БИРИНЧИ ДҮЙНӨЛҮК СОГУШ (1914 – 1918): нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
No edit summary
 
1 сап: 1 сап:
'''БИРИНЧИ ДҮЙНӨЛҮК СОГУШ (1914''' – '''1918)''' – 
Борб. державалар (Германия, Австрия-Венгрия, Осмон империясы ж-а Болгария) м-н ''Анта<font color='green'>н</font>танын'' (Улуу Британия, Франция, Россия, кийинчерээк Япония, Италия, Румыния, АКШ ж. б.; бардыгы 34 мамлекет) ортосундагы с<font color='green'>о</font>гуш. Б. д. с. европ. улуу державалардын «дү<font color='green'>й</font>нөнү кайрадан бөлүштүрүү» үчүн күрөшүнөн улам келип чыккан. 20-к-дын башында дүйнөдөгү ири державалардын ортосунда дүйнөнү бөлүштүрүү аяктаган. Колониялардын көпчүлүгүн Англия, Франция ээлеп алып, Германия, АКШ, Япония
сыяктуу өнүгүп келаткан мамлекеттер жаӊы рынок, арзан чийкизат (сырьё) булактары үчүн күрөш башташкан. Державалардын ортосунд<font color='green'>а</font>гы саясий-экон., аймактык карама-каршылы<font color='green'>к</font>тардын негизги борбору Европада болгон, ош<font color='green'>о</font>ну м-н катар согушка катышкан ар бир өлкө жаӊы колонияларды ж-а таасир этүү чөйрөлөрүн басып алууну көздөгөн. Ушундан улам бул ма<font color='green'>м</font>лекеттер дүйнөнү кайрадан бөлүштүрүүгө араке<font color='green'>т</font>тенишет. Германия 1879-ж. согуш блогун түзүүгө киришип, Австрия-Венгрия м-н согуштук союз түзгөн. 1882-ж. ага Италия кошулуп, Францияга ж-а Россияга каршы Германия башында ту<font color='green'>р</font>ган ''Үчтүк союзу'' уюшулган (1914-ж. ага Осмон империясы, 1915-ж. Болгария кошулуп, ал эми 1915-ж. Италия союздан чыккандыгына байл<font color='green'>а</font>ныштуу Төрттүктөр союзу болуп кайра түзүлгөн). Ал эми Англия, Франция ж-а Россия 1907-ж. аларга каршы согуш коалициясы – ''Антант<font color='green'>а</font>га'' биригишкен. Германия Англия м-н Франци<font color='green'>я</font>ны талкалоону ж-а алардын колонияларын тартып алууну, Россияны начарлатууну ж-а Европада өз үстөмдүгүн орнотууну көздөгөн. Австрия-Венгрия Балкан ж. а-ндагы өз таас<font color='green'>и</font>рин кеӊейтүүгө ж-а ага караган элдердин улу<font color='green'>т</font>тук-боштондук кыймылын басууга умтулган. Англия башкы атаандашы Германияны талк<font color='green'>а</font>лоо м-н өзүнүн колониялык үстөмдүгүн сактап калуу, Осмон империясынан Месопотамия м-н Палестинаны тартып алуу, Египетте өзүнүн та<font color='green'>а</font>сирин чыӊдоону көздөгөн. Франция 1871-ж. Германияга тарттырып жиберген Эльзас м-н Лотарингияны кайтарып алууну ж-а чегараны Рейнден ары жылдыруу м-н Европа контине<font color='green'>н</font>тинде негизги ролду ойноону максат кылган. Россия Балкан ж. а-нда ж-а Босфор м-н Дард<font color='green'>а</font>нелль кысыктарында контроль орнотууну, о. эле Германияны экон. жактан начарлатууну ж-а Австрия-Венгриянын Балкандагы таасирин жоюуну көздөгөн. 1914-ж. Босниядагы австри<font color='green'>я</font>лык-венгриялык аскерлердин машыгуусуна к<font color='green'>а</font>тышууга келген австрия-венгриялык тактынын мураскору Франц Фердинанддын 15(28)-июнда Сараеводо серб улутчулу Гаврило Принцип т<font color='green'>а</font>рабынан өлтүрүлүшү жаӊы Балкан кризисине алып келген. Император Вильгельм II бул ок<font color='green'>у</font>яны «сербдерди талкалоо» үчүн шылтоо катары пайдаланууну чечкен. Австрия-Венгрия Герм<font color='green'>а</font>ниянын макулдугу м-н Сербия өкмөтүнө оор шарттарды камтыган ультиматумду койгон. Сербдердин анын көпчүлүк шарттарын кабыл алгандыгына карабастан, 28-июлда Австри<font color='green'>я</font>Венгрия Сербияга каршы согуш жарыялаган. Россия империясы Сербияга колдоо көрсөтүү
үчүн өлкөдө жалпы аскердик мобилизацияны
баштаган ж-а Германиянын жетекчилеринин Россиянын мындай кадамга баруусун токтоту<font color='green'>у</font>ну талап кылган ультиматумун четке каккан.


