КЫЗЫЛ-СУУ 1: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

20 декабрь 2025, саат 05:30 учурдагы соңку нуска

КЫЗЫЛ-СУУ – Кемин р-нундагы суу. Чүй д-нын сол куймасы. Уз. 36 км, алабынын аянты 171 км2. Алабынын деңиз деңг. орт. бийикт. 2500 м. Төрт чоң куймасы бар. Кыргыз Ала-Тоо­сунун түн. капталындагы мөңгүлөрдөн башта­лат да, кууш капчыгай аркылуу агып, Чүй өрөө­нүнө чыгат. Жылдык орт. чыгымы 1,46 м3/сек, эң көбү июнь–июлда, эң азы февралда байкалат. Сугатка пайдаланылат. Боюнан Кызыл-Суу кыш. орун алган.