КЫЛМЫШ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

20 декабрь 2025, саат 05:30 учурдагы соңку нуска

КЫЛМЫШ – коомго коркунуч келтире турган аракет (же аракетсиздик). Анын белгилери: 1) коомдук коркунуч; 2) тыюу салынган коркунучтуу иштерди жасоо; 3) күнөөлүүлүк, К-тын коомдук коркунучтуулугу К-тын Жаза кодексинде көрсөтүлөт. Коомго коркунуч келтирген, укукка каршы күнөөлүү жосундар жазаланууга тийиш. Ал үчүн кодексте жазанын түрү ж-а ар бир кылмыштын мүнөзү, коомдук коркунучтуулугуна жараша атайы жаза чаралары каралган.

К. А. Бодобаев.