ГРАНУЛ ЖЕР СЕМИРТКИЧ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
No edit summary |
м (Temirkan moved page ГРАНУЛ ЖЕР СЕМИРТКИЧ – to ГРАНУЛ ЖЕР СЕМИРТКИЧ) |
(Айырма жок)
| |
24 октябрь 2024, саат 10:12 учурдагы соңку нуска
ГРА́НУЛ ЖЕР СЕМИРТКИЧ – майда бүртүкчө түрүнө келтирилген минералдык жер семирткич. Жер семирткичтерди гранулдоо алардын – ным тарткычтыгын, жабышкактыгын, катышын, чачылуусун ж. б. физикалык касиеттерин жакшыртат. Натыйжада аны колдонуу жеӊилдейт. Суперфосфатты нымдап, атайын барабанда кургатуу м-н гранулдайт. Мочевинаны томолоктоштуруу процесси жогору температурада жүргүзүлгөндүктөн, семирткичте өсүмдүк үчүн уу зат – биурет пайда болот. Ал 3%тен жогору болсо, жер семирткичти (мочевинаны) өсүмдүктү себүүгө чейин бир-эки ай мурда колдонуу талап кылынат. Ушул убакыт ичинде биурет топуракта толугу м-н ажырайт. Азыркы убакта биурети аз мочевина чыгаруу колго алынууда.