БАКТРИЯ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_1-69_>KadyrM
No edit summary
 
No edit summary
 
(2 intermediate revisions by 2 users not shown)
1 сап: 1 сап:
'''БАКТРИЯ ''', Б а к т р и а н а - Амударыянын ортоңку ж-а жогорку агымындагы байыркы тарыхый аймак. Азыркы Өзбекстан м-н Тажик­стандын түш. ж-а Афганстандын түн. обл-та­рын камтыган. Б-нын түндүгү Согд аймагы, түш­түгү ж-а түш. -чыгышы Арахосия ж-а Гандхара, батышы ''Маргиана'' м-н чектешкен. Б. - О. Азиядагы дыйканчылык мад-тынын ж-а мамле­кеттүүлүк келип чыккан цивилизациянын байыркы борборунун бири. Бактра анын негизги шаары болгон. Б. з. ч. 6-4-к-да Б. ''Ахемениддер'' державасынын, андан соң ''Александр Маке­донскийдин'' империясынын курамына кирген. Анын империясы кыйраган соң Б-нын аймагында ''Грек Бактрия падышалыгы'' түзүлгөн. Ки­йинчерээк Б. ж-а Согд аймагында тохар уруу­лары тарабынан негизделген ''Кушан падышалыгы'' түптөлгөн. Тохарлардын атынан бул аймак кийин Тохарстан аталып калган. Б. - Азиядагы байыркы көркөм мад-ттын өнүккөн борборунун бири. Мындан жерг. ж-а алынып келин­ген көркөм буюмдардан турган ''Амударыя казынасы'' (б. з. ч. 4-2-к) табылган. [[Category: 2-том, 1-69 бб]]  
'''БАКТРИЯ''', Б а к т р и а н а – Аму дарыянын ортоңку жана жогорку агымындагы байыркы тарыхый аймак. Азыркы Өзбекстан менен Тажик­стандын түштүк жана Афганстандын түндүк облуста­рын камтыган. Бактриянын түндүгү Согд аймагы, түш­түгү жана түштүк -чыгышы Арахосия жана Гандхара, батышы ''Маргиана'' менен чектешкен. Бактрия – Орто Азиядагы дыйканчылык маданиятынын жана мамле­кеттүүлүк келип чыккан цивилизациянын байыркы борборунун бири. Бактра анын негизги шаары болгон. Биздин заманга чейин 6–4-кылымдарда Б. ''Ахемениддер'' державасынын, андан соң ''Александр Маке­донскийдин'' империясынын курамына кирген. Анын империясы кыйраган соң Бактриянын аймагында ''Грек Бактрия падышалыгы'' түзүлгөн. Ки­йинчерээк Бактрия жана Согд аймагында тохар уруу­лары тарабынан негизделген ''Кушан падышалыгы'' түптөлгөн. Тохарлардын атынан бул аймак кийин Тохарстан аталып калган. Бактрия – Азиядагы байыркы көркөм маданияттын өнүккөн борборунун бири. Мындан жергиликтүү жана алынып келин­ген көркөм буюмдардан турган ''Аму дарыя казынасы'' (биздин заманга чейин 4–2-кылымдар) табылган.  
 
[[Category: 2-том, 1-69 бб]]

09:03, 20 Апрель (Чын куран) 2026 -га соңку нускасы

БАКТРИЯ, Б а к т р и а н а – Аму дарыянын ортоңку жана жогорку агымындагы байыркы тарыхый аймак. Азыркы Өзбекстан менен Тажик­стандын түштүк жана Афганстандын түндүк облуста­рын камтыган. Бактриянын түндүгү Согд аймагы, түш­түгү жана түштүк -чыгышы Арахосия жана Гандхара, батышы Маргиана менен чектешкен. Бактрия – Орто Азиядагы дыйканчылык маданиятынын жана мамле­кеттүүлүк келип чыккан цивилизациянын байыркы борборунун бири. Бактра анын негизги шаары болгон. Биздин заманга чейин 6–4-кылымдарда Б. Ахемениддер державасынын, андан соң Александр Маке­донскийдин империясынын курамына кирген. Анын империясы кыйраган соң Бактриянын аймагында Грек – Бактрия падышалыгы түзүлгөн. Ки­йинчерээк Бактрия жана Согд аймагында тохар уруу­лары тарабынан негизделген Кушан падышалыгы түптөлгөн. Тохарлардын атынан бул аймак кийин Тохарстан аталып калган. Бактрия – Азиядагы байыркы көркөм маданияттын өнүккөн борборунун бири. Мындан жергиликтүү жана алынып келин­ген көркөм буюмдардан турган Аму дарыя казынасы (биздин заманга чейин 4–2-кылымдар) табылган.