КОМИ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |

| (One intermediate revision by the same user not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
КО́МИ , К о м и Р е с п у б л и к а с ы Россиянын Европа бөлүгүнүн | КО́МИ , К о м и Р е с п у б л и к а с ы Россиянын Европа бөлүгүнүн түндүк-чыгышында жайгашкан. Аянты 416, 8 миң км2. Калкы 714,7 миң (2025). Административдик-аймактык жактан 12 районго, 10 шаарга, 29 шаарчага бөлүнөт. Борбору – Сыктывкар шаары. Калкынын негизин орустар (57,7%), комилер (23,3), украиндер түзөт; ошондой эле башка улут өкүлдөрү да жашайт. Орточо жыштыгы 1 км2 жерге 2,7 киши туура келет. Динге ишенгендердин көпчүлүгү православныйлар, протестанттар да бар. Шаар калкы 75,3%. Ири шаарлары: Вор­кута, Ухта, Печора, Усинск, Сосногорск, Инта. Республика Түндүк-Батыш федерация округуна кирет. Мамлекеттик бийлигинин органдар системасы Россиянын ж-а Коми Республикасынын конституциясы та­рабынан аныкталат.
Экологиялык абалы калк аз жайгашкан түштүк-чыгы­шында ж-а түндүк-батышында канааттандырар­лык, ал эми нефть ж-а газ казылып алынган аймактарында курч абалда. Тайгада (бугу жа- | ||
Калкынын негизин орустар (57,7%), комилер (23,3), украиндер түзөт; | |||
өкүлдөрү да жашайт. | |||
[[File:КОМИ26.png | thumb | Сысоло дарыясынын алабындагы түштүк тайга ка­рагайлары.]] | [[File:КОМИ26.png | thumb | Сысоло дарыясынын алабындагы түштүк тайга ка­рагайлары.]] | ||
йытынын негизинде) деградацияга учураган жер­лер кездешет. Жылына | йытынын негизинде) деградацияга учураган жер­лер кездешет. Жылына атмосферага 790 миң т уулуу заттар чыгарылат. Коргоого алынган табигый аймактар системасы (аянты республиканын аймагы­нын 14,6%ин түзөт) Европадагы эң ири Печора-Илыч коругу ж-а мамлекеттик улуттук парк – Югыд Ваганын карамагына киргизилип, Коминин кол тийбеген токойлору деген жалпы ат м-н Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине катталган. Республика­нын аймагынын көпчүлүк бөлүгү түзөң. Айма­гынан Тиман токол тоосу ж-а Уралдын түндүк бөлүгү (эң бийик жери 1895 м) орун алган. Алар­дын аралыгында Печора түздүгү жайгашкан.
Жылдык орточо температурасы 0–1°С, эң түндүк-чыгы­шында –4°Сден –6°Сге чейин. Кышы узак, суук; жайы кыска, салыштырмалуу жылуу. Январ­дын орточо температурасы –17°С, июлдуку 11–15°С. Жылдык жаан-чачыны 700–1500 мм. Түндүгүндө ж-а түндүк-чыгышында түбөлүк тоң жатат. Айма­гы өтө нымдуу болгондуктан, саздуу келип, да­рыя тармактары жыш. Алар Баренц, Каспий ж-а Кара (Карск) деңиздеринин алаптарына кирет. Ири дарыялары: Печора, Вычегда, Ме­зень. Көптөгөн көлдөрү бар; эң ирилери: Ямозёра (аянты 31,1 км2), Синдорский (28,5 км2). Пе­чора дарыясынын алабы саздак. Аймагынын басым­дуу бөлүгүн тайга зонасы ж-а 69%ин токой ээлейт. Күлбото топурагы басымдуу. Карагай, көк карагай, бал карагай, кызыл карагай өсөт. Түндүктө 66° түндүк кеңдикте тайга токойлуу тун­дра м-н алмашат. Кен байлыктарынан таш көмүр, нефть, газ, боксит, хромит, титан, мар­ганец, барит ж-а кварц казылып алынат. Ми­нералдык суулар чыгат. Комиде региондук бир нече заказник (37 комплекстүү, 15 ихтиология, 30 ботаника, 38 токой, 48 флора, 5 шалбаа, бир геологиялык ж-а бир зоологиялык) уюштурулган ж-а 200дөн ашык табият эстелиги (анын ичинде 46 геологиялык, 32 бота­ника, 13 суу ж-а 18 саз) бар.