1-августта Германия Россияга каршы согуш ж<font color='green'>а</font>рыялаган. 2-августта Германиянын аскерлери Люксембургду ээлеп, 3-августта Францияга с<font color='green'>о</font>гуш жарыялаган. Немис аскерлери Бельгиянын аймагын басып алып, ал аркылуу Францияны көздөй жөнөгөн. Бельгиянын нейтралитетин сактоону талап кылуу м-н Улуу Британия 2<font color='green'>2</font>июлда (4-август) Германияга каршы согуш ж<font color='green'>а</font>рыялаган. Европ. державалар м-н бирдикте алардын доминиондору ж-а колониялары да согушка тартылган. Августтун аягында Герм<font color='green'>а</font>нияга каршы Япония согуш жарыялап, анын Ы. Чыгыштагы ж-а Тынч океандагы колони<font color='green'>я</font>ларын ээлеп алган. Германиянын кысымы м-н Осмон империясы Антантага каршы согуштук аракеттерин баштаган. Антанта тарабында О<font color='green'>с</font>мон империясына каршы англичандардын көзөмөлү астында келген Египет согушка атта<font color='green'>н</font>ган. Ошентип, августтун аягында бул согушка 33 мамлекет тартылып, дүйнөлүк согушка а<font color='green'>й</font>ланган. 1917-ж. 6-апрелде Германияга каршы АКШ, кийинчерээк Латын Америкасынын 14 мамлекети, Кытай, Сиам ж-а Либерия согуш жарыялайт. Февраль рев-ясынын натыйжасы<font color='green'>н</font>да Россияда падышалык бийлик кулатылып, 1918-ж. 3-мартта Россия Германия м-н сепара<font color='green'>т</font>тык Брест тынчтык келишимине кол койгон. Б. д. с. Антанта союзунун жеӊиши м-н аякт<font color='green'>а</font>ды. Жалпысынан Антанта ж-а анын союзда<font color='green'>ш</font>тары адам ж-а материалдык ресурстары б-ча Ге<font color='green'>р</font>мания м-н Австрия-Венгрияга салыштырмалуу бир топ артыкчылык кылган. Согуштун ба<font color='green'>ш</font>талышында эле Антанта 11 млн аскерге ээ бо<font color='green'>л</font>со, Германия м-н Австрия-Венгрия 6,1 млн а<font color='green'>с</font>керге ээ болгон. 1918-ж. 29-сентябрда Болгария, 30-октябрда Осмон империясы, 3-ноябрда А<font color='green'>в</font>стрия-Венгрия, 11-ноябрда Германия капитул<font color='green'>я</font>цияланган. 3-ноябрда Германияда башталган моряктардын көтөрүлүшү рев-я м-н аяктап, ка<font color='green'>й</font>зер өлкөнү таштап чыгып кетти ж-а Германия респ. болуп жарыяланды. Б. д. с-тун жүрүшүндө согушуп жаткан тараптар 74 млн кишини с<font color='green'>о</font>гушка мобилизациялаган. Европалык держав<font color='green'>а</font>лар тарабынан башталган согушка 33 мамл<font color='green'>е</font>кет катышып, 10 млнго жакын киши курман,
Борбордук державалар (Германия, Австрия-Венгрия, Осмон империясы жана Болгария) менен ''Анта<font color="green">н</font>танын'' (Улуу Британия, Франция, Россия, кийинчерээк Япония, Италия, Румыния, АКШ ж. б.; бардыгы 34 мамлекет) ортосундагы с<font color="green">о</font>гуш. Биринчи дүйнөлүк согуш  европалык улуу державалардын «дү<font color="green">й</font>нөнү кайрадан бөлүштүрүү» үчүн күрөшүнөн улам келип чыккан. 