чөкмө тектер. Мурда орун алган тектер физикалык-химиялык ж-а механикалык процесстерден талкаланат, кесек бөлүктөргө бөлүнөт, үбөлөнөт, упураланат, эзилет, эрийт. Андан кийин оордук күчүнүн таасири астында каптал ылдый кулайт, суу агызат, муз шилейт, шамал учурат. Акырында ойдуңдарга топтолуп, катмарланат. Чөкмө пайда болушуна климат­тык шарт, жер бетинин рельефи, физикалык-химиялык процесстер себеп болот. Түзүлүштөрү деңиз чөкмөлөрүнөн айырмаланып, туруктуу эмес. Химиялык, литологиялык курамы ар түрдүү. Органикалык калдык сейрек кездешет. Кээде такыр эле болбойт. Негизинен кум, шагыл, конгломерат, чопо, өтө сейрек органогендүү ж-а хемогендүү тектер жолугат. Тектердин орун алышына, топтолушуна, жыйылышына, чөгүшүнө, курамына жараша бир нече генетикалык типке бөлүнөт. Типтер белгилери боюнча: парагенезистик, жер бетиндеги же субарэалдык (элювий, делювий, эолдук чөкмөлөр), суу алдындагы же субаквалдык (аллювий, пролювий, көл чөкмөлөрү), муз астындагы же субгляциялык (морена ж. б.) топторго биригет. Мындан тышкары кызыл түстүү, гипстүү, бокситтүү, молассалуу ж-а түстүү түрү кездешет. | ||
чөкмөлөрү), муз астындагы же субгляциялык (морена ж. б.) топторго биригет. Мындан тышкары кызыл түстүү, гипстүү, бокситтүү, молассалуу ж-а түстүү түрү кездешет. | |||
[[Категория:4-том,_403-452_бб]] | [[Категория:4-том,_403-452_бб]] | ||
07:18, 30 Март (Жалган куран) 2026 -га соңку нускасы
КОНТИНЕНТТИК ЧӨКМӨЛӨР – кургактыкта (материктерде) пайда болуучу чөкмө тектер. Мурда орун алган тектер физикалык-химиялык ж-а механикалык процесстерден талкаланат, кесек бөлүктөргө бөлүнөт, үбөлөнөт, упураланат, эзилет, эрийт. Андан кийин оордук күчүнүн таасири астында каптал ылдый кулайт, суу агызат, муз шилейт, шамал учурат. Акырында ойдуңдарга топтолуп, катмарланат. Чөкмө пайда болушуна климаттык шарт, жер бетинин рельефи, физикалык-химиялык процесстер себеп болот. Түзүлүштөрү деңиз чөкмөлөрүнөн айырмаланып, туруктуу эмес. Химиялык, литологиялык курамы ар түрдүү. Органикалык калдык сейрек кездешет. Кээде такыр эле болбойт. Негизинен кум, шагыл, конгломерат, чопо, өтө сейрек органогендүү ж-а хемогендүү тектер жолугат. Тектердин орун алышына, топтолушуна, жыйылышына, чөгүшүнө, курамына жараша бир нече генетикалык типке бөлүнөт. Типтер белгилери боюнча: парагенезистик, жер бетиндеги же субарэалдык (элювий, делювий, эолдук чөкмөлөр), суу алдындагы же субаквалдык (аллювий, пролювий, көл чөкмөлөрү), муз астындагы же субгляциялык (морена ж. б.) топторго биригет. Мындан тышкары кызыл түстүү, гипстүү, бокситтүү, молассалуу ж-а түстүү түрү кездешет.