ЗИМБАБВЕ: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
| 2 сап: | 2 сап: | ||
[[File:ЗИМБАБВЕ26.png | thumb | none]] | [[File:ЗИМБАБВЕ26.png | thumb | none]] | ||
Түндүк-чыгышынан | Түндүк-чыгышынан жана чыгышынан Мозам­бик, түндүк-батышынан Замбия, түштүгүнөн Түштүк Африка Республикасы, батышынан Ботсвана менен чектешет. Аянты 390, миң <i>км</i><sup>2</sup>. Калкы 16,6 млн (2024). Борбору – Ха­раре шаары (1982-жылга чейин – Солсбери). Расмий тил­дери – англис, шона жана ндебеле тилдери. Акча бирдиги – Зимбабве доллары. Администрациялык-аймактык жактан 8 про­винцияга бөлүнөт; ошондой эле Хараре, Булавайо шаарлары да провинциялык статуска ээ. Провинциялар 59 округга, округдар 1200 муниципалитетке бөлүнөт.<br>Бириккен улуттар уюмунун (1980), Африка союзунун (2002), ЭВФтин (1980), Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сак­тоо уюмунун, Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун | ||
'''''Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2007)''''' | '''''Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2007)''''' | ||
''' | '''Таблица кетет!!!''' | ||
'' | <table name ='TABLE1'>Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2007)</table> | ||
(1995), Африка биримдиги уюмунун (1980), Чы­гыш жана Түштүк Африка жалпы рыногунун (1994), Түштүк Африка өнүгүү коомдоштугунун (1992), Эл аралык реконструкция жана өнүгүү банкынын (1980), ЭВФтин (1980) ж. б. уюмдардын мүчөсү. | |||
'''Табияты.''' Аймагын дээрлик Матабеле | '''Мамлекеттик түзүлүшү.''' Зимбабве – унитардык мам­лекет. Башкаруу формасы – президенттик рес­публика. Мамлекет башчысы – президент (Р. Г. Мугабе; 1980-жылдан премьер-министр, 1987-жылы премьер-министрлик кызмат жоюлган соң, республиканын президенти, 2002-жылы кайра­дан шайланган). Президент 5 жылдык мөөнөткө жалпы добуш берүү жолу менен шайланат. Ал өкмөттү да жетектейт. Жогорку мыйзам чыгаруу органы – эки палаталуу парламент. Парламент Сенаттан жана Улуттук ассамблеядан түзүлөт. <br>Негизги саясий партиялары: Зимбабве Афри­ка улуттук союзу – Патриоттук фронту (1963-жылы уюшулган; партиянын биринчи катчысы – Р. Мугабе), Демократиялык өзгөртүүлөр үчүн кыймыл (2000-жылы түзүлгөн оппозициялык партия; төра­гасы – М. Цвангираи). | ||
'''Табияты.''' Аймагын дээрлик Матабеле жана Ма­шона платолору ээлейт; алардын деңиз деңгээлинен орточо бийиктиги 800–1500 <i>м,</i> эң бийик жери 2596 <i>м</i> (Иньянга тоосундагы чоку). Платолор түндүктө Замбези, түштүктө Лимпопо дарыяларынын өрөөндөрүн карай тепкичтенип жапыздайт. Зимбабве хром руда­ларынын жана платина тобундагы металлдардын запасы боюнча дүйнөдө 3-орунда; ошондой эле алтын, те­мир кендеринин мааниси зор. Климаты түндүк | |||
[[File:ЗИМБАБВЕ27.png | thumb | Иньянга тоосу.]] | [[File:ЗИМБАБВЕ27.png | thumb | Иньянга тоосу.]] | ||