20-кылымдын башында дүйнөдөгү ири державалардын ортосунда дүйнөнү бөлүштүрүү аяктаган. Колониялардын көпчүлүгүн Англия, Франция ээлеп алып, Германия, АКШ, Япония сыяктуу өнүгүп келаткан мамлекеттер жаӊы рынок, арзан чийкизат (сырьё) булактары үчүн күрөш башташкан. Державалардын ортосунд<font color="green">а</font>гы саясий-экономикалык, аймактык карама-каршылы<font color="green">к</font>тардын негизги борбору Европада болгон, ош<font color="green">о</font>ну менен катар согушка катышкан ар бир өлкө жаӊы колонияларды жана таасир этүү чөйрөлөрүн басып алууну көздөгөн. Ушундан улам бул ма<font color="green">м</font>лекеттер дүйнөнү кайрадан бөлүштүрүүгө араке<font color="green">т</font>тенишет. Германия 1879-жылы согуш блогун түзүүгө киришип, Австрия-Венгрия менен согуштук союз түзгөн. 1882-жылы ага Италия кошулуп, Францияга жана Россияга каршы Германия башында ту<font color="green">р</font>ган ''Үчтүк союзу'' уюшулган (1914-жылы ага Осмон империясы, 1915-жылы Болгария кошулуп, ал эми 1915-жылы Италия союздан чыккандыгына байл<font color="green">а</font>ныштуу Төрттүктөр союзу болуп кайра түзүлгөн). Ал эми Англия, Франция жана Россия 1907-жылы аларга каршы согуш коалициясы – ''Антант<font color="green">а</font>га'' биригишкен. Германия Англия менен Франци<font color="green">я</font>ны талкалоону жана алардын колонияларын тартып алууну, Россияны начарлатууну жана Европада өз үстөмдүгүн орнотууну көздөгөн. Австрия-Венгрия Балкан ж. а-ндагы өз таас<font color="green">и</font>рин кеӊейтүүгө жана ага караган элдердин улу<font color="green">т</font>тук-боштондук кыймылын басууга умтулган. Англия башкы атаандашы Германияны талк<font color="green">а</font>лоо менен өзүнүн колониялык үстөмдүгүн сактап калуу, Осмон империясынан Месопотамия менен Палестинаны тартып алуу, Египетте өзүнүн та<font color="green">а</font>сирин чыӊдоону көздөгөн. Франция 1871-жылы Германияга тарттырып жиберген Эльзас менен Лотарингияны кайтарып алууну жана чегараны Рейнден ары жылдыруу менен Европа контине<font color="green">н</font>тинде негизги ролду ойноону максат кылган. Россия Балкан ж. а-нда жана Босфор менен Дард<font color="green">а</font>нелль кысыктарында контроль орнотууну, ошондой эле Германияны экономикалык жактан начарлатууну жана Австрия-Венгриянын Балкандагы таасирин жоюуну көздөгөн. 1914-жылы Босниядагы австри<font color="green">я</font>лык-венгриялык аскерлердин машыгуусуна к<font color="green">а</font>тышууга келген австрия-венгриялык тактынын мураскору Франц Фердинанддын 15(28)-июнда Сараеводо серб улутчулу Гаврило Принцип т<font color="green">а</font>рабынан өлтүрүлүшү жаӊы Балкан кризисине алып келген. Император Вильгельм II бул ок<font color="green">у</font>яны «сербдерди талкалоо» үчүн шылтоо катары пайдаланууну чечкен. Австрия-Венгрия Герм<font color="green">а</font>ниянын макулдугу менен Сербия өкмөтүнө оор шарттарды камтыган ультиматумду койгон. Сербдердин анын көпчүлүк шарттарын кабыл алгандыгына карабастан, 28-июлда Австри<font color="green">я</font> Венгрия Сербияга каршы согуш жарыялаган. Россия империясы Сербияга колдоо көрсөтүү үчүн өлкөдө жалпы аскердик мобилизацияны баштаган жана Германиянын жетекчилеринин Россиянын мындай кадамга баруусун токтоту<font color="green">у</font>ну талап кылган ультиматумун четке каккан.