Коми крайы 1478-жылы Россиянын курамына кирген. 1921-жылы 22-августта Коми (Зырян) АОсу (РСФСРдин курамында), 1936-жылы Коми АССРи 1990-жылы Коми ССРи болуп кайра түзүлгөн. 1992- жылдан Коми Республикасы.
Коми Түндүк экономикалык райондун курамына кирет. Өнөр жай продукциясынын көлөмү айыл чарба продуктусунан 40 эсе жогору (2006). Региондун дүң продукциясы­нын структурасында өнөр жайдын үлүшү 48,1%, транспорт м-н байланыштыкы 12,6%, дүң ж-а чекене сооданыкы 9,1%, кыймылсыз мүлк (ижарага берүү ж. б.) 9,1%, курулуш 7,5%, айыл ж-а токой чарбасыныкы 3,2%. Коми Россия эко­номикасында өнүккөн токой өнөр жай комплекси м-н өзгөчөлөнөт. Фанера (1-орунда; 12%), цел­люлоза (3-; 14,9%), кагаз ж-а картон (4-; 6,4%), тактай материалдар (9-; 3,1%) өндүрүштөрү өнүккөн. Коми Россиянын Түндүк Европасынын не­гизги отун базасы болуп эсептелинет (40ка жа­кын нефть кени иштетилет), токой, жыгаччы­лык, целлюлоза-кагаз (23,5%, «Сыктывкар то­кой ө. ж. комплекси»), электр энергетика (Коми Республикасынын керектөөсүн толугу м-н камсыз кылат), тамак-аш (ири ишканалары: «Сыктывкархлеб», «Юбилейный» кондитер фабрикасы, ошондой эле эт, сүт, ликёр-арак ж. б.) өнөр жай ишканалары иштейт. Айыл чарбага жарактуу жери республиканын аймагынын 0,5%ин ээлейт (анын ичинде айдоо аянты 30,6%). Тоют өсүмдүктөрү, картөшкө, жашылча, дан эгиндери айдалат. Мал чарбасы эт-сүт багытында. Чоч­ко ж-а канаттуулар комплекстери өнөр жайлуу бор­борлорду жабдууга багытталган. Республикада Ев­ропанын түндүгүндөгү бугулардын жалпы саны­нын 1/3 и асыралат.
Темир жолунун узундугу 1,7 миң км, автомобилдики 5,7 миң км (асфальтталган), суу жолунуку 4,1 миң км. Печора, Вычегда дарыяларында кеме жүрөт. Куур транспорту да өнүккөн (нефть куурунуку 1,7 миң км, газдыкы 3,6 миң км). Ири порттору: Печо­ра, Емва, Вуктыл.
