КАРА КЫРГЫЗ АВТОНОМИЯЛУУ ОБЛУСУ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
No edit summary
 
1 сап: 1 сап:
<b type='title'>КАРА КЫРГЫЗ АВТОНОМИЯЛУУ ОБЛУСУ</b> – КРдин 1924-жыл 14-октябрь – 1925-жыл 25-майга чейинки аталышы. Түркстан крайында Cовет бийлигинин орношу (ноябрь, 1917) м-н улуттук чек араларды аныктоо маселеси келип чыккан (к. <i>Орто Азиянын улуттук-мамлекеттик бөлүнүшү</i>). Бүткүл Союздук БАКтын 1920-жылы 27- августта «Түркстанды администрациялык жак&shy;тан бөлүштүрүү жөнүндө» кабыл алган токто&shy;мунун негизинде Орто Азиядагы жооптуу кызмат&shy;керлердин улут маселесине арналган жыйыны (январь, 1924) өткөн. Анда И. <i>Арабаев</i> сүйлөп, кыргыздардын өз алдынча улут экенин, алар улут катары эч жерде эске алынбаганын сында&shy;ган ж-а кыргыздар (кара кыргыздар) өз автоно&shy;миясын түзүү тууралуу маселе көтөргөн. Бул жыйында аны колдогондор азчылыкты түзүп калып, кыргыздардын жери Кыргыз (башкача айтканда Ка&shy;зак) Республикасынын алкагына киргизилери жөнүндө су&shy;нуш жактырылган. 1924-жылы 14-октябрда Мос&shy;ква Бүткүл Союздук БАКтын 2-сессиясы Орто Азия элдеринин улуттук-мамлекеттик бөлүнүшү жөнүндө чечим кабыл алган, ага ылайык Кара Кыргыз автономиялуу облусу РСФСРдин курамына киргизилген. Жаңы Кара Кыргыз автономиялуу облусунун большевиктик-партиялык  жетекчиси болуп М. <i>Камен&shy;ский,</i> облустун Революциячыл (башкача айтканда Аткаруу) комитети&shy;нин төрагалыгына <i>И. Айдарбеков</i> бекитилген. Кара Кыргыз автономиялуу облусуна Түркстан АССРинин <i>Жети-Суу обл&shy;усунун</i> Каракол, Нарын, Пишпек, <i>Анжиян уезди&shy;нен</i> 10; <i>Фергана облусунун</i> Кокон уездинен 2, Ош уездинен 13, Фергана уездинен 5, Наманган уез&shy;динен 9, <i>Сыр-Дарыя облусунун</i> Олуя-Ата уездинен 14 болуштук кирген. Кара Кыргыз автономиялуу облусунун аймагы 195,7 миң чарчы <i>км</i>, калкы 737,3 миң адамды түзгөн, анын ичинен 63,5% кыргыз, 16,8% орус, 15,4% өзбек, 3,5% башка улуттар болгон. Кара Кыргыз автономиялуу облусу Пишпек (20 болуштук), Каракол-Нарын (16 болуштук), Ош (20 болуштук), Жалал-Абад (10 болуштук) округдарына бөлүнүп, 6 шаар, 321 айыл-кыш&shy;так, 5 хуторду камтыган. 1925-жылы 27–30-мартта Пишпек шаарында 135 делегат катышкан Кара Кыргыз автономиялуу облусунун алгачкы уюштуруу съезди өткөрүлүп, анда конституциялык мазмундагы «Кара Кыргыз ав&shy;тономиялуу областы тууралуу жобо» кабыл алынган. Натыйжада Революциячыл комитет күчүн жо&shy;готуп, мамлекеттик бийлик 51 мүчө ж-а 12 канди&shy;даттан турган облаткомго өткөн. Курамына И. Айдарбеков, Ж. Абдырахманов, М. Камен&shy;ский ж. б. кирген атайы комиссия түзүлүп, ага облустун Жобосунун (конституциялык) долбоо&shy;рун түзүү иши тапшырылган ж-а «кара» сөзүн расмий аталыштан алып салуу, өлкөнү облус эмес, автономиялуу республиканын катарына кошуу ж. б. сунуштар көтөрүлгөн. 1925-жылдын 25-майы&shy;нан <i>Кыргыз автономиялуу облусу,</i> 1926-жылдын 1- февралынан <i>Кыргыз АССРи</i> деп аталган.
