КЫЗЫЛ-КЕЧИТ ОПАЛ КЕНИ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

20 декабрь 2025, саат 05:30 учурдагы соңку нуска

КЫЗЫЛ-КЕЧИТ ОПА́Л КЕНИ Жалал-Абад обл-нун Ала-Бука р-нунда, Сумсар шаарчасынан 5 км аралыкта, деңиз деңг. 1140–1170 м бийикте жайгашкан. 1985-ж. табылып, изилденген. Опал желвактары 10–15 см өлчөмдө, кызыл түстүү бухара ж-а сузак терриген катмарларындагы мер­гель кабатында учурайт. Опалдын өңү түтүндөй боз, кара боз, көгүш боз, кызгылт боз. Зергер­ликте керектелчү кооз таш катары колдонууга жарамдуу. Болжолдуу ресурсу 2250 м3.