[[File:ЗИМБАБВЕ28.png | thumb | Матусадена улуттук паркы.]] | [[File:ЗИМБАБВЕ28.png | thumb | Матусадена улуттук паркы.]] | ||
бөлүгүндө субэкватордук, түштүгүндө тропиктик. Эң жылуу айынын (январь) орточо температурасы | бөлүгүндө субэкватордук, түштүгүндө тропиктик. Эң жылуу айынын (январь) орточо температурасы 21–27°С, эң серүүн айыныкы (июль) 10–17°С. Жылдык жаан-чачыны түштүк-батышында 300–750 <i>мм</i>ден, чыгышында 1250 <i>мм</i>ге чейин. Дарыя­лары <i>Замбезинин</i> жана <i>Лимпопонун</i> алаптары­на кирет. Замбези дарыясынын ортоңку агымында Ка­риба суу сактагычы курулган. Саванналуу сей­рек токой басымдуу; түштүк-батышына чөлдөшкөн саванна мүнөздүү. Иньянга тоосунун чыгыш капталын дайыма жашыл нымдуу токой жана тоо шалбаасы ээлейт. Виктория-Фолс улуттук паркы уюштурулган. Бир нече резерват жана заказник бар. | ||
'''Калкынын''' басымдуу бөлүгү (97,9%) африка­лыктар – бантулар (шона, матабеле, ндебеле, лоза, тонга ж. б.), ошондой эле европалыктар (100 миң­ге жакын), мулаттар да бар. Христиан (30%) | '''Калкынын''' басымдуу бөлүгү (97,9%) африка­лыктар – бантулар (шона, матабеле, ндебеле, лоза, тонга ж. б.), ошондой эле европалыктар (100 миң­ге жакын), мулаттар да бар. Христиан (30%) жана салт болуп калган жергиликтүү динди (60%) тутат. | ||
[[File:ЗИМБАБВЕ29.png | thumb | Зимбабвенин борбору – Хараре шаары.]] | [[File:ЗИМБАБВЕ29.png | thumb | Зимбабвенин борбору – Хараре шаары.]] | ||
Калктын табигый өсүүсү ИЖОС (СПИД) эпидемиясына байланыштуу (15–54 жаштагы­лардын 20%ке жакыны ВИЧке чалдыккан) төмөн (0,6%; 2007). Бала төрөлүү (1000 киши­ден 27,7) өлүм-житимден бир аз гана (21,8) жо­гору. Курактык структурада эмгек жашындагы­лар (15–64) басымдуу, 59,3%; өспүрүмдөр (15 жашка чейинкилер) 37,2%; 65тен ашкандар 3,5%. Орточо жыштыгы: 1 <i>км</i><sup>2 </sup>жерге 32,2 киши. Калкынын жашынын күтүлгөн орточо узактыгы – 39,5 жаш (эркектериники – 40,6, аялдарыны­кы – 38,4). Шаар калкы 32%. Ири шаарлары: Хараре (1607 миң), Булавайо (713,3 миң), Гверу (148,9), Читунгвиза (352,2), Мутаре, (193,6). Экономикалык активдүү калктын (4 млн) 66%и айыл чарбасында, 24%и тейлөө чөйрөсүндө, 10%и өнөр жайында эмгектенет. | Калктын табигый өсүүсү ИЖОС (СПИД) эпидемиясына байланыштуу (15–54 жаштагы­лардын 20%ке жакыны ВИЧке чалдыккан) төмөн (0,6%; 2007). Бала төрөлүү (1000 киши­ден 27,7) өлүм-житимден бир аз гана (21,8) жо­гору. Курактык структурада эмгек жашындагы­лар (15–64) басымдуу, 59,3%; өспүрүмдөр (15 жашка чейинкилер) 37,2%; 65тен ашкандар 3,5%. Орточо жыштыгы: 1 <i>км</i><sup>2 </sup>жерге 32,2 киши. Калкынын жашынын күтүлгөн орточо узактыгы – 39,5 жаш (эркектериники – 40,6, аялдарыны­кы – 38,4). Шаар калкы 32%. Ири шаарлары: Хараре (1607 миң), Булавайо (713,3 миң), Гверу (148,9), Читунгвиза (352,2), Мутаре, (193,6). Экономикалык активдүү калктын (4 млн) 66%и айыл чарбасында, 24%и тейлөө чөйрөсүндө, 10%и өнөр жайында эмгектенет. | ||