<b type='title'>КАРА КЫРГЫЗ АВТОНОМИЯЛУУ ОБЛУСУ</b> – [[КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ (КР)|Кыргыз Республикасы]]нын 1924-жыл 14-октябрь – 1925-жыл 25-майга чейинки аталышы. Түркстан крайында Cовет бийлигинин орношу (ноябрь, 1917) менен улуттук чек араларды аныктоо маселеси келип чыккан (кара: [[Орто Азиянын улуттук-мамлекеттик бөлүнүшү]]). Бүткүл Союздук БАКтын 1920-жылы 27- августта «Түркстанды администрациялык жак&shy;тан бөлүштүрүү жөнүндө» кабыл алган токто&shy;мунун негизинде Орто Азиядагы жооптуу кызмат&shy;керлердин [[улут]] маселесине арналган жыйыны (январь, 1924) өткөн. Анда И. [[АРАБАЕВ Ишеналы|Арабаев]] сүйлөп, [[КЫРГЫЗДАР|кыргыздар]]дын өз алдынча улут экенин, алар улут катары эч жерде эске алынбаганын сында&shy;ган жана кыргыздар (кара кыргыздар) өз [[АВТОНОМИЯ|автоно&shy;мия]]сын түзүү тууралуу маселе көтөргөн. Бул жыйында аны колдогондор азчылыкты түзүп калып, кыргыздардын жери Кыргыз (башкача айтканда Ка&shy;зак) Республикасынын алкагына киргизилери жөнүндө су&shy;нуш жактырылган. 1924-жылы 14-октябрда Мос&shy;ква Бүткүл Союздук БАКтын 2-сессиясы Орто Азия элдеринин улуттук-мамлекеттик бөлүнүшү жөнүндө чечим кабыл алган, ага ылайык Кара Кыргыз автономиялуу облусу [[РСФСР]]дин курамына киргизилген. Жаңы Кара Кыргыз автономиялуу облусунун большевиктик-партиялык  жетекчиси болуп М. [[КАМЕНСКИЙ Михаил Давыдович|Камен&shy;ский]]<i>,</i> облустун Революциячыл (башкача айтканда Аткаруу) комитети&shy;нин төрагалыгына <i>И.</i> [[АЙДАРБЕКОВ Иманаалы|Айдарбеков]] бекитилген. Кара Кыргыз автономиялуу облусуна [[Түркстан АССРи]]нин [[ЖЕТИ-СУУ ОБЛУСУ|Жети-Суу обл&shy;усу]]нун [[КАРАКОЛ (Ысык-Көл облусундагы шаар)|Каракол]], [[Нарын]], [[Пишпек]], [[АНЖИЯН УЕЗДИ|Анжиян]] уезди&shy;нен 10; [[Фергана облусу]]нун [[Кокон уезди]]нен 2, Ош уездинен 13, Фергана уездинен 5, [[Наманган уезди|Наманган уез&shy;ди]]нен 9, <i>Сыр-Дарыя облусунун</i> Олуя-Ата уездинен 14 болуштук кирген. Кара Кыргыз автономиялуу облусунун аймагы 195,7 миң чарчы <i>км</i>, калкы 737,3 миң адамды түзгөн, анын ичинен 63,5% кыргыз, 16,8% орус, 15,4% өзбек, 3,5% башка улуттар болгон. Кара Кыргыз автономиялуу облусу Пишпек (20 болуштук), Каракол-Нарын (16 болуштук), Ош (20 болуштук), Жалал-Абад (10 болуштук) округдарына бөлүнүп, 6 шаар, 321 айыл-кыш&shy;так, 5 хуторду камтыган. 1925-жылы 27–30-мартта Пишпек шаарында 135 делегат катышкан Кара Кыргыз автономиялуу облусунун алгачкы уюштуруу съезди өткөрүлүп, анда конституциялык мазмундагы «Кара Кыргыз ав&shy;тономиялуу областы тууралуу жобо» кабыл алынган. Натыйжада Революциячыл комитет күчүн жо&shy;готуп, мамлекеттик бийлик 51 мүчө ж-а 12 канди&shy;даттан турган облаткомго өткөн. Курамына И. Айдарбеков, Ж. Абдырахманов, М. Камен&shy;ский ж. б. кирген атайы комиссия түзүлүп, ага облустун Жобосунун (конституциялык) долбоо&shy;рун түзүү иши тапшырылган ж-а «кара» сөзүн расмий аталыштан алып салуу, өлкөнү облус эмес, автономиялуу республиканын катарына кошуу ж. б. сунуштар көтөрүлгөн. 1925-жылдын 25-майы&shy;нан <i>Кыргыз автономиялуу облусу,</i> 1926-жылдын 1- февралынан <i>Кыргыз АССРи</i> деп аталган.





