ОРАН: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

26 ноябрь 2026, саат 09:29 учурдагы соңку нуска

ОРАН - Алжирдин түндүк-батышындагы порт шаар. Оран вилайетинин администрациялык борбору. Калкы 685,0 миң (2011). Калкынын саны боюнча Алжир­деги 2-шаар. Ири жолдор тоому. Өлкөнүн соода жана ө. ж. борбору. Шарап, альфа чөбүн ж. башкача айтканда ч. сырьёлорун сыртка чыгаруучу порт. Тамак­аш, металл иштетүү, химиялык, текстиль, цемент ө. ж. ишканалары, түтүк прокат заводу иштейт. Кустардык кол өнөрчүлүгү өнүккөн. Университет бар. Шаар 10-к-да негизделген.