''' | '''Тарыхы.''' Зимбабве аймагын адамдар таш доорунан мекендеген. Темир дооруна таандык Гокомере, Леопардс-Копье, Зива эстеликтери белгилүү. 12-кылымда Зимбабве аймагында Мономотапа мамлекети пай­да болгон. 19-кылымдын аяк ченинде өлкөнү Улуу Британия басып алган соң, англиялыктар Зимбабвени Түштүк Родезия деп атаган. 1953-жылы Түштүк Родезия Родезия жана Ньясаленд федерациясынын кура­мына кирген. Антиколониялык кыймылдын күч алышынын натыйжасында Улуу Британия өкмөтү федерацияны таркатып, 1964-жылы Түштүк Родезия (Замбия) менен Ньясаленддин (Малави) көз карандысыздыгын таанууга аргасыз болот. Бийлик ак расанын аз сандуу өкүлдөрүнүн ко­лунда болгондуктан, Түштүк Родезиянын башын­да турган Я. Д. Смит бир тараптуу түрдө көз ка­рандысыз өз өкмөтүн жарыялаган (11. 11. 1965). Бирок эл аралык уюмдар аны тааныган эмес. 1978-жылы Я. Д. Смит ички кырдаалды жөнгө са­луу үчүн жергиликтүү элдик кыймылдын өкүлдөрү А. Т. Музорева жана Н. Ситоле менен келишүүгө аргасыз болуп, 1979-жылы парламенттик шайлоо өткөргөн. Африка элинин Патриоттук Фронту шайлоого бойкот жарыялагандыктан, шайлоо­нун негизинде Музорева – Смиттин коалиция­лык өкмөтү түзүлүп, Зимбабве – Родезия респ­убликасы жарыяланган. Бирок аймакта куралдуу кү­рөш муну менен эле токтоп калган эмес. 1980-жылы 18-апрелде көз карандысыз Зимбабве Республикасы жа­рыяланган жана шайлоодо Зимбабве Африка улуттук союзу партиясы жеңишке жетип, өкмөттү Р. Му­габе жетектеп, 1987-жылы өлкөнүн президенти бо­луп (1996-жылы экинчи мөөнөткө) шайланган. 90-жылдары өлкөнүн экономикасын модернизация­лоо боюнча бир катар реформалар жүзөгө ашырылса да, 1997- жана 1998-жылдарда Мугабенин бийлигине кар­шы кыймылдар башталганына карабастан, 2000-жылы парламенттик шайлоодо Зимбабве Африка улуттук союзу – Патриоттук фронту жеңишке жетишкен. 2002-жылы Р. Мугабе өлкө башчысы болуп калган. | ||
'''Экономикасы.''' Зимбабве 1990-жылдардын аягына че­йин Африкадагы өнүккөн өлкөлөрдүн бири бол­гон; экономикасынын негизин айыл чарбасы, кен казып алуу жана туризм түзгөн. 2000-жылдардын ба­шында терең кризиске учураган. 1999–2005-жылдарда бүт чарба тармактарында өндүрүштүн көлөмү 2 эсеге төмөндөгөн. 2006-жылы ИДПнин көлөмү 25,1 млрд долларды түзгөн; аны киши башына бө­лүштүргөндө 2000 доллардан туура келген. ИДПдеги тейлөө чөйрөсүнүн үлүшү 59,4%, өнөр жайыныкы 22,9%, айыл чарбасыныкы 17,7%. Зимбабведе 40тан ашык кен казып алынып, ИДПнин 4,5%ин, экспорт- | |||
