ОПТИКАЛЫК НУРЛАНУУ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
26 ноябрь 2026, саат 09:29 учурдагы соңку нуска
ОПТИКАЛЫК НУРЛАНУУ - толкун узундугу 1 нледен 1 млгге чейинки диапазондогу электр-магниттик толкундар. О. н-га адамдын көзү кабыл алуучу көрүнгөн жарыктан башка инфракызыл жана ультракызгылт көк нурлануулар кирет. О. н-нун толкун касиети жарык дифракциясында, интерференциясында, уюлдануусунда (полярлануусунда) байкалат. Ошондой эле көп кубулуштар корпускулалык бөлүкчөлөр болгон фотонду колдонуу менен түшүндүрүлөт. О. н-нун мындай толкундук, корпускулярдык касиети кванттык механикада каралат. О. н-нун вакуумдагы таралуу ылдамдыгы (формула) О. н. атом жана молекулалардын нурлануусу (жылуулук нурлануусу, люминесценция), спектрдик курамдын бир тектүүлүк даражасы (монохроматтык, монохроматтык эмес), электр жана магнит векторлорунун багытталыш тартиби (сызыктуу, айлана жана эллипс боюнча уюлданган), нурлануу агымынын чачырашы (багытталган, диффузиялык) ж. б. түрлөргө бөлүнөт. Нерсенин бетине түшкөн жарык чагылат, жутулат жана кандайдыр бир бөлүгү андан өтөт. Жутулган жарык нерсенин ички энергиясын көбөйтөт. О. н. фотоэффект, фотолюминесценция кубулуштарын жана фотохимиялык реакцияларды пайда кылат.