КОНСТИТУЦИЯ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| (One intermediate revision by the same user not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КОНСТИТУ́ЦИЯ</b> (лат. constitutio – түзүлүш) – өлкөнүн негизги (башкы) мыйзамы, мамлекеттин өзгөчө укуктук документи. | <b type='title'>КОНСТИТУ́ЦИЯ</b> (лат. constitutio – түзүлүш) – өлкөнүн негизги (башкы) мыйзамы, мамлекеттин өзгөчө укуктук документи. Конституция мамлекеттин ж-а коомдун түзүлүшүнүн негиздерин, адамдын ж-а жарандын укуктук абалынын негиздерин жөнгө салат. «Конституция» түшүнүгү Байыркы Рим императорлорунун айрым актыларында ж-а орто кылымдарда колдонулган, бирок мааниси ж-а формасы жагынан укуктук акт боло алган эмес. Королдук ж-а феодалдык зомбулуктарды чектөө үчүн коомдун белгилүү бир өнүгүү этаптарында конституция өзгөчө документ катары пайда болгон. Ал­гачкы жазылган конституция 1787-жылы АКШда кабыл алынган. Конституция жогорку юридикалык күчкө ээ, кабыл алуунун ж-а өзгөртүү киргизүүнүн өзгөчө тарти­би м-н мүнөздөлөт. Конституция адатта атайы түзүлгөн конституциялык уюмдаштыруу жыйыны тарабынан же түздөн-түз элдик добуш берүү м-н кабыл алынат. Мусулман мамлекеттеринде чыныгы конституция деп Куран эсептелет, бардык мыйзамдар Куранга шайкеш келүүгө тийиш. Конституция мамлекеттин мыйзам чыгаруу ж-а укукту пайдалануу ишинин негизги юридикалык базасы болуп саналат. Бардык укуктук актылар, мамлекеттик органдардын иш жүзүндөгү иш­мердиги конституцияга шайкеш болууга тийиш. Конституцияга шайкеш келбеген актылар аракеттенбей турган ж-а укук бузуучу (органдардын аракети) деп кара­лат. Конституция убактылуу ж-а туруктуу деп да бөлүнөт. Убактылуу Конституция өткөөл мезгилде иштелип чыгып, бийликти уюштуруу жөнүндөгү негизги жоболорду чагылдырат, кээде туруктуу конституция м-н алмашылат (ТАР, Польша, Албания). Туруктуу Конституция кыска мөөнөткө иштеп калышы мүмкүн (Венесуэла). | ||
Ад.: <i>Хабриева Т. Я., Чиркин В. Е.</i> Теория современной конституции. М., 2007. | Ад.: <i>Хабриева Т. Я., Чиркин В. Е.</i> Теория современной конституции. М., 2007. | ||
<p align='right'><i type='author'>К. Байбосунов.</i></p> | <p align='right'><i type='author'>К. Байбосунов.</i></p> | ||
[[Категория:4-том,_403-452_бб]] | [[Категория:4-том,_403-452_бб]] | ||
03:59, 30 Март (Жалган куран) 2026 -га соңку нускасы
КОНСТИТУ́ЦИЯ (лат. constitutio – түзүлүш) – өлкөнүн негизги (башкы) мыйзамы, мамлекеттин өзгөчө укуктук документи. Конституция мамлекеттин ж-а коомдун түзүлүшүнүн негиздерин, адамдын ж-а жарандын укуктук абалынын негиздерин жөнгө салат. «Конституция» түшүнүгү Байыркы Рим императорлорунун айрым актыларында ж-а орто кылымдарда колдонулган, бирок мааниси ж-а формасы жагынан укуктук акт боло алган эмес. Королдук ж-а феодалдык зомбулуктарды чектөө үчүн коомдун белгилүү бир өнүгүү этаптарында конституция өзгөчө документ катары пайда болгон. Алгачкы жазылган конституция 1787-жылы АКШда кабыл алынган. Конституция жогорку юридикалык күчкө ээ, кабыл алуунун ж-а өзгөртүү киргизүүнүн өзгөчө тартиби м-н мүнөздөлөт. Конституция адатта атайы түзүлгөн конституциялык уюмдаштыруу жыйыны тарабынан же түздөн-түз элдик добуш берүү м-н кабыл алынат. Мусулман мамлекеттеринде чыныгы конституция деп Куран эсептелет, бардык мыйзамдар Куранга шайкеш келүүгө тийиш. Конституция мамлекеттин мыйзам чыгаруу ж-а укукту пайдалануу ишинин негизги юридикалык базасы болуп саналат. Бардык укуктук актылар, мамлекеттик органдардын иш жүзүндөгү ишмердиги конституцияга шайкеш болууга тийиш. Конституцияга шайкеш келбеген актылар аракеттенбей турган ж-а укук бузуучу (органдардын аракети) деп каралат. Конституция убактылуу ж-а туруктуу деп да бөлүнөт. Убактылуу Конституция өткөөл мезгилде иштелип чыгып, бийликти уюштуруу жөнүндөгү негизги жоболорду чагылдырат, кээде туруктуу конституция м-н алмашылат (ТАР, Польша, Албания). Туруктуу Конституция кыска мөөнөткө иштеп калышы мүмкүн (Венесуэла).
Ад.: Хабриева Т. Я., Чиркин В. Е. Теория современной конституции. М., 2007.
К. Байбосунов.