БАКУ: нускалардын айырмасы
vol2_1-69_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| (3 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
'''БАКУ ''', Б а к ы | '''БАКУ''', Б а к ы – Азербайжан Республикасынын борбор шаары. Апшерон жарым аралынын түштүк -батышында, Каспий деңизинин батыш жээгинде жайгашкан. Калкы 2,3 млн (2021). Ири транспорт түйүнү. Тоңбогон порт. | ||
[[File:БАКУ42.png | thumb | Шаардын жалпы көрүнүшү.]] | [[File:БАКУ42.png | thumb | Шаардын жалпы көрүнүшү.]] | ||
Паром аркылуу Түркмөнбашы, Бекдаш (Түрк­мөнстан), Актау (Казакстан) | Паром аркылуу Түркмөнбашы, Бекдаш (Түрк­мөнстан), Актау (Казакстан) шаарлары менен байланы­шат. Эл аралык аэропорту бар. 1967-жылдан метрополитен иштейт.<br>Баку шаары жөнүндө 5-кылымдагы жазмаларда, ошондой эле 9–10-кылымдардагы географтардын (аль-Истахри, аль-Ма­суди ж.б.) эмгектеринде айтылып, мында нефть алынары белгиленет. 12–15-кылымдарда Бакунун нефтиси Чыгыш өлкөлөрүнө чыгарыла баштаган. 12-к­ылымдын 2-жарымында Баку аз убакытка Ширван пады­шалыгынын борбору болуп турган. Бакуну 1540-жылы Сефевилер, 16-кылымдын 80-жылдарында түрктөр, 1723-жылы орус аскерлери караткан. 1735-жылы ал Иранга кайтарылган. 1747-жылдан Баку ханды­гынын борбору болуп калган. 1804–1813-жылдарда орус – иран согушунун жүрүшүндө Баку Россияга ко­шулган (1806). 1917-жылы 31-октябрда (13-ноябрь) Бакуда Совет бийлиги жарыяланган. 1918-жылы 31-июлда ички жана тышкы контрреволюциячыл күчтөр­дүн аракети менен Совет бийлиги кулатылат. 1920-жылы 28-апрелде Азербайжан ССРинин түзүл­гөндүгү жарыяланып, Баку анын борборуна айлан­ган. 1991-жылдан Азербайжан Республикасынын борбору. | ||
Баку бухтасынын жээктеринде ширваншах капкасынын калдыктары (1235), шаардын ба­йыркы бөлүгүндө Ичери-шехер чеби (12-кылым), чеп­тин ички аймагында Мухаммед мечити жана Сы­нык-Кала минарети (1078–1079), Кыз-Кала муна­расы (12-кылымда кайрадан курулган), Ширваншах сарайлар ансамбли (15-кылым), Жума мечити (14-кылым), Диван-хан, Шемахин дарбазасы, Хажи-хамма­ли мончосу ж. б. сакталган. Чептен сырткары кербен-сарайлар, овдан (жер астындагы суу сак­тагыч), турак үйлөр ж. б. курулган. 1810-жыл­дан чепти айланта курулуштар башталган. 19–20-кылымдарда эллектизм жана модерн стилиндеги курулуштар ургаалдуу өнүккөн. 1920–1930-жылдарда шаардын эски райондору жаңыланып, бир топ аянт жана парктар пайда болгон. Шаардын азыркы көрүнүшүнө архитектор О. Дадашев менен М. Усейнов­дордун салымы чоң. С. Низами атындагы кинотеатр, Азербайжан политехникалык институту (1993-жылдан университет), Өкмөт үйү (1952), республикалык стадион (1952), аэровокзал (1964), мейманканалар («Интурист», «Азербайжан», 1969; «Москва», 1978), «Гүлстан» ку­баныч сарайы (1980), метрополитен иштейт. «Ба­кунун 26 комиссарын атып өлтүрүү» горельефи (1924–1946, 1958-жыл) орнотулган.