РИАнын Урал бөлүмүнүн илимий борбору, 510 мек­тепке чейинки ж-а 503 жалпы билим берүүчү мекемелер, 55 башталгыч ж-а орто окуу жайы, 27 ЖОЖ, 5 театр (анын ичинде музыкалык, куурчак), филар­мония, 21 музей, 4 китепкана бар. Республикада «Крас­ное знамя», «Республика», «Молодёжь Севера» ж-а «Коми му» (1919, коми тилинде) ж-а ра­йондук гезиттер чыгат. Туризм өнүгүүдө. Не­гизги сырткы соода шериктештери: Нидерланд, Германия, Финляндия, Швеция, Австрия, Улуу Британия, Латвия, Украина ж-а Польша. | ||
Илыч коругу ж-а | |||
Ваганын карамагына киргизилип, Коминин кол тийбеген токойлору деген жалпы ат м-н Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине катталган. | |||
Жылдык | |||
жайы кыска, салыштырмалуу жылуу. Январ­дын | |||
ж-а | |||
ботаника, 38 токой, 48 флора, 5 шалбаа, бир | |||
Коми крайы 1478- | |||
чекене сооданыкы 9,1%, кыймылсыз мүлк (ижарага берүү ж. б.) 9,1%, курулуш 7,5%, айыл ж-а токой чарбасыныкы 3,2%. | |||
тактай материалдар (9-; 3,1%) өндүрүштөрү | |||
өнүккөн. | |||
«Юбилейный» кондитер | |||
0,5%ин ээлейт ( | |||
өсүмдүктөрү, картөшкө, жашылча, дан | |||
Ад.: Коми, Республика Коми//БРЭ, спец. том. Россия, М.,2004; Коми//Большая Российская Эн­циклопедия, Т. 14, М., 2009. | |||
Ад.: Коми, Республика Коми//БРЭ, спец. том. | |||
Россия, М.,2004; Коми//Большая Российская Эн­циклопедия, Т. 14, М., 2009. | |||
[[Категория:4-том, 353-402 бб]] | [[Категория:4-том, 353-402 бб]] | ||
07:52, 24 Март (Жалган куран) 2026 -га соңку нускасы
КО́МИ , К о м и Р е с п у б л и к а с ы Россиянын Европа бөлүгүнүн түндүк-чыгышында жайгашкан. Аянты 416, 8 миң км2. Калкы 714,7 миң (2025). Административдик-аймактык жактан 12 районго, 10 шаарга, 29 шаарчага бөлүнөт. Борбору – Сыктывкар шаары. Калкынын негизин орустар (57,7%), комилер (23,3), украиндер түзөт; ошондой эле башка улут өкүлдөрү да жашайт. Орточо жыштыгы 1 км2 жерге 2,7 киши туура келет. Динге ишенгендердин көпчүлүгү православныйлар, протестанттар да бар. Шаар калкы 75,3%. Ири шаарлары: Воркута, Ухта, Печора, Усинск, Сосногорск, Инта. Республика Түндүк-Батыш федерация округуна кирет. Мамлекеттик бийлигинин органдар системасы Россиянын ж-а Коми Республикасынын конституциясы тарабынан аныкталат.
Экологиялык абалы калк аз жайгашкан түштүк-чыгышында ж-а түндүк-батышында канааттандырарлык, ал эми нефть ж-а газ казылып алынган аймактарында курч абалда. Тайгада (бугу жа-

йытынын негизинде) деградацияга учураган жерлер кездешет. Жылына атмосферага 790 миң т уулуу заттар чыгарылат. Коргоого алынган табигый аймактар системасы (аянты республиканын аймагынын 14,6%ин түзөт) Европадагы эң ири Печора-Илыч коругу ж-а мамлекеттик улуттук парк – Югыд Ваганын карамагына киргизилип, Коминин кол тийбеген токойлору деген жалпы ат м-н Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине катталган. Республиканын аймагынын көпчүлүк бөлүгү түзөң. Аймагынан Тиман токол тоосу ж-а Уралдын түндүк бөлүгү (эң бийик жери 1895 м) орун алган. Алардын аралыгында Печора түздүгү жайгашкан.
Жылдык орточо температурасы 0–1°С, эң түндүк-чыгышында –4°Сден –6°Сге чейин. Кышы узак, суук; жайы кыска, салыштырмалуу жылуу. Январдын орточо температурасы –17°С, июлдуку 11–15°С. Жылдык жаан-чачыны 700–1500 мм. Түндүгүндө ж-а түндүк-чыгышында түбөлүк тоң жатат. Аймагы өтө нымдуу болгондуктан, саздуу келип, дарыя тармактары жыш. Алар Баренц, Каспий ж-а Кара (Карск) деңиздеринин алаптарына кирет. Ири дарыялары: Печора, Вычегда, Мезень. Көптөгөн көлдөрү бар; эң ирилери: Ямозёра (аянты 31,1 км2), Синдорский (28,5 км2). Печора дарыясынын алабы саздак. Аймагынын басымдуу бөлүгүн тайга зонасы ж-а 69%ин токой ээлейт. Күлбото топурагы басымдуу. Карагай, көк карагай, бал карагай, кызыл карагай өсөт. Түндүктө 66° түндүк кеңдикте тайга токойлуу тундра м-н алмашат. Кен байлыктарынан таш көмүр, нефть, газ, боксит, хромит, титан, марганец, барит ж-а кварц казылып алынат. Минералдык суулар чыгат. Комиде региондук бир нече заказник (37 комплекстүү, 15 ихтиология, 30 ботаника, 38 токой, 48 флора, 5 шалбаа, бир геологиялык ж-а бир зоологиялык) уюштурулган ж-а 200дөн ашык табият эстелиги (анын ичинде 46 геологиялык, 32 ботаника, 13 суу ж-а 18 саз) бар.
