ОПТИКАЛЫК КҮЗГҮ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
26 ноябрь 2026, саат 09:29 учурдагы соңку нуска
ОПТИКАЛЫК КҮЗГҮ - оптикалык системанын тунук элементтерин жасоого багытталган бир тектүү айнек. Оптикалык системаларда чагылдыруучу бети сфера, парабола, эллипс ж. б. түрүндөгү томпок жана иймек күзгүлөр колдонулатынча О. к-нүн формасы математикалык туура формада болсо, ал ошончолук сапаттуу болот. Күзгүнүн жарык чагылткыч бетиндеги майда быдырларынын өлчөмү чагылуучу жарыктын толкун узундугунан кичине болушу зарыл. Күзгүнүн чагылтуучу бетинин сапатына коюлган талап, алдыга коюлган маселеге жараша болот. Жалпак эмес О. к. жалпы эле оптикалык системалар сыяктуу абберацияга дуушар болот. Ал эми жалпак О. к. ага кандай шоола түшпөсүн абберациясыз, жалган сүрөттөлүш берүүчү оптикалык система болуп саналат. Бети парабола, сфера ж. б. симметриялуу огу бар О. к-лөрдөн алынуучу нерсенин сүрөттөлүшү күзгүнүн чокусунан (О) жүргүзүлгөн ийрилик радиусу (г) менен төмөндөгүдөй катышта байланышат: 1/з+1/«= =2/г.. Мында, з - күзгүнүн чокусунан (О) нерсеге (А) чейинки аралык: з' сүрөттөлүшкө (А') чейинки аралык.
Эгерде нерсе өтө алыс аралыкта жайгашса, анда з' күзгүнүн фокустук аралыгына барабар болот: 8'=/=г/2. Фокалдык тегиздик күзгүнүн чокусунан г/2 аралыгында жайгашкан. О. к-нүн чагылдыруу коэф. чоң болушу керек.