20 млнго жакыны жарадар болгон. Согуштук
 
чыгымдар 266 млрд долларды түзгөн. Дүйнөлүк согуштун жыйынтыгында Россия, Германия, Австрия-Венгрия ж-а Осмон империялары кы<font color='green'>й</font>рап жок болгон. Б. д. с-тун жыйынтыгын ч<font color='green'>ы</font>гарган ж-а анда жеӊилген өлкөлөр м-н тын<font color='green'>ч</font>тык келишимдердин шарттарын иштеп чыгу<font color='green'>у</font>га чакырылган ''Париж тынчтык конференци<font color='green'>я</font>сынын'' жүрүшүндө Антанта өлкөлөрү м-н Ге<font color='green'>р</font>мания (Версаль), Австрия (Сен-Жермен), Вен<font color='green'>г</font>рия (Трианон), Болгария (Нейи), Түркия (Севр) мамлекеттеринин ортосундагы тынчтык кел<font color='green'>и</font>шимдерге кол коюлган. 1914-ж. башталган Б. д. <font color='green'>с</font>ка Россиянын катышуусу анын курамындагы элдерге, а. и. кыргыздарга да бир топ кыйынч<font color='green'>ы</font>лыктарды жараткан. Кыргыздар да башка э<font color='green'>л</font>дер м-н катар эле акча, кийим-кече, аттарды жөнөтүп турууга милдеттендирилген. 1916-ж. 2<font color='green'>5</font>июнда император Николай IIнин Волга бою,
1-августта Германия Россияга каршы согуш ж<font color="green">а</font>рыялаган. 2-августта Германиянын аскерлери Люксембургду ээлеп, 3-августта Францияга с<font color="green">о</font>гуш жарыялаган. Немис аскерлери Бельгиянын аймагын басып алып, ал аркылуу Францияны көздөй жөнөгөн. Бельгиянын нейтралитетин сактоону талап кылуу менен Улуу Британия 2<font color="green">2</font>июлда (4-август) Германияга каршы согуш ж<font color="green">а</font>рыялаган. Европалык державалар менен бирдикте алардын доминиондору жана колониялары да согушка тартылган. Августтун аягында Герм<font color="green">а</font>нияга каршы Япония согуш жарыялап, анын Ы. Чыгыштагы жана Тынч океандагы колони<font color="green">я</font>ларын ээлеп алган. Германиянын кысымы менен Осмон империясы Антантага каршы согуштук аракеттерин баштаган. Антанта тарабында О<font color="green">с</font>мон империясына каршы англичандардын көзөмөлү астында келген Египет согушка атта<font color="green">н</font>ган. Ошентип, августтун аягында бул согушка 33 мамлекет тартылып, дүйнөлүк согушка а<font color="green">й</font>ланган. 1917-жылы 6-апрелде Германияга каршы АКШ, кийинчерээк Латын Америкасынын 14 мамлекети, Кытай, Сиам жана Либерия согуш жарыялайт. Февраль революциясынын натыйжасы<font color="green">н</font>да Россияда падышалык бийлик кулатылып, 1918-жылы 3-мартта Россия Германия менен сепара<font color="green">т</font>тык Брест тынчтык келишимине кол койгон. Биринчи дүйнөлүк согуш Антанта союзунун жеӊиши менен аякт<font color="green">а</font>ды. Жалпысынан Антанта жана анын союзда<font color="green">ш</font>тары адам жана материалдык ресурстары боюнча Ге<font color="green">р</font>мания менен Австрия-Венгрияга салыштырмалуу бир топ артыкчылык кылган. Согуштун ба<font color="green">ш</font>талышында эле Антанта 11 млн аскерге ээ бо<font color="green">л</font>со, Германия менен Австрия-Венгрия 6,1 млн а<font color="green">с</font>керге ээ болгон. 1918-жылы 29-сентябрда Болгария, 30-октябрда Осмон империясы, 3-ноябрда А<font color="green">в</font>стрия-Венгрия, 11-ноябрда Германия капитул<font color="green">я</font>цияланган. 