БАЙДАРКА: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
| (One intermediate revision by one other user not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
'''БАЙДАРКА ''' | '''БАЙДАРКА '''– суу спорту менен туризминде кол­донулуучу ичке, жеңил кайык. Анын калагы кырына бекибейт, үстү люктуу палуба менен жа­былган, эки айчыктуу калак менен айдалып, бут менен башкарылуучу руль менен бурулат. Байдарка спорт­тук, туристтик жана парустуу болуп бөлүнөт. С п о р т т у к байдарка – палубасы жабык, 1, 2, 4 орундуу оюкчалары (кокпити) бар, эки айчыктуу калак менен айдалуучу кайык. Спорттук байдарка жука фанерадан жасалып, салмагы 30 ''кг'' га жетет, тол­кунсуз тынч сууда жарышуу үчүн колдонулат. Т у р и с т т и к байдарканын тулку бүтүндүй же бүктөлмө түрүндө болуп, жыгач, темир жана пластмассадан жасалып, суу өткөрбөөчү материал менен капталат. Туристтик байдарка спорттукка караганда салмактуу ( 27-50 ''кг''), эндүү, сыйымдуу, жүк көтөрүмдүү. Байдарка жана каноэде сүзүү боюнча Эл аралык союзу түзүлгөн (1924). Спорттун бул түрү 1936- жылдан Олимпиада оюндарынын программасына киргизилген, 1938-жылдан ар бир 4 жылда, ал эми 1971-жылдан дүйнөлүк жана Европанын чемпионаты жылыга өткөрүлөт. П а р у с т у у байдарка калак менен айдалуучу түрүнөн парусу жана тез сүзүшү менен айырмаланат. Байдарканын парустуу түрү боюнча да спорттук мелдеш өткөрүлөт. [[Category: 2-том, 1-69 бб]] | ||
07:45, 16 Апрель (Чын куран) 2026 -га соңку нускасы
БАЙДАРКА – суу спорту менен туризминде колдонулуучу ичке, жеңил кайык. Анын калагы кырына бекибейт, үстү люктуу палуба менен жабылган, эки айчыктуу калак менен айдалып, бут менен башкарылуучу руль менен бурулат. Байдарка спорттук, туристтик жана парустуу болуп бөлүнөт. С п о р т т у к байдарка – палубасы жабык, 1, 2, 4 орундуу оюкчалары (кокпити) бар, эки айчыктуу калак менен айдалуучу кайык. Спорттук байдарка жука фанерадан жасалып, салмагы 30 кг га жетет, толкунсуз тынч сууда жарышуу үчүн колдонулат. Т у р и с т т и к байдарканын тулку бүтүндүй же бүктөлмө түрүндө болуп, жыгач, темир жана пластмассадан жасалып, суу өткөрбөөчү материал менен капталат. Туристтик байдарка спорттукка караганда салмактуу ( 27-50 кг), эндүү, сыйымдуу, жүк көтөрүмдүү. Байдарка жана каноэде сүзүү боюнча Эл аралык союзу түзүлгөн (1924). Спорттун бул түрү 1936- жылдан Олимпиада оюндарынын программасына киргизилген, 1938-жылдан ар бир 4 жылда, ал эми 1971-жылдан дүйнөлүк жана Европанын чемпионаты жылыга өткөрүлөт. П а р у с т у у байдарка калак менен айдалуучу түрүнөн парусу жана тез сүзүшү менен айырмаланат. Байдарканын парустуу түрү боюнча да спорттук мелдеш өткөрүлөт.