ИРРАЦИОНАЛДЫК САН: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
No edit summary
 
(One intermediate revision by one other user not shown)
(Айырма жок)

12 сентябрь 2025, саат 08:53 учурдагы соңку нуска

ИРРАЦИОНАЛДЫК САН – рационалдык эмес (бүтүн же бөлчөк эмес) сан, башкача айтканда а/b (мында а, b бүтүн сандар, b/0) түрүндө туюнтууга мүмкүн болбогон сан. Иррационалдык сан геометриялык түрдө бирдик узундук­тагы кесинди м-н ченелбөөчү кесиндинин узун­дугун туюнтат. Чыныгы иррационалдык сандар Дедекинд ке­силиши м-н же мезгилсиз ондук бөлчөк түрүндө туюнтулушу мүмкүн, мисалы, 0,010010001...,2 =1,41 ..., π=3,14...,lg7, сos29°31′ ж. б. ирра­ционалдык катыштардын болушу (мисалы, квад­раттын диагоналдарынын анын жактарына бол­гон катышынын иррационалдуулугу) байыртан эле белгилүү болгон а санынын иррационалдуу­лугун немис математиги И. Ламберт (1766) анык­таган. Ошондой болсо да ирационалдык сандын так теориясы 19-кылымдын 2-жарымында гана түзүлгөн (немис ма­тематиктери Р. Дедекинд, Г. Кантор, К. Вейер­штрасс). Иррационалдык сандардын көптүгү эсепсиз. Иррационалдык сан ра­ционалдык эмес алгебралык сан ж-а трансценденттик санга айырмаланат, к. Сан.