3-ноябрда Германияда башталган моряктардын көтөрүлүшү революция менен аяктап, ка<font color="green">й</font>зер өлкөнү таштап чыгып кетти жана Германия респ. болуп жарыяланды. Биринчи дүйнөлук согуштун жүрүшүндө согушуп жаткан тараптар 74 млн кишини с<font color="green">о</font>гушка мобилизациялаган. Европалык держав<font color="green">а</font>лар тарабынан башталган согушка 33 мамл<font color="green">е</font>кет катышып, 10 млнго жакын киши курман, 20 млнго жакыны жарадар болгон. Согуштук чыгымдар 266 млрд долларды түзгөн. Дүйнөлүк согуштун жыйынтыгында Россия, Германия, Австрия-Венгрия жана Осмон империялары кы<font color="green">й</font>рап жок болгон. Биринчи дүйнөлүк согуштун жыйынтыгын ч<font color="green">ы</font>гарган жана анда жеӊилген өлкөлөр менен тын<font color="green">ч</font>тык келишимдердин шарттарын иштеп чыгу<font color="green">у</font>га чакырылган ''Париж тынчтык конференци<font color="green">я</font>сынын'' жүрүшүндө Антанта өлкөлөрү менен Ге<font color="green">р</font>мания (Версаль), Австрия (Сен-Жермен), Вен<font color="green">г</font>рия (Трианон), Болгария (Нейи), Түркия (Севр) мамлекеттеринин ортосундагы тынчтык кел<font color="green">и</font>шимдерге кол коюлган. 1914-жылы башталган биринчи дүйнөлүк согушка Россиянын катышуусу анын курамындагы элдерге, анын ичинде кыргыздарга да бир топ кыйынч<font color="green">ы</font>лыктарды жараткан. Кыргыздар да башка э<font color="green">л</font>дер менен катар эле акча, кийим-кече, аттарды жөнөтүп турууга милдеттендирилген. 1916-жылы 2<font color="green">5</font>июнда император Николай IIнин Волга бою, Чыгыш Сибирь, Түркстан жана Казакстандан 19дан 43 жашка чейинки курактагы эркекте<font color="green">р</font>ди согушуп жаткан Россиянын оорук иштерине мобилизациялоо тууралуу жардыгы жарыял<font color="green">а</font>нат. Түркстан крайы боюнча жалпысынан 200 470 киши, анын ичинде Жети Суу облусунан 43 000, Фергана облусунан 51 233 киши оорук иштерине алыну<font color="green">у</font>га тийиш болгон. Бул жарлык жергиликтүү элдердин катуу нааразычылыгын туудуруп, Россиянын оторчул саясатына каршы элдик-боштондук кыймылдын башталышына алып келген.                                                                                                                                                   Ад.: Первая мировая война. 1914–1918 / Под ред. ''А. Л. Сидорова.'' М., 1968; История Первой мировой войны 1914 – 1918. Т. 1–2. М., 1975; Новая история стран Европы и Америки. Второй период /Под ред. ''И. М. Кривогуза и Е. Е. Юровской.'' М., 1998; История Отечества. Энциклопедический словарь. М., 1999; История Киргизской ССР. Т. 1. Ф., 1968; Кыргызстан. Энциклопедия. Б. 2001.     ''А. Орозов.''  
Чыгыш Сибирь, Түркстан ж-а Казакстандан
[[Category: 2-том ]]
19дан 43 жашка чейинки курактагы эркекте<font color='green'>р</font>ди согушуп жаткан Россиянын оорук иштерине мобилизациялоо тууралуу жардыгы жарыял<font color='green'>а</font>нат. Түркстан крайы б-ча жалпысынан 200 470 киши, а. и. Жетисуу облусунан 43 000, Фергана облусунан 51 233 киши оорук иштерине алыну<font color='green'>у</font>га тийиш болгон. Бул жарлык жерг. элдердин катуу нааразычылыгын туудуруп, Россиянын оторчул саясатына каршы элдик-боштондук кыймылдын башталышына алып келген.
