КОНДУКТОМЕТРИЯ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КОНДУКТОМЕ́ТРИЯ</b> – электролиттердин электр өткөргүчтүгүн өлчөөчү электр- | <b type='title'>КОНДУКТОМЕ́ТРИЯ</b> – электролиттердин электр өткөргүчтүгүн өлчөөчү электр-химиялык анализ методдорунун бири. Электролиттердин эритмесинин концентрациясын аныктоо үчүн колдонулат. Кондуктометриялык титрлөөдө анын акыркы чекити эритменин электр өткөргүчтүгүнүн кошулган титранттын көлөмүнө көз карандылыгын көрсөткөн ийри сызыгынын сынган жери аркылуу аныкталат. Бул ыкма автоматташтырганга ыңгайлуу. Кондуктометрия таза заттардын ж-а эритмелердин физикалык, физикалык-химиялык касиеттерин изилдөөдө, <i>химиялык кинетикада</i> электролиттердин диссоциациясын, кислоталардын негиздүүлүгүн, иондордун диффузия коэффициентин, эритүү кинетикасын, эригичтикти изилдөөдө колдонулат. | ||
[[Категория:4-том,_403-452_бб]] | [[Категория:4-том,_403-452_бб]] | ||
05:24, 27 Март (Жалган куран) 2026 -га соңку нускасы
КОНДУКТОМЕ́ТРИЯ – электролиттердин электр өткөргүчтүгүн өлчөөчү электр-химиялык анализ методдорунун бири. Электролиттердин эритмесинин концентрациясын аныктоо үчүн колдонулат. Кондуктометриялык титрлөөдө анын акыркы чекити эритменин электр өткөргүчтүгүнүн кошулган титранттын көлөмүнө көз карандылыгын көрсөткөн ийри сызыгынын сынган жери аркылуу аныкталат. Бул ыкма автоматташтырганга ыңгайлуу. Кондуктометрия таза заттардын ж-а эритмелердин физикалык, физикалык-химиялык касиеттерин изилдөөдө, химиялык кинетикада электролиттердин диссоциациясын, кислоталардын негиздүүлүгүн, иондордун диффузия коэффициентин, эритүү кинетикасын, эригичтикти изилдөөдө колдонулат.