[[File:ЗИМБАБВЕ30.png | thumb | none]]тун <sup>1</sup>/3 бөлүгүн түзөт. Кен байлыгынын ичинен экономикасында платина тобундагы металлдар, алтын, хромит, алмаз маанилүү орунду ээлейт. Зимбабве платина тобундагы металлдардын запасы б­оюнча дүйнөдө 3-орунда (Түштүк Африка Республикасы, Россия Федерациясынан кийинки); жылына 12 миң т (5 миң тдан ашыгы платина, 4 тдан ашыгы палладий) казып алынат. Негиз­ги кендери: Мимоса, Нгези. Алтын негизинен Квекве, Хараре, Шуругви, Булавайо аймакта­рынан казылып алынат (2006-жылы 14 тдан ашык). Хромиттин запасы боюнча дүйнөдө 3-орунда (Түштүк Африка Республикасы, Казакстандан кийинки). 2005-жылы 600 миң тдан ашык хромит казып алынган (ТАР, Казакстан жана Индиядан кийин 4-орунда турат). Ошондой эле ал­маз (Мурова, Чолочо; 251 миң <i>кар</i>), темир (Квек­ве; 377 миң т), литий (Масвинго; 37,5 миң т), көмүр (Хванге) 2,9 млн т) ж. б. казылып алы­нат. 2004-жылы 9,4 млрд кВт саат электр энергия­сы өндүрүлгөн; эң ири ГЭСи – Замбези дарыясындагы Кариба ГЭСи; ошондой эле ЖЭСтер да иштейт. Негиз­ги өнөр жай ишканалары: металлургия жана металл иштетүү, автомобиль, химия, нефть ажыратуу, тамеки, тамак-аш, текстиль, кийим тигүү, булгаары-бут кийим, эмерек ж. б. Айдоо жер өлкөнүн аймагынын 8,2%ин ээлейт; 1,7 миң <i>км</i><sup>2 </sup>жери сугарылат. Экспорттук не­гизги өсүмдүгү – тамеки; ал 2000-жылы 227,8 миң т жыйналса, 2005-жылы 65 миң тга чейин (кирешеси 75%ке) кыскарган. Башка экспорттук маанилүү өсүмдүктөрү: пахта, бал камыш; маанилүү азык­-түлүк өсүмдүктөрү: жүгөрү, ошондой эле маниок, жер жаңгак, буудай, соя, жашылча жана жемиш, не­гизинен апельсин, банан), чай, кофе, күн кара­ма, арпа ж. б. Келечекте экспорт үчүн гүл (неги­зинен чеге гүл, атыргүл) өстүрүүгө багыт алды. Эт жана сүт багытындагы мал чарбасы өнүккөн. 2004-жылы 5,4 млн бодо мал, 3 млн эчки, 0,6 млн кой болгон. Кургакчылык жана цеце чымынынын көптүгү айыл чарбасына көп зыян келтирет.<br>Темир жолунун жалпы узундугу 3,1 миң <i>км</i>, анын 313 <i>км</i>и электрлештирилген (2005). Автомобиль жолунуку 97,4 миң <i>км</i>. Хараре, Булавайо шаарларында | |||
[[File:ЗИМБАБВЕ31.png | thumb | Зимбабве акчасы.]] | [[File:ЗИМБАБВЕ31.png | thumb | Зимбабве акчасы.]] | ||
эл аралык аэропорт бар. Замбези дарыясы (негизинен Мозамбикке хромит ташылат) | эл аралык аэропорт бар. Замбези дарыясы (негизинен Мозамбикке хромит ташылат) жана Кариба суу сактагычы аркылуу кеме каттайт; порттору: Бинга, Кариба. Нефть куурунун узундугу 212 <i>км</i> (Бей­ра, Мозамбик – Мутаре). Товардык экспортунун наркы 1,8 млрд дол­лар, импорттуку 2,1 млрд доллар (2006). Экс­портко алтын, платина, феррокуйма, айыл чарба про­дуктуларын (негизинен тамеки, пахта, кант), текстиль, гүл чыгарып, сырттан машина жана анын тетиктерин, нефть жана нефть продукту­сун, химикат, азык-түлүк сатып алат. Негизги соода шериктери: ТАР, Кытай, Япония, Зам­бия, Нидерланд, Германия, Ботсвана. | ||