Ад.: Первая мировая война. 1914–1918 / Под ред. ''А. Л. Сидорова.'' М., 1968; История Первой мировой войны 1914 – 1918. Т. 1–2. М., 1975; Новая история стран Европы и Америки. Второй период /Под ред. ''И. М. Кривогуза и Е. Е. Юровской.'' М., 1998; История Отечества. Энциклопедический словарь. М., 1999; История Киргизской ССР. Т. 1. Ф., 1968; Кыргызстан. Энциклопедия. Б. 2001. ''А. Орозов.'' [[Category: 2-том ]]

05:58, 12 Май (Бугу) 2026 -га соңку нускасы

БИРИНЧИ ДҮЙНӨЛҮК СОГУШ (19141918)

Борбордук державалар (Германия, Австрия-Венгрия, Осмон империясы жана Болгария) менен Антантанын (Улуу Британия, Франция, Россия, кийинчерээк Япония, Италия, Румыния, АКШ ж. б.; бардыгы 34 мамлекет) ортосундагы согуш. Биринчи дүйнөлүк согуш европалык улуу державалардын «дүйнөнү кайрадан бөлүштүрүү» үчүн күрөшүнөн улам келип чыккан. 20-кылымдын башында дүйнөдөгү ири державалардын ортосунда дүйнөнү бөлүштүрүү аяктаган. Колониялардын көпчүлүгүн Англия, Франция ээлеп алып, Германия, АКШ, Япония сыяктуу өнүгүп келаткан мамлекеттер жаӊы рынок, арзан чийкизат (сырьё) булактары үчүн күрөш башташкан. Державалардын ортосундагы саясий-экономикалык, аймактык карама-каршылыктардын негизги борбору Европада болгон, ошону менен катар согушка катышкан ар бир өлкө жаӊы колонияларды жана таасир этүү чөйрөлөрүн басып алууну көздөгөн. Ушундан улам бул мамлекеттер дүйнөнү кайрадан бөлүштүрүүгө аракеттенишет. Германия 1879-жылы согуш блогун түзүүгө киришип, Австрия-Венгрия менен согуштук союз түзгөн. 1882-жылы ага Италия кошулуп, Францияга жана Россияга каршы Германия башында турган Үчтүк союзу уюшулган (1914-жылы ага Осмон империясы, 1915-жылы Болгария кошулуп, ал эми 1915-жылы Италия союздан чыккандыгына байланыштуу Төрттүктөр союзу болуп кайра түзүлгөн). Ал эми Англия, Франция жана Россия 1907-жылы аларга каршы согуш коалициясы – Антантага биригишкен. Германия Англия менен Францияны талкалоону жана алардын колонияларын тартып алууну, Россияны начарлатууну жана Европада өз үстөмдүгүн орнотууну көздөгөн. Австрия-Венгрия Балкан ж. а-ндагы өз таасирин кеӊейтүүгө жана ага караган элдердин улуттук-боштондук кыймылын басууга умтулган. Англия башкы атаандашы Германияны талкалоо менен өзүнүн колониялык үстөмдүгүн сактап калуу, Осмон империясынан Месопотамия менен Палестинаны тартып алуу, Египетте өзүнүн таасирин чыӊдоону көздөгөн. Франция 1871-жылы Германияга тарттырып жиберген Эльзас менен Лотарингияны кайтарып алууну жана чегараны Рейнден ары жылдыруу менен Европа континентинде негизги ролду ойноону максат кылган. Россия Балкан ж. а-нда жана Босфор менен Дарданелль кысыктарында контроль орнотууну, ошондой эле Германияны экономикалык жактан начарлатууну жана Австрия-Венгриянын Балкандагы таасирин жоюуну көздөгөн. 1914-жылы Босниядагы австриялык-венгриялык аскерлердин машыгуусуна катышууга келген австрия-венгриялык тактынын мураскору Франц Фердинанддын 15(28)-июнда Сараеводо серб улутчулу Гаврило Принцип тарабынан өлтүрүлүшү жаӊы Балкан кризисине алып келген. Император Вильгельм II бул окуяны «сербдерди талкалоо» үчүн шылтоо катары пайдаланууну чечкен. Австрия-Венгрия Германиянын макулдугу менен Сербия өкмөтүнө оор шарттарды камтыган ультиматумду койгон. Сербдердин анын көпчүлүк шарттарын кабыл алгандыгына карабастан, 28-июлда Австрия Венгрия Сербияга каршы согуш жарыялаган. Россия империясы Сербияга колдоо көрсөтүү үчүн өлкөдө жалпы аскердик мобилизацияны баштаган жана Германиянын жетекчилеринин Россиянын мындай кадамга баруусун токтотууну талап кылган ультиматумун четке каккан.

