БИОТҮРДҮҮЛҮК КОНВЕНЦИЯСЫ: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
''' БИОТҮРДҮҮЛҮК КОНВЕНЦИЯСЫ''' – глобалдык деӊгээлде каралган эл аралык экологиялык макулдашу<font color='green'>у</font>лардын бири. 1992-жылы 5-июнда Рио-де-Жанейро шаарында (Бразилия) кабыл алынып, күчүнө 1993-жылы 29-декабрда кирген. Конвенциянын негизги ма<font color='green'>к</font>саты – планетадагы биотүрдүүлүктү, башкача айтканда экоси<font color='green'>с</font>теманын ар түрдүүлүгүн | ''' БИОТҮРДҮҮЛҮК КОНВЕНЦИЯСЫ''' – глобалдык деӊгээлде каралган эл аралык экологиялык макулдашу<font color='green'>у</font>лардын бири. 1992-жылы 5-июнда Рио-де-Жанейро шаарында (Бразилия) кабыл алынып, күчүнө 1993-жылы 29-декабрда кирген. Конвенциянын негизги ма<font color='green'>к</font>саты – планетадагы биотүрдүүлүктү, башкача айтканда экоси<font color='green'>с</font>теманын ар түрдүүлүгүн жана компоненттерин са<font color='green'>к</font>тоо, ресурстардан алган пайданы калыс жана теӊ укукта бөлүштүрүү, технологияны туура колд<font color='green'>о</font>нуу, каржылоо. Конвенция биотүрдүүлүк ко<font color='green'>м</font>понентеринин бардыгына («Юрисдикция сфер<font color='green'>а</font>сы» статьясы боюнча) улуттук юрисдикция чеги<font color='green'>н</font>де (конвенцияга катышкан өлкөлөргө) таралат. Биотүрдүүлүк конвенциясы боюнча катышуучу тарап биотүрдүүлүктү т<font color='green'>у</font>руктуу колдонуу жана сактоо боюнча өзүнүн улу<font color='green'>т</font>тук стратегиясын, планын жана программаларын сектордук, сектор аралык деӊгээлде иштеп ч<font color='green'>ы</font>гышы зарыл. Конвенциянын кээ бир жобол<font color='green'>о</font>рунда табигый жана жасалма шарттарда биотү<font color='green'>р</font>дүүлүктү сактоо чаралары, ошондой эле конвенция ч<font color='green'>е</font>гинде мамлекет аралык кызматташуулар кара<font color='green'>л</font>ган. Ар бир тарап конвенциянын максатына жетиш үчүн жүргүзүлгөн иш-чараларга кеткен каражатты улуттук деӊгээлде мойнуна алышы талап кылынат. Бирок, өнүгүп келе жаткан ма<font color='green'>м</font>лекеттерге конвенция боюнча жоопкерчиликти а<font color='green'>т</font>карыш үчүн жаӊы жана кошумча каражат б<font color='green'>у</font>лактары (өнүккөн мамлекеттер жана башкалар аркылуу) каралган. | ||
''Б. Үсөнканов.'' | ''Б. Үсөнканов.'' | ||
[[Category: 2-том ]] | [[Category: 2-том ]] | ||
07:55, 11 Май (Бугу) 2026 -га соңку нускасы
БИОТҮРДҮҮЛҮК КОНВЕНЦИЯСЫ – глобалдык деӊгээлде каралган эл аралык экологиялык макулдашуулардын бири. 1992-жылы 5-июнда Рио-де-Жанейро шаарында (Бразилия) кабыл алынып, күчүнө 1993-жылы 29-декабрда кирген. Конвенциянын негизги максаты – планетадагы биотүрдүүлүктү, башкача айтканда экосистеманын ар түрдүүлүгүн жана компоненттерин сактоо, ресурстардан алган пайданы калыс жана теӊ укукта бөлүштүрүү, технологияны туура колдонуу, каржылоо. Конвенция биотүрдүүлүк компонентеринин бардыгына («Юрисдикция сферасы» статьясы боюнча) улуттук юрисдикция чегинде (конвенцияга катышкан өлкөлөргө) таралат. Биотүрдүүлүк конвенциясы боюнча катышуучу тарап биотүрдүүлүктү туруктуу колдонуу жана сактоо боюнча өзүнүн улуттук стратегиясын, планын жана программаларын сектордук, сектор аралык деӊгээлде иштеп чыгышы зарыл. Конвенциянын кээ бир жоболорунда табигый жана жасалма шарттарда биотүрдүүлүктү сактоо чаралары, ошондой эле конвенция чегинде мамлекет аралык кызматташуулар каралган. Ар бир тарап конвенциянын максатына жетиш үчүн жүргүзүлгөн иш-чараларга кеткен каражатты улуттук деӊгээлде мойнуна алышы талап кылынат. Бирок, өнүгүп келе жаткан мамлекеттерге конвенция боюнча жоопкерчиликти аткарыш үчүн жаӊы жана кошумча каражат булактары (өнүккөн мамлекеттер жана башкалар аркылуу) каралган.
Б. Үсөнканов.