<br> Баку – өлкөнүн илимий, маданий борбору. Азербайжан УИА (1945), 90дон ашык илимий мекемелер, (315 жалпы билим берүүчү мектеп, 36 ЖОЖ (фи­лиалдары менен; анын ичинде 17си мамлекеттик), Баку (1919), Азербайжан педагогикалык (1921), Азербайжан медициналык (1930) университеттери, Азербайжан нефть (1920-жылдан), дене тарбия жана спорт, авиация (1992), мамлекеттик башкаруу (1999) академиялары, консерватория (1921, 1991-жылдан У. Гажибеков атындагы музыкалык академия), жогорку аскер окуу жайы ж. б. бар. М. Ф. Ахундов атындагы (1923), академиялык (1925) китепканалар, улуттук драма (1920-жылдан), орус драма (1923), М. Ф. Ахундов атындагы опера жана балет (1920), Ш. Курбанов атындагы музыкалык комедия (1938), куурчак (1931), «Йуг» (1993), «Пантомима» (2000) ж. б. театрлар, 26 музей (анын ичинде Азербайжандын көз каранды эместиги, Р. Мустафаев атындагы искусство, Низами атындагы Азербайжан адабияты, Л. Керимов атындагы Азербайжан килеми жана элдик жасалга-колдонмо искусство, Азербайжандын музыкалык маданияты) иштейт. Ошондой эле П. Бюль Бюль оглы, М. Магомаев, У. Гажибеков, С. Вур­гундун үй-музейлери, сүрөт галереясы, филармония (анын курамында У. Гажибеков атындагы симфони­ялык, камералык, улуттук аспаптар, мамлекеттик эстрада оркестрлери, хор капелласы иштейт), киностудия («Азербайжан фильм», 1923), цирк, бал­дардын белгилүү шахмат мектеби (Г. Каспаров, Т. Ражабов ж. б. окуган) ж. б. бар.<br> Баку – Азербайжандын ири өнөр жай (республиканын өнөр жай өндүрүшүнүн 60%тен ашыгын, чыгарылган продукциянын 60%тен ашыгын берет) борбору. Нефть, газ, нефть ажыратуу, нефть-­химия (шина, тиричилик химиясы), кара жана түс­түү металлургия (болот, куюу, болот арматура өндүрүшү заводу), машина куруу (анын ичинде нефть өнөр ­жайына керектүү жабдуулар), радио электроника, жеңил (бут кийим, пахта фабрикасы), электр­отехника, тамак-аш (шампан, шарап, эт комбинат­тары) өнөр жайлары бар.<br> Ад.: ''Ашурбейли С. Б.'' Очерк истории средневекового Баку (VIII – начало XIX вв.). Баку, 1964; ''Брета­ницкий Л. С.'' Баку. 2-е изд. Л.; М., 1970. | |||
''Р. Карачалова, А. Орозов.'' | |||
[[Category: 2-том, 1-69 бб]] | |||
09:32, 20 Апрель (Чын куран) 2026 -га соңку нускасы
БАКУ, Б а к ы – Азербайжан Республикасынын борбор шаары. Апшерон жарым аралынын түштүк -батышында, Каспий деңизинин батыш жээгинде жайгашкан. Калкы 2,3 млн (2021). Ири транспорт түйүнү. Тоңбогон порт.

Паром аркылуу Түркмөнбашы, Бекдаш (Түркмөнстан), Актау (Казакстан) шаарлары менен байланышат. Эл аралык аэропорту бар. 1967-жылдан метрополитен иштейт.
Баку шаары жөнүндө 5-кылымдагы жазмаларда, ошондой эле 9–10-кылымдардагы географтардын (аль-Истахри, аль-Масуди ж.б.) эмгектеринде айтылып, мында нефть алынары белгиленет. 12–15-кылымдарда Бакунун нефтиси Чыгыш өлкөлөрүнө чыгарыла баштаган. 12-кылымдын 2-жарымында Баку аз убакытка Ширван падышалыгынын борбору болуп турган. Бакуну 1540-жылы Сефевилер, 16-кылымдын 80-жылдарында түрктөр, 1723-жылы орус аскерлери караткан. 1735-жылы ал Иранга кайтарылган. 1747-жылдан Баку хандыгынын борбору болуп калган. 1804–1813-жылдарда орус – иран согушунун жүрүшүндө Баку Россияга кошулган (1806). 1917-жылы 31-октябрда (13-ноябрь) Бакуда Совет бийлиги жарыяланган. 1918-жылы 31-июлда ички жана тышкы контрреволюциячыл күчтөрдүн аракети менен Совет бийлиги кулатылат. 1920-жылы 28-апрелде Азербайжан ССРинин түзүлгөндүгү жарыяланып, Баку анын борборуна айланган. 1991-жылдан Азербайжан Республикасынын борбору.
