ДАЕК: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
| 1-сап: | 1-сап: | ||
'''ДАЕК''' – салт боюнча тийиштүү кишилерге калыс­тык менен бөлүнүүчү же таркатылуучу мал, дүнүйө, ­мүлк, буюм-тайым. Кудалашуу, куда тосуу, ку­данын алдына барууда колдонулуучу ар түрдүү (аркан тосмой, баяндос салмай, көрүндүк, жүгүнүү, жеӊкетай, сүт акы, жүк көрүү, чылбыр тартар, дасторкон жыяр, жылкычылык, күйөө баштык жана башка) ырым-жырымдарда бе­рилүүчү мал, мүлк, акча, кийим, кездеме; ата­-эненин карыганда балдарына калтырылган мурасы же энчиси (жер, мал, үй, эмерек, дүнүйө, акча); сөөк коюу жөрөлгөсүнө ылайык тарка­тылуучу чачыла, мүчө, жыртыш, таберик жана башкалар | '''ДАЕК''' – салт боюнча тийиштүү кишилерге калыс­тык менен бөлүнүүчү же таркатылуучу мал, дүнүйө, ­мүлк, буюм-тайым. Кудалашуу, куда тосуу, ку­данын алдына барууда колдонулуучу ар түрдүү (аркан тосмой, баяндос салмай, көрүндүк, жүгүнүү, жеӊкетай, сүт акы, жүк көрүү, чылбыр тартар, дасторкон жыяр, жылкычылык, күйөө баштык жана башка) ырым-жырымдарда бе­рилүүчү мал, мүлк, акча, кийим, кездеме; ата­-эненин карыганда балдарына калтырылган мурасы же энчиси (жер, мал, үй, эмерек, дүнүйө, акча); сөөк коюу жөрөлгөсүнө ылайык тарка­тылуучу чачыла, мүчө, жыртыш, таберик жана башкалар. Ошондой эле жоокерчиликте бөлүштүрүлүүчү олжолор (мөрөй, байге, белек) да Даек деп аталган. Даекти так бөлүштүрүү үчүн атайын калыс адам ''– даек­чи'' дайындалган. | ||
''И. Молдобаев.'' | |||
[[Category: 3-том, 5-85 бб]] | |||
19 март 2025, саат 09:35 учурдагы соңку нуска
ДАЕК – салт боюнча тийиштүү кишилерге калыстык менен бөлүнүүчү же таркатылуучу мал, дүнүйө, мүлк, буюм-тайым. Кудалашуу, куда тосуу, куданын алдына барууда колдонулуучу ар түрдүү (аркан тосмой, баяндос салмай, көрүндүк, жүгүнүү, жеӊкетай, сүт акы, жүк көрүү, чылбыр тартар, дасторкон жыяр, жылкычылык, күйөө баштык жана башка) ырым-жырымдарда берилүүчү мал, мүлк, акча, кийим, кездеме; ата-эненин карыганда балдарына калтырылган мурасы же энчиси (жер, мал, үй, эмерек, дүнүйө, акча); сөөк коюу жөрөлгөсүнө ылайык таркатылуучу чачыла, мүчө, жыртыш, таберик жана башкалар. Ошондой эле жоокерчиликте бөлүштүрүлүүчү олжолор (мөрөй, байге, белек) да Даек деп аталган. Даекти так бөлүштүрүү үчүн атайын калыс адам – даекчи дайындалган.
И. Молдобаев.