БАЙБУЛАТОВ: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
'''БАЙБУЛАТОВ | '''БАЙБУЛАТОВ''' Бегалы [1906, Каракол уезди, Чиркей айылы (азыркы Ысык-Көл облусу, Жар­кынбаев айылы) – 1981] – тарых илимдеринин доктору (1968). ВКП(б) БКга караштуу Кызыл профессура институтун (1937), Кыргыз мамлекеттик педагогика ин­ститутун (1947) бүтүргөн. 1928–1934-жылдарда ВКП(б) Кыргыз обкомунун пропагандисти, ВКП(б) Кызыл-Кыя райкомунун бөлүм башчысы жана биринчи сек­ретары, 1937–1942-жылдарда Фрунзедеги КомВУЗдун (ком­мунисттик жогорку окуу жайы) директору. Кыргыз ССР радио комитетинин төрагасы, Ош муга­лимдер институтунун директорунун орун басары, 1942–1947-жылдарда Советтик Армиянын катарында кызмат өтөп, Улуу Ата Мекендик согушка катышкан. 1947–1952-жылдарда Кыргызстан КП(б) БКнын лектору, Жа­лал-Абад мугалимдер институтунун директору, 1952–1959-жылдарда Кыргызстан КП БКга караштуу партия тарыхы институтунун директору, 1959-жылдан ошол эле институттун улук илимий кызматкери болуп иштеген. 200дөн ашык илимий эмгектин, анын ичинде 4 монография­нын автору. Эмгектери негизинен Кыргызстан Ком­мунисттик партиясынын тарыхын, Кыргызстандын тарыхын изилдөөгө арналган. Кызыл Жылдыз, эки «Ардак Белгиси» ордендери жана медалдар менен сыйланган. Эмг.: Социально-экономический строй Киргизии до Великой Октябрьской социалистической революции. Ф., 1958; От кочевья к социализму. Ф., 1969. [[Category: 2-том, 1-69 бб]] | ||
07:22, 16 Апрель (Чын куран) 2026 -га соңку нускасы
БАЙБУЛАТОВ Бегалы [1906, Каракол уезди, Чиркей айылы (азыркы Ысык-Көл облусу, Жаркынбаев айылы) – 1981] – тарых илимдеринин доктору (1968). ВКП(б) БКга караштуу Кызыл профессура институтун (1937), Кыргыз мамлекеттик педагогика институтун (1947) бүтүргөн. 1928–1934-жылдарда ВКП(б) Кыргыз обкомунун пропагандисти, ВКП(б) Кызыл-Кыя райкомунун бөлүм башчысы жана биринчи секретары, 1937–1942-жылдарда Фрунзедеги КомВУЗдун (коммунисттик жогорку окуу жайы) директору. Кыргыз ССР радио комитетинин төрагасы, Ош мугалимдер институтунун директорунун орун басары, 1942–1947-жылдарда Советтик Армиянын катарында кызмат өтөп, Улуу Ата Мекендик согушка катышкан. 1947–1952-жылдарда Кыргызстан КП(б) БКнын лектору, Жалал-Абад мугалимдер институтунун директору, 1952–1959-жылдарда Кыргызстан КП БКга караштуу партия тарыхы институтунун директору, 1959-жылдан ошол эле институттун улук илимий кызматкери болуп иштеген. 200дөн ашык илимий эмгектин, анын ичинде 4 монографиянын автору. Эмгектери негизинен Кыргызстан Коммунисттик партиясынын тарыхын, Кыргызстандын тарыхын изилдөөгө арналган. Кызыл Жылдыз, эки «Ардак Белгиси» ордендери жана медалдар менен сыйланган. Эмг.: Социально-экономический строй Киргизии до Великой Октябрьской социалистической революции. Ф., 1958; От кочевья к социализму. Ф., 1969.