МУСАКЕЕВ Темирбек: нускалардын айырмасы
No edit summary |
м (Lera «МУСАКЕЕВ» барагын «МУСАКЕЕВ Темирбек» деп кайра атады) |
(Айырма жок)
| |
26 ноябрь 2026, саат 11:29 учурдагы соңку нуска
МУСАКЕЕВ Темирбек (24. 0. 1950-жылы туулган, Нарын облусу, Ат-Башы району, Өзгөрүш айылы) - кино сүрөтчүсү, живописчи, график. 1985-жылдан Советтик Социалисттик Республикалар Союзу
(СССР) жана Кыргызстан кинематографисттер союзунун, 1986-жылдан СССР жана Кыргызстан сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү, Кыргыз Республикасынын
маданиятына эмгек сиңирген ишмер (2007), Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (2011), профессор (2012). 1971-жылы Чуйков атындагы Көркөм сүрөт окуу жайын, 1977-жылы Москвадагы Бүткүл союздук Мамлекеттик кинематография институтунун (ВГИК) мультипликациялык көркөм фильмдер факультетин бүтүргөн.

1977-1992-жылдары «Кыргызфильм» киностудиясында анимациялык жана көркөм фильмдерди коюучу, 1993-жылдан Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинде (КМКТАУ) жана Т. Садыков атындагы Улуттук көркөм сүрөт академиясында окутуучу. Т. Мусакеев - кино сүрөтчүсү катары «Кыргызфильмде» көптөгөн мультипликациялык фильмдерди жаратууга катышкан. Балдар китептерин жасалгалаган. Т. Мусакеевдин фильм, китеп жана картина түрүндөгү 500дөн ашык чыгармасы бар. Живопистик жана графикалык чыгармалары менен көптөгөн көргөзмөлөргө катышкан. «Кыргыз элинин улуттук кийимдери» альбому Италияда, Түркияда чыккан. Ошондой эле бул альбом Бүткүл союздук эл аралык көргөзмөдө чет элдик көрүүчүлөрдүн кызыгуусун жараткан.