'''Маданияты.''' 1980-жылга чейин билим берүү иши расалык дискриминация принцибинде болгон. Жергиликтүү калктын жана европалыктардын балдары бөлөк окутулган. Жогорку окуу жайлары: Хараредеги Роде­зия университети (1955-жылы негизделген) жана Хараре политехникалык институту (1927). Ири музейлери: Булавайо­догу улуттук Зимбабве музейи, Хараредеги Улуттук галерея жана башкалар. Ири китепканалары: Парламент­тик китепкана, Калк китепканасы, Универси­теттик китепкана жана башка. Англис тилинде «Ге­ральд», «Кроникл», «Санди мейл», «Санди ньюс» жана башка гезиттер чыгат. Массалык маалымат каражаттары трести (акционердик коом; негизги капиталы мамлекетке таандык) | '''Маданияты.''' 1980-жылга чейин билим берүү иши расалык дискриминация принцибинде болгон. Жергиликтүү калктын жана европалыктардын балдары бөлөк окутулган. Жогорку окуу жайлары: Хараредеги Роде­зия университети (1955-жылы негизделген) жана Хараре политехникалык институту (1927). Ири музейлери: Булавайо­догу улуттук Зимбабве музейи, Хараредеги Улуттук галерея жана башкалар. Ири китепканалары: Парламент­тик китепкана, Калк китепканасы, Универси­теттик китепкана жана башка. Англис тилинде «Ге­ральд», «Кроникл», «Санди мейл», «Санди ньюс» жана башка гезиттер чыгат. Массалык маалымат каражаттары трести (акционердик коом; негизги капиталы мамлекетке таандык) Зимбабве Африка өлкө­лөр аралык маалымат агентчилигине (ЗИАНА) карайт. Мамлекеттик радио уктуруу жана телекөрсөтүү кызматы иштейт. | ||
[[File:ЗИМБАБВЕ32.png | thumb | Харареге жакын алачык.]] | [[File:ЗИМБАБВЕ32.png | thumb | Харареге жакын алачык.]] | ||
06:12, 26 Март (Жалган куран) 2026 -га соңку нускасы
ЗИМБА́БВЕ , З и м б а б в е Р е с п у б л и к ас ы – Африканын түштүк бөлүгүндө жайгашкан өлкө.

Түндүк-чыгышынан жана чыгышынан Мозамбик, түндүк-батышынан Замбия, түштүгүнөн Түштүк Африка Республикасы, батышынан Ботсвана менен чектешет. Аянты 390, миң км2. Калкы 16,6 млн (2024). Борбору – Хараре шаары (1982-жылга чейин – Солсбери). Расмий тилдери – англис, шона жана ндебеле тилдери. Акча бирдиги – Зимбабве доллары. Администрациялык-аймактык жактан 8 провинцияга бөлүнөт; ошондой эле Хараре, Булавайо шаарлары да провинциялык статуска ээ. Провинциялар 59 округга, округдар 1200 муниципалитетке бөлүнөт.
Бириккен улуттар уюмунун (1980), Африка союзунун (2002), ЭВФтин (1980), Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун, Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун
Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2007)
Таблица кетет!!!
Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2007)(1995), Африка биримдиги уюмунун (1980), Чыгыш жана Түштүк Африка жалпы рыногунун (1994), Түштүк Африка өнүгүү коомдоштугунун (1992), Эл аралык реконструкция жана өнүгүү банкынын (1980), ЭВФтин (1980) ж. б. уюмдардын мүчөсү.
