ВЕТЕРИНАРИЯ САНИТАРИЯСЫ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
No edit summary
 
1 сап: 1 сап:
'''ВЕТЕРИНА́РИЯ САНИТАРИЯСЫ '''– ''ветери­нариянын'' малдын ылаңдарын алдын алууну, мал м-н кишиге бирдей жугуштуу ж-а инва­зиялуу оорулардан сактоону, ошондой эле малдан алынуучу санитариялык талапка жооп берүүчү про­дуктуларды, сырьёну ж-а тоютту өндүрүү жол­дорун изилдөөчү бөлүмү. Ал ветеринариялык-санитардык иш ­чараларды иштеп чыгат. Булар – зыяндуу орга­низмдердин, ылаңдардын, ылаң ташуучулар­дын киришинен коргоо максатында сөзсүз ат­карылуучу талаптар. Алар ветеринариялык закондор м-н чектелет. Малдын ылаңдан соо болушун коргоо боюнча ветеринариялык-санитариялык иш-чараларга төмөнкүлөр ки­рет: мал сарайларында, тоют даярдоо ж-а сак­тоодо, кыкты чогултуп, мал ордун тазалоодо белгилүү режимди кармоо, биологиялык калдыктарды утилдөө, дезинфекциялоо, дератизациялоо; то­пуракты ж-а сууну булгануудан сактоо ж. б. Ошондой эле малдан алынган продуктулардын, тоют­тун, суунун, мал дарыларынын, жаныбарлар­дын ж-а алардын жашоо чөйрөсүнүн гигиена­сын ж-а багуусун жөнгө салуучу ветеринариялык-санитариялык нор­мативдерди иштеп чыгат. Ветеринариялык-санитария бир ка­тар илимдер (экология, физиология, биохимия, эпизоотология, эпидемиология, гельминтооло­гия ж. б.) м-н тыгыз байланышта. Ветеринариялык санитариялык иш-чаралар 19-кылымда Л. ''Пастердин'' ачылышта­рынан кийин илимий негизделген, к. ''Ветеринария, Ветеринария-санитариялык эксперттөө.''
'''ВЕТЕРИНА́РИЯ САНИТАРИЯСЫ '''– ''ветери­нариянын'' малдын ылаңдарын алдын алууну, мал менен кишиге бирдей жугуштуу жана инва­зиялуу оорулардан сактоону, ошондой эле малдан алынуучу санитариялык талапка жооп берүүчү про­дуктуларды, сырьёну жана тоютту өндүрүү жол­дорун изилдөөчү бөлүмү. Ал ветеринариялык-санитардык иш ­чараларды иштеп чыгат. Булар – зыяндуу орга­низмдердин, ылаңдардын, ылаң ташуучулар­дын киришинен коргоо максатында сөзсүз ат­карылуучу талаптар. Алар ветеринариялык закондор менен чектелет. Малдын ылаңдан соо болушун коргоо боюнча ветеринариялык-санитариялык иш-чараларга төмөнкүлөр ки­рет: мал сарайларында, тоют даярдоо жана сак­тоодо, кыкты чогултуп, мал ордун тазалоодо белгилүү режимди кармоо, биологиялык калдыктарды утилдөө, дезинфекциялоо, дератизациялоо; то­пуракты жана сууну булгануудан сактоо жана башкалар. Ошондой эле малдан алынган продуктулардын, тоют­тун, суунун, мал дарыларынын, жаныбарлар­дын жана алардын жашоо чөйрөсүнүн гигиена­сын жана багуусун жөнгө салуучу ветеринариялык-санитариялык нор­мативдерди иштеп чыгат. Ветеринариялык-санитария бир ка­тар илимдер (экология, физиология, биохимия, эпизоотология, эпидемиология, гельминтооло­гия ж. б.) менен тыгыз байланышта. Ветеринариялык санитариялык иш-чаралар 19-кылымда Л. ''Пастердин'' ачылышта­рынан кийин илимий негизделген, кара. ''Ветеринария, Ветеринария-санитариялык эксперттөө.''


Ад.: ''Поляков А. А.'' Ветеринарная санитария. М., 1979.
Ад.: ''Поляков А. А.'' Ветеринарная санитария. М., 1979.

10:56, 26 Август (Баш оона) 2026 -га соңку нускасы

ВЕТЕРИНА́РИЯ САНИТАРИЯСЫ ветери­нариянын малдын ылаңдарын алдын алууну, мал менен кишиге бирдей жугуштуу жана инва­зиялуу оорулардан сактоону, ошондой эле малдан алынуучу санитариялык талапка жооп берүүчү про­дуктуларды, сырьёну жана тоютту өндүрүү жол­дорун изилдөөчү бөлүмү. Ал ветеринариялык-санитардык иш ­чараларды иштеп чыгат. Булар – зыяндуу орга­низмдердин, ылаңдардын, ылаң ташуучулар­дын киришинен коргоо максатында сөзсүз ат­карылуучу талаптар. Алар ветеринариялык закондор менен чектелет. Малдын ылаңдан соо болушун коргоо боюнча ветеринариялык-санитариялык иш-чараларга төмөнкүлөр ки­рет: мал сарайларында, тоют даярдоо жана сак­тоодо, кыкты чогултуп, мал ордун тазалоодо белгилүү режимди кармоо, биологиялык калдыктарды утилдөө, дезинфекциялоо, дератизациялоо; то­пуракты жана сууну булгануудан сактоо жана башкалар. Ошондой эле малдан алынган продуктулардын, тоют­тун, суунун, мал дарыларынын, жаныбарлар­дын жана алардын жашоо чөйрөсүнүн гигиена­сын жана багуусун жөнгө салуучу ветеринариялык-санитариялык нор­мативдерди иштеп чыгат. Ветеринариялык-санитария бир ка­тар илимдер (экология, физиология, биохимия, эпизоотология, эпидемиология, гельминтооло­гия ж. б.) менен тыгыз байланышта. Ветеринариялык санитариялык иш-чаралар 19-кылымда Л. Пастердин ачылышта­рынан кийин илимий негизделген, кара. Ветеринария, Ветеринария-санитариялык эксперттөө.

Ад.: Поляков А. А. Ветеринарная санитария. М., 1979.