ОРГАНИКАЛЫК АИНЕК: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
26 ноябрь 2026, саат 09:29 учурдагы соңку нуска
ОРГАНИКАЛЫК АЙНЕК - органикалык полимерлерден алынган оптикалык тунук, катуу материалдардын техникалык аты. О. а. метилметакрилатты полимерлөөдөн алынат. Полиметилметакрилат айнеги түссүз же боёлгон түрдө, тунук же тунук эмес, жука, блок ж. б. түрүндө чыгарылат. О. а. метилметакрилатта, ацетондо, дихлорэтанда, бензолдо, уксус кислотасында ж. б. органикалык эриткичтерде жакшы эрийт. Алар сууга, жегичтерге, органикалык эмес кислоталардын суудагы эритмесинде жана абага туруктуу, бензин ж. б. майларда инерттүү. Концент. күкүрт, азот, хром жана суюлтулган фтордуу суутек кислоталарында касиетин өзгөртөт. 0. а. кадимки эле металлдарды иштетүүчү тетиктер менен оңой иштетилет, оңой жылмаланат, желимденүүгө жөндөмдүү. Азыркы мезгилде бекемдиги өтө жогору О. а. чыгарылат. Ал курулушта, авиация, автомобиль, кеме куруу ө. ж-нда, а. ч., медицина ж. б. тармактарда колдонулат. .