Мамлекеттик түзүлүшү. Зимбабве – унитардык мамлекет. Башкаруу формасы – президенттик республика. Мамлекет башчысы – президент (Р. Г. Мугабе; 1980-жылдан премьер-министр, 1987-жылы премьер-министрлик кызмат жоюлган соң, республиканын президенти, 2002-жылы кайрадан шайланган). Президент 5 жылдык мөөнөткө жалпы добуш берүү жолу менен шайланат. Ал өкмөттү да жетектейт. Жогорку мыйзам чыгаруу органы – эки палаталуу парламент. Парламент Сенаттан жана Улуттук ассамблеядан түзүлөт.
Негизги саясий партиялары: Зимбабве Африка улуттук союзу – Патриоттук фронту (1963-жылы уюшулган; партиянын биринчи катчысы – Р. Мугабе), Демократиялык өзгөртүүлөр үчүн кыймыл (2000-жылы түзүлгөн оппозициялык партия; төрагасы – М. Цвангираи).
Табияты. Аймагын дээрлик Матабеле жана Машона платолору ээлейт; алардын деңиз деңгээлинен орточо бийиктиги 800–1500 м, эң бийик жери 2596 м (Иньянга тоосундагы чоку). Платолор түндүктө Замбези, түштүктө Лимпопо дарыяларынын өрөөндөрүн карай тепкичтенип жапыздайт. Зимбабве хром рудаларынын жана платина тобундагы металлдардын запасы боюнча дүйнөдө 3-орунда; ошондой эле алтын, темир кендеринин мааниси зор. Климаты түндүк


бөлүгүндө субэкватордук, түштүгүндө тропиктик. Эң жылуу айынын (январь) орточо температурасы 21–27°С, эң серүүн айыныкы (июль) 10–17°С. Жылдык жаан-чачыны түштүк-батышында 300–750 ммден, чыгышында 1250 ммге чейин. Дарыялары Замбезинин жана Лимпопонун алаптарына кирет. Замбези дарыясынын ортоңку агымында Кариба суу сактагычы курулган. Саванналуу сейрек токой басымдуу; түштүк-батышына чөлдөшкөн саванна мүнөздүү. Иньянга тоосунун чыгыш капталын дайыма жашыл нымдуу токой жана тоо шалбаасы ээлейт. Виктория-Фолс улуттук паркы уюштурулган. Бир нече резерват жана заказник бар.
Калкынын басымдуу бөлүгү (97,9%) африкалыктар – бантулар (шона, матабеле, ндебеле, лоза, тонга ж. б.), ошондой эле европалыктар (100 миңге жакын), мулаттар да бар. Христиан (30%) жана салт болуп калган жергиликтүү динди (60%) тутат.

Калктын табигый өсүүсү ИЖОС (СПИД) эпидемиясына байланыштуу (15–54 жаштагылардын 20%ке жакыны ВИЧке чалдыккан) төмөн (0,6%; 2007). Бала төрөлүү (1000 кишиден 27,7) өлүм-житимден бир аз гана (21,8) жогору. Курактык структурада эмгек жашындагылар (15–64) басымдуу, 59,3%; өспүрүмдөр (15 жашка чейинкилер) 37,2%; 65тен ашкандар 3,5%. Орточо жыштыгы: 1 км2 жерге 32,2 киши. Калкынын жашынын күтүлгөн орточо узактыгы – 39,5 жаш (эркектериники – 40,6, аялдарыныкы – 38,4). Шаар калкы 32%. Ири шаарлары: Хараре (1607 миң), Булавайо (713,3 миң), Гверу (148,9), Читунгвиза (352,2), Мутаре, (193,6). Экономикалык активдүү калктын (4 млн) 66%и айыл чарбасында, 24%и тейлөө чөйрөсүндө, 10%и өнөр жайында эмгектенет.