1-августта Германия Россияга каршы согуш жарыялаган. 2-августта Германиянын аскерлери Люксембургду ээлеп, 3-августта Францияга согуш жарыялаган. Немис аскерлери Бельгиянын аймагын басып алып, ал аркылуу Францияны көздөй жөнөгөн. Бельгиянын нейтралитетин сактоону талап кылуу менен Улуу Британия 22июлда (4-август) Германияга каршы согуш жарыялаган. Европалык державалар менен бирдикте алардын доминиондору жана колониялары да согушка тартылган. Августтун аягында Германияга каршы Япония согуш жарыялап, анын Ы. Чыгыштагы жана Тынч океандагы колонияларын ээлеп алган. Германиянын кысымы менен Осмон империясы Антантага каршы согуштук аракеттерин баштаган. Антанта тарабында Осмон империясына каршы англичандардын көзөмөлү астында келген Египет согушка аттанган. Ошентип, августтун аягында бул согушка 33 мамлекет тартылып, дүйнөлүк согушка айланган. 1917-жылы 6-апрелде Германияга каршы АКШ, кийинчерээк Латын Америкасынын 14 мамлекети, Кытай, Сиам жана Либерия согуш жарыялайт. Февраль революциясынын натыйжасында Россияда падышалык бийлик кулатылып, 1918-жылы 3-мартта Россия Германия менен сепараттык Брест тынчтык келишимине кол койгон. Биринчи дүйнөлүк согуш Антанта союзунун жеӊиши менен аяктады. Жалпысынан Антанта жана анын союздаштары адам жана материалдык ресурстары боюнча Германия менен Австрия-Венгрияга салыштырмалуу бир топ артыкчылык кылган. Согуштун башталышында эле Антанта 11 млн аскерге ээ болсо, Германия менен Австрия-Венгрия 6,1 млн аскерге ээ болгон. 1918-жылы 29-сентябрда Болгария, 30-октябрда Осмон империясы, 3-ноябрда Австрия-Венгрия, 11-ноябрда Германия капитуляцияланган. 3-ноябрда Германияда башталган моряктардын көтөрүлүшү революция менен аяктап, кайзер өлкөнү таштап чыгып кетти жана Германия респ. болуп жарыяланды. Биринчи дүйнөлук согуштун жүрүшүндө согушуп жаткан тараптар 74 млн кишини согушка мобилизациялаган. Европалык державалар тарабынан башталган согушка 33 мамлекет катышып, 10 млнго жакын киши курман, 20 млнго жакыны жарадар болгон. Согуштук чыгымдар 266 млрд долларды түзгөн. Дүйнөлүк согуштун жыйынтыгында Россия, Германия, Австрия-Венгрия жана Осмон империялары кыйрап жок болгон. Биринчи дүйнөлүк согуштун жыйынтыгын чыгарган жана анда жеӊилген өлкөлөр менен тынчтык келишимдердин шарттарын иштеп чыгууга чакырылган Париж тынчтык конференциясынын жүрүшүндө Антанта өлкөлөрү менен Германия (Версаль), Австрия (Сен-Жермен), Венгрия (Трианон), Болгария (Нейи), Түркия (Севр) мамлекеттеринин ортосундагы тынчтык келишимдерге кол коюлган. 1914-жылы башталган биринчи дүйнөлүк согушка Россиянын катышуусу анын курамындагы элдерге, анын ичинде кыргыздарга да бир топ кыйынчылыктарды жараткан. Кыргыздар да башка элдер менен катар эле акча, кийим-кече, аттарды жөнөтүп турууга милдеттендирилген. 1916-жылы 25июнда император Николай IIнин Волга бою, Чыгыш Сибирь, Түркстан жана Казакстандан 19дан 43 жашка чейинки курактагы эркектерди согушуп жаткан Россиянын оорук иштерине мобилизациялоо тууралуу жардыгы жарыяланат. Түркстан крайы боюнча жалпысынан 200 470 киши, анын ичинде Жети Суу облусунан 43 000, Фергана облусунан 51 233 киши оорук иштерине алынууга тийиш болгон. Бул жарлык жергиликтүү элдердин катуу нааразычылыгын туудуруп, Россиянын оторчул саясатына каршы элдик-боштондук кыймылдын башталышына алып келген. Ад.: Первая мировая война. 1914–1918 / Под ред. А. Л. Сидорова. М., 1968; История Первой мировой войны 1914 – 1918. Т. 1–2. М., 1975; Новая история стран Европы и Америки. Второй период /Под ред. И. М. Кривогуза и Е. Е. Юровской. М., 1998; История Отечества. Энциклопедический словарь. М., 1999; История Киргизской ССР. Т. 1. Ф., 1968; Кыргызстан. Энциклопедия. Б. 2001. А. Орозов.