ИНДУКЦИЯ: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ИНДУ́КЦИЯ</b> (лат. inductio – сөзмө-сөз – кел­тирүү) – фактылардан кандайдыр бир гипотеза­га (түкшүмөл ырастоого) алып келүүчү ой кору­тундусу, башкача айтканда мурдагы тажрыйбага таянып, бай­коонун | <b type='title'>ИНДУ́КЦИЯ</b> (лат. inductio – сөзмө-сөз – кел­тирүү) – фактылардан кандайдыр бир гипотеза­га (түкшүмөл ырастоого) алып келүүчү ой кору­тундусу, башкача айтканда мурдагы тажрыйбага таянып, бай­коонун жана эксперименттердин болочок натый­жасын алдын ала билүүгө байланышкан жал­пылоонун түрү. Индукция толук жана толук эмес болуп айырмаланат. Жалпылоо акыр аягына чейин камтылган фактылардын тармагына тийиштүү болсо, толук индукция деп, ал эми жалпылоо факты­лардын бүтпөгөн же акыр аягына чейин кам­тылбаган тармагына тийиштүү болсо, ал толук эмес индукция деп аталат. Толук индукцияга караганда то­лук эмес индукция пайдалуу, себеби ал белгилүү фак­тылардан белгисиз фактыларга өтүүгө мүмкүндүк берет жана анын жардамы менен адамдын таанып­ билүүсү кеңейет (к. <i>Дедукция</i>). | ||
[[Категория:3-том, 544-607 бб]] | [[Категория:3-том, 544-607 бб]] | ||
08:07, 24 Июнь (Кулжа) 2026 -га соңку нускасы
ИНДУ́КЦИЯ (лат. inductio – сөзмө-сөз – келтирүү) – фактылардан кандайдыр бир гипотезага (түкшүмөл ырастоого) алып келүүчү ой корутундусу, башкача айтканда мурдагы тажрыйбага таянып, байкоонун жана эксперименттердин болочок натыйжасын алдын ала билүүгө байланышкан жалпылоонун түрү. Индукция толук жана толук эмес болуп айырмаланат. Жалпылоо акыр аягына чейин камтылган фактылардын тармагына тийиштүү болсо, толук индукция деп, ал эми жалпылоо фактылардын бүтпөгөн же акыр аягына чейин камтылбаган тармагына тийиштүү болсо, ал толук эмес индукция деп аталат. Толук индукцияга караганда толук эмес индукция пайдалуу, себеби ал белгилүү фактылардан белгисиз фактыларга өтүүгө мүмкүндүк берет жана анын жардамы менен адамдын таанып билүүсү кеңейет (к. Дедукция).