ОРДО (улуттук спорт): нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
26 ноябрь 2026, саат 09:30 учурдагы соңку нуска
ОРДО - улуттук спорттун түрү. Ар биринде 7-

10 оюнчудан турган эки команда, чүкө менен ойнойт. Оюн атайылап тапталган тегиз жана кенен аянтта өткөрүлөт. Чоңдордун мелдеши өтүлүүчү аянттын диаметри 12-14 м, ойноо мөөнөтү 120 мин, оюнчулардын саны 9дан болот. Жаш өспүрүмдөр (12- 16 жаш) мелдешкен учурда аянттын диаметрин
12 лгге, ойноо мөөнөтүн 90 минта. чейин кыскартууга болот. Ордочу такасыз бут кийим, спорттук шым-костюм, майка же футболка кийиши керек. Командалардын кийимдери бир түстө болуп, номерленет жана капитанынын сол колуна «К» деп жазылган белги байланат. О-го кан, чүкө, томпой жана узундугу 40 см калыс чен керектелет. Айлананын борборуна жыдымык деп аталган шиш кагылат. Ага диаметри 6 мм, калыңдыгы 2 мм болгон мүйүздөн же темирден жасалган тегерек формадагы «кан» салынат. «Кан» 2 чүкөгө эсептелет, ага кошуп 3 чүкө салынат да, кан менен кошо 5 деп саналат. Анын айланасына ар бир оюнчуга 5тен эсептелген чүкөлөр бөгүнөн тизилет. Оюн ат калчоо менен башталат. Мелдеш бир тарап толук утулганга же белгиленген убакыт бүткөнгө чейин улантылат.
О-нун бир нече түрү бар. У р а атууда ордочу борбордогу топту же бириндеген чүкөлөрдү борборго түздөп чийимдеп атат.
Кыңка чалбай атууда _буттун башын борборго түз каратып, сол колун бооруна алып чүкө кыйшык атылат. К а д а м а к атууда 1,5 жге чейинки жакын жаткан чүкөлөрдү атат. Тоорумак атууда ордочу чийимге жакын жаткан чүкөнү оң бутун сол бутунун толорсугуна ороп, сол колун аркасына алып атат. Чертүүдө оюнчу ортого түшкөндө сыңар тизелеп олтуруп, О-нун ичинен чүкөлөрдү чертип атат. 1952-жылы кыргыздын улуттук оюндарынын 1-спартакиадасы өтүп, анын программасына 0. киргизилген. 1991-жылы «Ордо оюнунун бйрдиктүү эрежеси» такталып, толукталган. 1992-жылы Респ. О. федерациясы түзүлгөн. О. боюнча мелдеш 1993-жылдан өткөрүлүүдө. Кыргызстандын белгилүү ордочулары С. Исаков, С. Сейиткулов, А. Сманов, А. Миңбаев ж. б.