ДРУЖЕНКОВ Георгий Иванович: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
 
(One intermediate revision by the same user not shown)
(Айырма жок)

21 апрель 2025, саат 08:53 учурдагы соңку нуска

ДРУ́ЖЕНКОВ Георгий Иванович (1918, Киров облусу, Перескоки айылы – 1981, Фрунзе) – айыл чарба ишмери, айыл чарба илимдеринин кандидаты (1966), Кыр­гыз ССР Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1974). 1962-жылы К. И. Скрябин атындагы КАЧИни бүткөн. 1946–50-жылдарда Чыгыш Казакстан облусунда зоотехник, 1950-жылы Кыргыз ССРинин совхоздор министрлигинде, Кыргызстан КП БКнын аппаратында, Кочкор райондук комитетинде секретарь болуп иштеген. 1963–81-жылдарда мал чарбасы боюнча Кыргызстан ИИИде улук илимий кыз­маткер, бөлүм башчысы. Тянь-Шань коюн чы­гаргандардын бири. Эмгек Кызыл Туу, Кызыл Жылдыз, 1–2-даражадагы Ата Мекендик согуш ор­дендери м-н сыйланган.