Тарыхы. Зимбабве аймагын адамдар таш доорунан мекендеген. Темир дооруна таандык Гокомере, Леопардс-Копье, Зива эстеликтери белгилүү. 12-кылымда Зимбабве аймагында Мономотапа мамлекети пайда болгон. 19-кылымдын аяк ченинде өлкөнү Улуу Британия басып алган соң, англиялыктар Зимбабвени Түштүк Родезия деп атаган. 1953-жылы Түштүк Родезия Родезия жана Ньясаленд федерациясынын курамына кирген. Антиколониялык кыймылдын күч алышынын натыйжасында Улуу Британия өкмөтү федерацияны таркатып, 1964-жылы Түштүк Родезия (Замбия) менен Ньясаленддин (Малави) көз карандысыздыгын таанууга аргасыз болот. Бийлик ак расанын аз сандуу өкүлдөрүнүн колунда болгондуктан, Түштүк Родезиянын башында турган Я. Д. Смит бир тараптуу түрдө көз карандысыз өз өкмөтүн жарыялаган (11. 11. 1965). Бирок эл аралык уюмдар аны тааныган эмес. 1978-жылы Я. Д. Смит ички кырдаалды жөнгө салуу үчүн жергиликтүү элдик кыймылдын өкүлдөрү А. Т. Музорева жана Н. Ситоле менен келишүүгө аргасыз болуп, 1979-жылы парламенттик шайлоо өткөргөн. Африка элинин Патриоттук Фронту шайлоого бойкот жарыялагандыктан, шайлоонун негизинде Музорева – Смиттин коалициялык өкмөтү түзүлүп, Зимбабве – Родезия республикасы жарыяланган. Бирок аймакта куралдуу күрөш муну менен эле токтоп калган эмес. 1980-жылы 18-апрелде көз карандысыз Зимбабве Республикасы жарыяланган жана шайлоодо Зимбабве Африка улуттук союзу партиясы жеңишке жетип, өкмөттү Р. Мугабе жетектеп, 1987-жылы өлкөнүн президенти болуп (1996-жылы экинчи мөөнөткө) шайланган. 90-жылдары өлкөнүн экономикасын модернизациялоо боюнча бир катар реформалар жүзөгө ашырылса да, 1997- жана 1998-жылдарда Мугабенин бийлигине каршы кыймылдар башталганына карабастан, 2000-жылы парламенттик шайлоодо Зимбабве Африка улуттук союзу – Патриоттук фронту жеңишке жетишкен. 2002-жылы Р. Мугабе өлкө башчысы болуп калган.
Экономикасы. Зимбабве 1990-жылдардын аягына чейин Африкадагы өнүккөн өлкөлөрдүн бири болгон; экономикасынын негизин айыл чарбасы, кен казып алуу жана туризм түзгөн. 2000-жылдардын башында терең кризиске учураган. 1999–2005-жылдарда бүт чарба тармактарында өндүрүштүн көлөмү 2 эсеге төмөндөгөн. 2006-жылы ИДПнин көлөмү 25,1 млрд долларды түзгөн; аны киши башына бөлүштүргөндө 2000 доллардан туура келген. ИДПдеги тейлөө чөйрөсүнүн үлүшү 59,4%, өнөр жайыныкы 22,9%, айыл чарбасыныкы 17,7%. Зимбабведе 40тан ашык кен казып алынып, ИДПнин 4,5%ин, экспорт-

тун 1/3 бөлүгүн түзөт. Кен байлыгынын ичинен экономикасында платина тобундагы металлдар, алтын, хромит, алмаз маанилүү орунду ээлейт. Зимбабве платина тобундагы металлдардын запасы боюнча дүйнөдө 3-орунда (Түштүк Африка Республикасы, Россия Федерациясынан кийинки); жылына 12 миң т (5 миң тдан ашыгы платина, 4 тдан ашыгы палладий) казып алынат. Негизги кендери: Мимоса, Нгези. Алтын негизинен Квекве, Хараре, Шуругви, Булавайо аймактарынан казылып алынат (2006-жылы 14 тдан ашык). Хромиттин запасы боюнча дүйнөдө 3-орунда (Түштүк Африка Республикасы, Казакстандан кийинки). 