КОНКРЕЦИЯ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| 2 сап: | 2 сап: | ||
[[File:КОНКРЕЦИЯ15.png | thumb | Чопо-карбонаттуу конкреция. | [[File:КОНКРЕЦИЯ15.png | thumb | Чопо-карбонаттуу конкреция. | ||
]]түспөлдөгү (тоголок, сүйрү, жалпак ж. б.) минералдык түзүлүш. Тоо тектери пайда болгон учурда, алардын курамындагы минералдар мурда орун алган бүртүкчөнүн (минерал же тектердин сыныктары, балыктын сөөгү, үлүл калканы, өсүмдүк калдыгы ж. б.) айланасына топтолуп, диффузия же инфильтрация жолу м-н кристаллданат. Тоголок, сүйрү, жалпак турпатка ээ болот. Катмарчаланган кальцит, темир, кремний кычкылы, марганец, сульфид, сидерит, ба­рит ж. б. минералдар кездешет. Чоңдугу бир нече <i>мм</i>ден <i>м</i>ге жетет. Бардык тектерде, азыр пайда болуп жаткан көл, деңиз, океан чөкмөлөрүндө жолугат. Тынч, Атлантика, Инд океандарынын түптөрүндөгү темир-марганец | ]]түспөлдөгү (тоголок, сүйрү, жалпак ж. б.) минералдык түзүлүш. Тоо тектери пайда болгон учурда, алардын курамындагы минералдар мурда орун алган бүртүкчөнүн (минерал же тектердин сыныктары, балыктын сөөгү, үлүл калканы, өсүмдүк калдыгы ж. б.) айланасына топтолуп, диффузия же инфильтрация жолу м-н кристаллданат. Тоголок, сүйрү, жалпак турпатка ээ болот. Катмарчаланган кальцит, темир, кремний кычкылы, марганец, сульфид, сидерит, ба­рит ж. б. минералдар кездешет. Чоңдугу бир нече <i>мм</i>ден <i>м</i>ге жетет. Бардык тектерде, азыр пайда болуп жаткан көл, деңиз, океан чөкмөлөрүндө жолугат. Тынч, Атлантика, Инд океандарынын түптөрүндөгү темир-марганец конкрециялары (10%ке чейин) турмушта зор мааниге ээ. | ||
[[Категория:4-том, | [[Категория:4-том, 403-452 бб]] | ||
09:13, 27 Март (Жалган куран) 2026 -га соңку нускасы
КОНКРЕ́ЦИЯ (лат. concretio – өсүү, коюлуу) – чөкмө тектердин арасында кездешүүчү ар кандай

түспөлдөгү (тоголок, сүйрү, жалпак ж. б.) минералдык түзүлүш. Тоо тектери пайда болгон учурда, алардын курамындагы минералдар мурда орун алган бүртүкчөнүн (минерал же тектердин сыныктары, балыктын сөөгү, үлүл калканы, өсүмдүк калдыгы ж. б.) айланасына топтолуп, диффузия же инфильтрация жолу м-н кристаллданат. Тоголок, сүйрү, жалпак турпатка ээ болот. Катмарчаланган кальцит, темир, кремний кычкылы, марганец, сульфид, сидерит, барит ж. б. минералдар кездешет. Чоңдугу бир нече ммден мге жетет. Бардык тектерде, азыр пайда болуп жаткан көл, деңиз, океан чөкмөлөрүндө жолугат. Тынч, Атлантика, Инд океандарынын түптөрүндөгү темир-марганец конкрециялары (10%ке чейин) турмушта зор мааниге ээ.