БАЛ ААРЫ: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
| (2 intermediate revisions by one other user not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
'''БАЛ ААРЫ '''(Аріs | '''БАЛ ААРЫ '''(Аріs mеllifега), б а к м а а а р ы – жаргак канаттуулар түркүмүнө кирүүчү ''аарынын'' уюк-уюк болуп жашоочу түрү. Дүйнө жүзүндө түштүк кеңдиктен түндүккө чейин кеңири тараган. Аары уруусуна бакма аарынын 3 түрү (ири, кидик жана индия) кирет. Алар Түштүк Индия, Шри-Лан­ка жана Түштүк Азия аборигендери болуп эсепте­лет. Аары бакма түрүндө Индияда, Кытайда, Японияда, Ыраакы Чыгышта асырала баштаган. Алар эне аары (ургаачысы), эркеги – «жатып ичер» жана жумушчу (өрчүп жетилбеген ургаа­чы) болуп бөлүнөт. Ар уюкта бирден эне аары, эркеги (200гө чейин) жана 40–60 миң (кышында 10–15 миң) жумушчулары болот. Эне аарынын денеси 20–25 ''мм'', жыныс органы жакшы өөр­чүгөн. Ал тукумдоо кызматын гана аткарат. Эне аары 5 жылдай жашайт, 3 жаштан кийин жу­муртка таштоосу азаят, ошондуктан бал челек­чи уюкту (бал челекти) жаш эне аары менен то­луктап турат. Бал жыйноо, уюкту таза сактоо, тоюттандырууну жумушчусу аткарат. Бал аары түрдүү гүл ширесин чогултуп, аны жемсөөсүндө балга айландырат да, уюктагы мом чөнөктөргө жыйнайт. Аары Кыргызстанда эгилме жана жапайы өсүмдүктүн 200дөй түрүнөн (негизинен эспарцет, беде, акация, тал, кара жыгач, өрүк, кара өрүк, алма, алмурут, күн карама, пахта, четин ж. б.) бал ширесин чогултат. Кыргызстандын шартында ар уюктан сезондо 30–50 ''кг'' бал, 1 ''кг'' мом жана жаш уюк бөлүп алынат. Ал эми ар бир уюк кыш бою азык үчүн 20–25 ''кг'' бал керектейт. Чүй өрөөнү менен Ош облусунда жазда бал челектер бак ичине жай­гаштырылып, кийин эспарцет жана пахта талаа­ларына жакын өрөөнгө же жайытка коюлат. Кыргызстанда 73312 бал челек бар (2005). Республиканын шартында тоочул кавказ аарысын көбөйтүү ыла­йыктуу. Аарынын илдеттери: нозематоз, аспергиллез ж. б. Бал аарыдан балдан тышкары мом, прополис, аары уусу, аары сүтү алынат. Ош, Талас жана Ысы-Көл облустарында бал аарычылыгы жакшы өнүккөн.<br> Ад.: ''Халифман'' И. Пчёлы. 4 изд. М., 1963; ''Караваева Р. П., Новиков В. Ф, Яковлев В. Г.'' Пчеловодство Киргизии, перспективы его развития. Ф., 1967; ''Мах­машарипов'' С. Бал өстүрүүчүнүн справочниги. Ф., 1984. [[Category: 2-том, 1-69 бб]] | ||
10:15, 20 Апрель (Чын куран) 2026 -га соңку нускасы
БАЛ ААРЫ (Аріs mеllifега), б а к м а а а р ы – жаргак канаттуулар түркүмүнө кирүүчү аарынын уюк-уюк болуп жашоочу түрү. Дүйнө жүзүндө түштүк кеңдиктен түндүккө чейин кеңири тараган. Аары уруусуна бакма аарынын 3 түрү (ири, кидик жана индия) кирет. Алар Түштүк Индия, Шри-Ланка жана Түштүк Азия аборигендери болуп эсептелет. Аары бакма түрүндө Индияда, Кытайда, Японияда, Ыраакы Чыгышта асырала баштаган. Алар эне аары (ургаачысы), эркеги – «жатып ичер» жана жумушчу (өрчүп жетилбеген ургаачы) болуп бөлүнөт. Ар уюкта бирден эне аары, эркеги (200гө чейин) жана 40–60 миң (кышында 10–15 миң) жумушчулары болот. Эне аарынын денеси 20–25 мм, жыныс органы жакшы өөрчүгөн. Ал тукумдоо кызматын гана аткарат. Эне аары 5 жылдай жашайт, 3 жаштан кийин жумуртка таштоосу азаят, ошондуктан бал челекчи уюкту (бал челекти) жаш эне аары менен толуктап турат. Бал жыйноо, уюкту таза сактоо, тоюттандырууну жумушчусу аткарат. Бал аары түрдүү гүл ширесин чогултуп, аны жемсөөсүндө балга айландырат да, уюктагы мом чөнөктөргө жыйнайт. Аары Кыргызстанда эгилме жана жапайы өсүмдүктүн 200дөй түрүнөн (негизинен эспарцет, беде, акация, тал, кара жыгач, өрүк, кара өрүк, алма, алмурут, күн карама, пахта, четин ж. б.) бал ширесин чогултат. Кыргызстандын шартында ар уюктан сезондо 30–50 кг бал, 1 кг мом жана жаш уюк бөлүп алынат. Ал эми ар бир уюк кыш бою азык үчүн 20–25 кг бал керектейт. Чүй өрөөнү менен Ош облусунда жазда бал челектер бак ичине жайгаштырылып, кийин эспарцет жана пахта талааларына жакын өрөөнгө же жайытка коюлат. Кыргызстанда 73312 бал челек бар (2005). Республиканын шартында тоочул кавказ аарысын көбөйтүү ылайыктуу. Аарынын илдеттери: нозематоз, аспергиллез ж. б. Бал аарыдан балдан тышкары мом, прополис, аары уусу, аары сүтү алынат. Ош, Талас жана Ысы-Көл облустарында бал аарычылыгы жакшы өнүккөн.
Ад.: Халифман И. Пчёлы. 4 изд. М., 1963; Караваева Р. П., Новиков В. Ф, Яковлев В. Г. Пчеловодство Киргизии, перспективы его развития. Ф., 1967; Махмашарипов С. Бал өстүрүүчүнүн справочниги. Ф., 1984.