2005-жылы 600 миң тдан ашык хромит казып алынган (ТАР, Казакстан жана Индиядан кийин 4-орунда турат). Ошондой эле алмаз (Мурова, Чолочо; 251 миң кар), темир (Квекве; 377 миң т), литий (Масвинго; 37,5 миң т), көмүр (Хванге) 2,9 млн т) ж. б. казылып алынат. 2004-жылы 9,4 млрд кВт саат электр энергиясы өндүрүлгөн; эң ири ГЭСи – Замбези дарыясындагы Кариба ГЭСи; ошондой эле ЖЭСтер да иштейт. Негизги өнөр жай ишканалары: металлургия жана металл иштетүү, автомобиль, химия, нефть ажыратуу, тамеки, тамак-аш, текстиль, кийим тигүү, булгаары-бут кийим, эмерек ж. б. Айдоо жер өлкөнүн аймагынын 8,2%ин ээлейт; 1,7 миң км2 жери сугарылат. Экспорттук негизги өсүмдүгү – тамеки; ал 2000-жылы 227,8 миң т жыйналса, 2005-жылы 65 миң тга чейин (кирешеси 75%ке) кыскарган. Башка экспорттук маанилүү өсүмдүктөрү: пахта, бал камыш; маанилүү азык-түлүк өсүмдүктөрү: жүгөрү, ошондой эле маниок, жер жаңгак, буудай, соя, жашылча жана жемиш, негизинен апельсин, банан), чай, кофе, күн карама, арпа ж. б. Келечекте экспорт үчүн гүл (негизинен чеге гүл, атыргүл) өстүрүүгө багыт алды. Эт жана сүт багытындагы мал чарбасы өнүккөн. 2004-жылы 5,4 млн бодо мал, 3 млн эчки, 0,6 млн кой болгон. Кургакчылык жана цеце чымынынын көптүгү айыл чарбасына көп зыян келтирет.
Темир жолунун жалпы узундугу 3,1 миң км, анын 313 кми электрлештирилген (2005). Автомобиль жолунуку 97,4 миң км. Хараре, Булавайо шаарларында

эл аралык аэропорт бар. Замбези дарыясы (негизинен Мозамбикке хромит ташылат) жана Кариба суу сактагычы аркылуу кеме каттайт; порттору: Бинга, Кариба. Нефть куурунун узундугу 212 км (Бейра, Мозамбик – Мутаре). Товардык экспортунун наркы 1,8 млрд доллар, импорттуку 2,1 млрд доллар (2006). Экспортко алтын, платина, феррокуйма, айыл чарба продуктуларын (негизинен тамеки, пахта, кант), текстиль, гүл чыгарып, сырттан машина жана анын тетиктерин, нефть жана нефть продуктусун, химикат, азык-түлүк сатып алат. Негизги соода шериктери: ТАР, Кытай, Япония, Замбия, Нидерланд, Германия, Ботсвана.
Маданияты. 1980-жылга чейин билим берүү иши расалык дискриминация принцибинде болгон. Жергиликтүү калктын жана европалыктардын балдары бөлөк окутулган. Жогорку окуу жайлары: Хараредеги Родезия университети (1955-жылы негизделген) жана Хараре политехникалык институту (1927). Ири музейлери: Булавайодогу улуттук Зимбабве музейи, Хараредеги Улуттук галерея жана башкалар. Ири китепканалары: Парламенттик китепкана, Калк китепканасы, Университеттик китепкана жана башка. Англис тилинде «Геральд», «Кроникл», «Санди мейл», «Санди ньюс» жана башка гезиттер чыгат. Массалык маалымат каражаттары трести (акционердик коом; негизги капиталы мамлекетке таандык) Зимбабве Африка өлкөлөр аралык маалымат агентчилигине (ЗИАНА) карайт. Мамлекеттик радио уктуруу жана телекөрсөтүү кызматы иштейт.

Ад.: Железный век Африки. М., 1982; Краснопевцева Т. И. Зимбабве М., 1988; Республика Зимбабве: Справочник. М. 1985; Зимбабве // Большая Российская энциклопедия. Т. 10. М., 2008.