ЖАМАШЕВ Зулумбек: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| (6 intermediate revisions by 3 users not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ЖАМАШЕВ</b> Зулумбек | <b type='title'>ЖАМАШЕВ</b> Зулумбек [15. 02. 1924, [[СССР]], [[РСФСР]], [[Түркстан АССРи]], [[Фергана]] облусу, [[Наманган]] уезди, Бостон болуштугу (азыркы Сузак району), [[Кара-Көл айылы]] – 05. 01. 2016, [[КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ (КР)|Кыргыз Республикасы]], [[БИШКЕК|Бишкек шаары]]] – юрист, коомдук ишмер. Кыргыз ССРинин эмгек | ||
[[ | |||
[[File:ЖАМАШЕВ52.png | thumb | none]]сиңирген юристи (1974). 1950-жылы Фрунзе шаарындагы эки жылдык юридикалык мектепти бүткөн. 1942–1944-жылдарда «Большевик» колхозунда колхозчу, поч­точу, [[Сейдикум]] айыл сове­тинде секретарь, финансы агенти, 1944–1948-жылдарда [[Ачы]] райондук сотунда секретарь, сот аткаруучу, 1950–1951-жылдарда Ачы, Ленин (азыркы [[Ноокен|Ноо­кен]]) райондорунда прокуратуранын тергөөчүсү, 1951–1957-жылдарда Ленин райондук сотунда, 1957–1959-жылдарда [[Жалал-Абад|Жа­лал-Абад]] облустук сотунда төрага, 1959–67-жылдарда [[Ош]] облустук сотунда төраганын орун басары, 1967–1971-жылдарда Кыргыз ССР Жогорку сотунда судья, 1971– 1974-жылдарда Ош облустук юстициянын начальниги болуп иштеген. 1974–1990-жылдарда Кыргыз ССР Жогорку со­тунун төрагасы, ошондой эле СССР Конституциясына ылайык СССР Жогорку сотунун судьясы кыз­матын да кошо аткарган. 1990–1991-жылдарда Кыргыз ССР юстиция министрлигинде жарандык ак­тылар башкармасынын начальниги, 1991–1998-жылдарда Жалал-Абад облустук жаратылышты коргоо коо­мунда төрага, 1995–1998-жылдарда облустук ардагерлер кеңе­шинин төрагасы болуу менен бир эле мезгилде Кыргызстан элдеринин ассамблеясында облустук бөлүмдүн төрагасы, 1998–2005-жылдарда Жалал-Абад облустук мамлекеттик администрация башчысына коомдук кеңешчи болуп иштеген. [[Кыргыз CCР Жогорку Совети]]­нин депутаты (9-, 10-, 11-чакырылышы). 3-даражадагы «Манас» (2003), «Ардак Белгиси» ордендери, «Даңк» ж. б. медалдар менен сыйланган. | |||
[[Категория:3-том, 215-326 бб]] | |||
10:24, 26 Май (Бугу) 2026 -га соңку нускасы
ЖАМАШЕВ Зулумбек [15. 02. 1924, СССР, РСФСР, Түркстан АССРи, Фергана облусу, Наманган уезди, Бостон болуштугу (азыркы Сузак району), Кара-Көл айылы – 05. 01. 2016, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары] – юрист, коомдук ишмер. Кыргыз ССРинин эмгек

сиңирген юристи (1974). 1950-жылы Фрунзе шаарындагы эки жылдык юридикалык мектепти бүткөн. 1942–1944-жылдарда «Большевик» колхозунда колхозчу, почточу, Сейдикум айыл советинде секретарь, финансы агенти, 1944–1948-жылдарда Ачы райондук сотунда секретарь, сот аткаруучу, 1950–1951-жылдарда Ачы, Ленин (азыркы Ноокен) райондорунда прокуратуранын тергөөчүсү, 1951–1957-жылдарда Ленин райондук сотунда, 1957–1959-жылдарда Жалал-Абад облустук сотунда төрага, 1959–67-жылдарда Ош облустук сотунда төраганын орун басары, 1967–1971-жылдарда Кыргыз ССР Жогорку сотунда судья, 1971– 1974-жылдарда Ош облустук юстициянын начальниги болуп иштеген. 1974–1990-жылдарда Кыргыз ССР Жогорку сотунун төрагасы, ошондой эле СССР Конституциясына ылайык СССР Жогорку сотунун судьясы кызматын да кошо аткарган. 1990–1991-жылдарда Кыргыз ССР юстиция министрлигинде жарандык актылар башкармасынын начальниги, 1991–1998-жылдарда Жалал-Абад облустук жаратылышты коргоо коомунда төрага, 1995–1998-жылдарда облустук ардагерлер кеңешинин төрагасы болуу менен бир эле мезгилде Кыргызстан элдеринин ассамблеясында облустук бөлүмдүн төрагасы, 1998–2005-жылдарда Жалал-Абад облустук мамлекеттик администрация башчысына коомдук кеңешчи болуп иштеген. Кыргыз CCР Жогорку Советинин депутаты (9-, 10-, 11-чакырылышы). 3-даражадагы «Манас» (2003), «Ардак Белгиси» ордендери, «Даңк» ж. б. медалдар менен сыйланган.