БАЛА САЛУУ: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
| (One intermediate revision by one other user not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
'''БАЛА САЛУУ''', а б о р т | '''БАЛА САЛУУ''', а б о р т – бооз малдын өлүү туушу же түйүлдүктүн жатында куурашы. Бала салуу толук (түйүлдүк жатында өспөй өлөт), то­лук эмес (бир же бир нече түйүлдүк өспөй калып, калгандары нормалдуу туулат), байкал­баган (өспөй калган түйүлдүк жатындан түшпөй тону менен кошо өсүп, билинбей кетет) болуп айыр­маланат. Түйүлдүк өлгөндөн 2–3 суткадан кийин түшөт, кээде түшпөй, жатында калып чи­рип (эмфизематоздуу түйүлдүк), бооз мал көбүнчө өлүмгө учурайт. Жугушсуз жана жугуштуу (ин­фекциялуу жана инвазиялуу) ылаңдан да бала салуу болот. Жугушсуз ылаңдын кесепетинен (бооз малдын жүрөк, боор, бөйрөк, өпкө ылаңынан) жана чириген сапатсыз тоюттан, ошондой эле ичин катуу уруп алуу, жыгылуу, оор жумушка чегүү, үркүү, жугуштуу ылаң менен (паратиф, бруцеллёз, виб­риоз, трихомоноз, сальмонеллёз, сибирь жара­сы, шарп, туберкулёз) ылаңдаганда да болот. Айрым малдын жатынынын өсүп жетилбей калышы ж. б. себептерден да болуп, өнөкөт бала салуу деп аталат. Мындай мал өзүнчө бөлүнүп, мурда турган жери дезинфекцияланат, бала салуунун себе­би изилденет. Өлүү түшкөн козу, кулун, му­зоо ж. б. ветеринариялык лабораторияда изилденет; тоюттун сапаты текшерилет ж. б. | ||
<br>Ад.: ''Студенцов Л. П''. Ветеринарное акушерство и гинекология. 3-е изд., М., 1961. [[Category: 2-том, 1-69 бб]] | <br>Ад.: ''Студенцов Л. П''. Ветеринарное акушерство и гинекология. 3-е изд., М., 1961. [[Category: 2-том, 1-69 бб]] | ||
10:50, 20 Апрель (Чын куран) 2026 -га соңку нускасы
БАЛА САЛУУ, а б о р т – бооз малдын өлүү туушу же түйүлдүктүн жатында куурашы. Бала салуу толук (түйүлдүк жатында өспөй өлөт), толук эмес (бир же бир нече түйүлдүк өспөй калып, калгандары нормалдуу туулат), байкалбаган (өспөй калган түйүлдүк жатындан түшпөй тону менен кошо өсүп, билинбей кетет) болуп айырмаланат. Түйүлдүк өлгөндөн 2–3 суткадан кийин түшөт, кээде түшпөй, жатында калып чирип (эмфизематоздуу түйүлдүк), бооз мал көбүнчө өлүмгө учурайт. Жугушсуз жана жугуштуу (инфекциялуу жана инвазиялуу) ылаңдан да бала салуу болот. Жугушсуз ылаңдын кесепетинен (бооз малдын жүрөк, боор, бөйрөк, өпкө ылаңынан) жана чириген сапатсыз тоюттан, ошондой эле ичин катуу уруп алуу, жыгылуу, оор жумушка чегүү, үркүү, жугуштуу ылаң менен (паратиф, бруцеллёз, вибриоз, трихомоноз, сальмонеллёз, сибирь жарасы, шарп, туберкулёз) ылаңдаганда да болот. Айрым малдын жатынынын өсүп жетилбей калышы ж. б. себептерден да болуп, өнөкөт бала салуу деп аталат. Мындай мал өзүнчө бөлүнүп, мурда турган жери дезинфекцияланат, бала салуунун себеби изилденет. Өлүү түшкөн козу, кулун, музоо ж. б. ветеринариялык лабораторияда изилденет; тоюттун сапаты текшерилет ж. б.
Ад.: Студенцов Л. П. Ветеринарное акушерство и гинекология. 3-е изд., М., 1961.