ОРБИТАЛЫК СТАНЦИЯ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

26 ноябрь 2026, саат 09:29 учурдагы соңку нуска

ОРБИТАЛЫК СТАНЦИЯ - Жердин, Айдын же планеталардын орбитасында узакка айланып иштей турган экипаждуу же автоматтык оор космостук учуучу аппарат. О. с-ына экипажды жеткирүүнү жана анын мезгилдүү алмашып ту­рушун транспорттук космос кемеси ишке ашы­рат. Узак убакыт учуучу биринчи О. с. - СССРде («Салют») 1971-жылы, АКШда («Скайлэб») 1973-жылы Жердин орбитасына чыгарылган. 0. с-га космо­навттын түздөн-түз катышуусу менен же автомат­тык режимде иштөөчү жабдуулар жайгашты­рылат. Бул болсо көптөгөн илимий жана колдонмо маселелерди - космос мейкиндигин, Жерди ж. б. планеталарды изилдөө, астрон.-физикалык изилдөө­лөр, физикалык-техникалык, медициналык-биол. эксперименттер, ме­теорол. байкоолор, түрдүү технол. процесстерди ишке ашыруу ж. б-ды чечүү үчүн натыйжалуу каражат катары пайдаланууга мүмкүндүк берет. 1977-жылы 10-декабрда учурулган «Союз-26» кос­мос кемеси менен космонавттар Ю. В. Романенко жана Г. М. Гречко орбитада 96 сутка болушту. Ашташып биригишкен «Салют-6» - «Союз-29» - «Союз-30» орбиталык илимий комплекси өз програм­масын аткаргандан кийин 1978-жылы 5-июлда уч­куч-космонавт П. И. Климук жана космонавт­изилдөөчү М. Гермашевский «Союз-30» космос кемеси менен Жерге кайтып келишти. «Салют-6»- «Союз-29» илимий из. комплекси учурулган «Про­гресс-2», «Прогресс-3», «Прогресс-4» жүк транс­порт кемеси менен ашташып биригишти. Космо­навттар В. В. Ковалёнок жана А. С. Иванченков «Салют-6» - «Союз-29» - «Прогресс-2» орбита­лык илимий станцияда берилген программа боюнча узак убакыт бою (140 сутка - космонавтикадагы би­ринчи узак учуу) илимий иштерди жүргүзүштү. О. с. орбитада планета аралык оор космос кемесин кураштыруу үчүн, ошондой эле Жердин жасалма спут­никтерин мезгил-мезгили менен тейлөө үчүн база болот.

Ац-’ Циолковский К. Э. Собр. Соч. М., 1951-64; От космических кораблей к орбитальным станциям. 2- ое изд. М., 1971; Глазков Ю. Н„ Колесников Ю. В. В открытом космосе. М., 1990.