Коми крайы 1478-жылы Россиянын курамына кирген. 1921-жылы 22-августта Коми (Зырян) АОсу (РСФСРдин курамында), 1936-жылы Коми АССРи 1990-жылы Коми ССРи болуп кайра түзүлгөн. 1992- жылдан Коми Республикасы.
Коми Түндүк экономикалык райондун курамына кирет. Өнөр жай продукциясынын көлөмү айыл чарба продуктусунан 40 эсе жогору (2006). Региондун дүң продукциясынын структурасында өнөр жайдын үлүшү 48,1%, транспорт м-н байланыштыкы 12,6%, дүң ж-а чекене сооданыкы 9,1%, кыймылсыз мүлк (ижарага берүү ж. б.) 9,1%, курулуш 7,5%, айыл ж-а токой чарбасыныкы 3,2%. Коми Россия экономикасында өнүккөн токой өнөр жай комплекси м-н өзгөчөлөнөт. Фанера (1-орунда; 12%), целлюлоза (3-; 14,9%), кагаз ж-а картон (4-; 6,4%), тактай материалдар (9-; 3,1%) өндүрүштөрү өнүккөн. Коми Россиянын Түндүк Европасынын негизги отун базасы болуп эсептелинет (40ка жакын нефть кени иштетилет), токой, жыгаччылык, целлюлоза-кагаз (23,5%, «Сыктывкар токой ө. ж. комплекси»), электр энергетика (Коми Республикасынын керектөөсүн толугу м-н камсыз кылат), тамак-аш (ири ишканалары: «Сыктывкархлеб», «Юбилейный» кондитер фабрикасы, ошондой эле эт, сүт, ликёр-арак ж. б.) өнөр жай ишканалары иштейт. Айыл чарбага жарактуу жери республиканын аймагынын 0,5%ин ээлейт (анын ичинде айдоо аянты 30,6%). Тоют өсүмдүктөрү, картөшкө, жашылча, дан эгиндери айдалат. Мал чарбасы эт-сүт багытында. Чочко ж-а канаттуулар комплекстери өнөр жайлуу борборлорду жабдууга багытталган. Республикада Европанын түндүгүндөгү бугулардын жалпы санынын 1/3 и асыралат.
Темир жолунун узундугу 1,7 миң км, автомобилдики 5,7 миң км (асфальтталган), суу жолунуку 4,1 миң км. Печора, Вычегда дарыяларында кеме жүрөт. Куур транспорту да өнүккөн (нефть куурунуку 1,7 миң км, газдыкы 3,6 миң км). Ири порттору: Печора, Емва, Вуктыл.
РИАнын Урал бөлүмүнүн илимий борбору, 510 мектепке чейинки ж-а 503 жалпы билим берүүчү мекемелер, 55 башталгыч ж-а орто окуу жайы, 27 ЖОЖ, 5 театр (анын ичинде музыкалык, куурчак), филармония, 21 музей, 4 китепкана бар. Республикада «Красное знамя», «Республика», «Молодёжь Севера» ж-а «Коми му» (1919, коми тилинде) ж-а райондук гезиттер чыгат. Туризм өнүгүүдө. Негизги сырткы соода шериктештери: Нидерланд, Германия, Финляндия, Швеция, Австрия, Улуу Британия, Латвия, Украина ж-а Польша.
Ад.: Коми, Республика Коми//БРЭ, спец. том. Россия, М.,2004; Коми//Большая Российская Энциклопедия, Т. 14, М., 2009.