07:38, 12 Июнь (Кулжа) 2026 -га соңку нускасы

КАРА КЫРГЫЗ АВТОНОМИЯЛУУ ОБЛУСУКыргыз Республикасынын 1924-жыл 14-октябрь – 1925-жыл 25-майга чейинки аталышы. Түркстан крайында Cовет бийлигинин орношу (ноябрь, 1917) менен улуттук чек араларды аныктоо маселеси келип чыккан (кара: Орто Азиянын улуттук-мамлекеттик бөлүнүшү). Бүткүл Союздук БАКтын 1920-жылы 27- августта «Түркстанды администрациялык жак­тан бөлүштүрүү жөнүндө» кабыл алган токто­мунун негизинде Орто Азиядагы жооптуу кызмат­керлердин улут маселесине арналган жыйыны (январь, 1924) өткөн. Анда И. Арабаев сүйлөп, кыргыздардын өз алдынча улут экенин, алар улут катары эч жерде эске алынбаганын сында­ган жана кыргыздар (кара кыргыздар) өз автоно­миясын түзүү тууралуу маселе көтөргөн. Бул жыйында аны колдогондор азчылыкты түзүп калып, кыргыздардын жери Кыргыз (башкача айтканда Ка­зак) Республикасынын алкагына киргизилери жөнүндө су­нуш жактырылган. 1924-жылы 14-октябрда Мос­ква Бүткүл Союздук БАКтын 2-сессиясы Орто Азия элдеринин улуттук-мамлекеттик бөлүнүшү жөнүндө чечим кабыл алган, ага ылайык Кара Кыргыз автономиялуу облусу РСФСРдин курамына киргизилген. Жаңы Кара Кыргыз автономиялуу облусунун большевиктик-партиялык жетекчиси болуп М. Камен­ский, облустун Революциячыл (башкача айтканда Аткаруу) комитети­нин төрагалыгына И. Айдарбеков бекитилген. Кара Кыргыз автономиялуу облусуна Түркстан АССРинин Жети-Суу обл­усунун Каракол, Нарын, Пишпек, Анжиян уезди­нен 10; Фергана облусунун Кокон уездинен 2, Ош уездинен 13, Фергана уездинен 5, Наманган уез­динен 9, Сыр-Дарыя облусунун Олуя-Ата уездинен 14 болуштук кирген. Кара Кыргыз автономиялуу облусунун аймагы 195,7 миң чарчы км, калкы 737,3 миң адамды түзгөн, анын ичинен 63,5% кыргыз, 16,8% орус, 15,4% өзбек, 3,5% башка улуттар болгон. Кара Кыргыз автономиялуу облусу Пишпек (20 болуштук), Каракол-Нарын (16 болуштук), Ош (20 болуштук), Жалал-Абад (10 болуштук) округдарына бөлүнүп, 6 шаар, 321 айыл-кыш­так, 5 хуторду камтыган. 1925-жылы 27–30-мартта Пишпек шаарында 135 делегат катышкан Кара Кыргыз автономиялуу облусунун алгачкы уюштуруу съезди өткөрүлүп, анда конституциялык мазмундагы «Кара Кыргыз ав­тономиялуу областы тууралуу жобо» кабыл алынган. Натыйжада Революциячыл комитет күчүн жо­готуп, мамлекеттик бийлик 51 мүчө ж-а 12 канди­даттан турган облаткомго өткөн. Курамына И. Айдарбеков, Ж. Абдырахманов, М. Камен­ский ж. б. кирген атайы комиссия түзүлүп, ага облустун Жобосунун (конституциялык) долбоо­рун түзүү иши тапшырылган ж-а «кара» сөзүн расмий аталыштан алып салуу, өлкөнү облус эмес, автономиялуу республиканын катарына кошуу ж. б. сунуштар көтөрүлгөн. 1925-жылдын 25-майы­нан Кыргыз автономиялуу облусу, 1926-жылдын 1- февралынан Кыргыз АССРи деп аталган.


Ад.: Турсунов Х. Т. О национально-государственном размежевании Средней Азии. Таш., 1957; История Киргизской ССР с древнейших времён до наших дней. В 5-и томах. Ф., 1986; Национальный вопрос на пе­рекрёстке мнений, 20-е годы: документы и материа­лы/ Сост. В. А. Горный и др. М., 1992; Абдуллаев Р. М. и др. Туркестан в начале XX века: К истории истоков национальной независимости. Таш., 2000; Джумана­лиев А. Политическая история Кыргызстана (Станов­ление политической системы Кыргызского общества в 1920–1930-е годы). Б., 2005.

Б. Сатаров.