БАЛАПАНДУУ КУШТАР: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| (3 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
'''БАЛАПАНДУУ КУШТАР '''(кызыл эт балапан­дуу куштар) | '''БАЛАПАНДУУ КУШТАР '''(кызыл эт балапан­дуу куштар) – ''жөжөлүү куштардан'' айырмала­нып жумурткасында сарысы (азык-заты) аз бол­гондуктан, эмбриондук өөрчүү мөөнөтү кыска болгон куштар тобу. Балапаны алсыз, булчуңу начар, сокур, денеси жүнсүз же сейрек тыбыт менен капталып, дене температурасы туруксуз болот. Алар көпкө чейин уяда болуп, ата-энелери аларды жылытып, тамак ташып багышат. Буларга калак буттуулар, көгүчкөндөр, күкүктөр, то­ту куштар, тоңкулдак сымалдар, таранчылар ж. б. кирет. Айрым куштар, мисалы, үкүлөр, жырт­кыч куштар, жөжөлүү куштар менен балапандуу куштардын ортосундагы аралык орунду ээлейт. Алардын балапандары жумурткадан чыкканда эле калың тыбыт менен капталган болот, жырткыч куштардын ба­лапандарынын көзү көрөт. [[Category: 2-том, 1-69 бб]] | ||
11:36, 20 Апрель (Чын куран) 2026 -га соңку нускасы
БАЛАПАНДУУ КУШТАР (кызыл эт балапандуу куштар) – жөжөлүү куштардан айырмаланып жумурткасында сарысы (азык-заты) аз болгондуктан, эмбриондук өөрчүү мөөнөтү кыска болгон куштар тобу. Балапаны алсыз, булчуңу начар, сокур, денеси жүнсүз же сейрек тыбыт менен капталып, дене температурасы туруксуз болот. Алар көпкө чейин уяда болуп, ата-энелери аларды жылытып, тамак ташып багышат. Буларга калак буттуулар, көгүчкөндөр, күкүктөр, тоту куштар, тоңкулдак сымалдар, таранчылар ж. б. кирет. Айрым куштар, мисалы, үкүлөр, жырткыч куштар, жөжөлүү куштар менен балапандуу куштардын ортосундагы аралык орунду ээлейт. Алардын балапандары жумурткадан чыкканда эле калың тыбыт менен капталган болот, жырткыч куштардын балапандарынын көзү көрөт.