Баку бухтасынын жээктеринде ширваншах капкасынын калдыктары (1235), шаардын байыркы бөлүгүндө Ичери-шехер чеби (12-кылым), чептин ички аймагында Мухаммед мечити жана Сынык-Кала минарети (1078–1079), Кыз-Кала мунарасы (12-кылымда кайрадан курулган), Ширваншах сарайлар ансамбли (15-кылым), Жума мечити (14-кылым), Диван-хан, Шемахин дарбазасы, Хажи-хаммали мончосу ж. б. сакталган. Чептен сырткары кербен-сарайлар, овдан (жер астындагы суу сактагыч), турак үйлөр ж. б. курулган. 1810-жылдан чепти айланта курулуштар башталган. 19–20-кылымдарда эллектизм жана модерн стилиндеги курулуштар ургаалдуу өнүккөн. 1920–1930-жылдарда шаардын эски райондору жаңыланып, бир топ аянт жана парктар пайда болгон. Шаардын азыркы көрүнүшүнө архитектор О. Дадашев менен М. Усейновдордун салымы чоң. С. Низами атындагы кинотеатр, Азербайжан политехникалык институту (1993-жылдан университет), Өкмөт үйү (1952), республикалык стадион (1952), аэровокзал (1964), мейманканалар («Интурист», «Азербайжан», 1969; «Москва», 1978), «Гүлстан» кубаныч сарайы (1980), метрополитен иштейт. «Бакунун 26 комиссарын атып өлтүрүү» горельефи (1924–1946, 1958-жыл) орнотулган.
Баку – өлкөнүн илимий, маданий борбору. Азербайжан УИА (1945), 90дон ашык илимий мекемелер, (315 жалпы билим берүүчү мектеп, 36 ЖОЖ (филиалдары менен; анын ичинде 17си мамлекеттик), Баку (1919), Азербайжан педагогикалык (1921), Азербайжан медициналык (1930) университеттери, Азербайжан нефть (1920-жылдан), дене тарбия жана спорт, авиация (1992), мамлекеттик башкаруу (1999) академиялары, консерватория (1921, 1991-жылдан У. Гажибеков атындагы музыкалык академия), жогорку аскер окуу жайы ж. б. бар. М. Ф. Ахундов атындагы (1923), академиялык (1925) китепканалар, улуттук драма (1920-жылдан), орус драма (1923), М. Ф. Ахундов атындагы опера жана балет (1920), Ш. Курбанов атындагы музыкалык комедия (1938), куурчак (1931), «Йуг» (1993), «Пантомима» (2000) ж. б. театрлар, 26 музей (анын ичинде Азербайжандын көз каранды эместиги, Р. Мустафаев атындагы искусство, Низами атындагы Азербайжан адабияты, Л. Керимов атындагы Азербайжан килеми жана элдик жасалга-колдонмо искусство, Азербайжандын музыкалык маданияты) иштейт. Ошондой эле П. Бюль Бюль оглы, М. Магомаев, У. Гажибеков, С. Вургундун үй-музейлери, сүрөт галереясы, филармония (анын курамында У. Гажибеков атындагы симфониялык, камералык, улуттук аспаптар, мамлекеттик эстрада оркестрлери, хор капелласы иштейт), киностудия («Азербайжан фильм», 1923), цирк, балдардын белгилүү шахмат мектеби (Г. Каспаров, Т. Ражабов ж. б. окуган) ж. б. бар.
Баку – Азербайжандын ири өнөр жай (республиканын өнөр жай өндүрүшүнүн 60%тен ашыгын, чыгарылган продукциянын 60%тен ашыгын берет) борбору. Нефть, газ, нефть ажыратуу, нефть-химия (шина, тиричилик химиясы), кара жана түстүү металлургия (болот, куюу, болот арматура өндүрүшү заводу), машина куруу (анын ичинде нефть өнөр жайына керектүү жабдуулар), радио электроника, жеңил (бут кийим, пахта фабрикасы), электротехника, тамак-аш (шампан, шарап, эт комбинаттары) өнөр жайлары бар.
Ад.: Ашурбейли С. Б. Очерк истории средневекового Баку (VIII – начало XIX вв.). Баку, 1964; Бретаницкий Л. С. Баку. 2-е изд. Л.; М., 1970.
Р. Карачалова, А. Орозов.