ОПЕРАЦИЯЛЫК ЭСЕПТӨӨ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

26 ноябрь 2026, саат 09:29 учурдагы соңку нуска

ОПЕРАЦИЯЛЫК ЭСЕПТӨӨ - математикалык анализдин ыкмаларынын бири. Айрым учурда бул ыкма менен татаал математикалык маселени жөнөкөй эрежелерге таянып чыгарууга болот. 0. э. меха­никада, автоматикада, электр-техникасында көп колдонулат. Изилденүүчү функцияны (ори­гиналды) андан алынган башка функция (сүрөт­төлүшү) менен алмаштыруу идеясы 0. э. ыкмасы­нын негизи катары алынат. Мындай алмашты­рууда Р=г1Д<Н дифференциялоо оператору алгл. чоңдук катары интерпретацияланат (түшүн­дүрүлөт). Натыйжада кээ бир сызыктуу

диф­ференциялдык тендемени интегралдоо жана ма­тем. анализдин бир катар маселесинин чыга­рылышы жөнөкөй алгебралык маселенин чыгарылы­шына келтирилет. 0. э-нүн өнүгүшүнө анг. ма­тематик О. Хевисайд көп салым кошкон (1892). Ал Р=<11д,1 оператору менен чыгаруунун жана бул оператордон алынган кандайдыр бир функ­цияны чыгаруунун формалдуу эрежелерин су­нуш кылган. Ал 0. э-нү колдонуп, электр-ди­намика боюнча бир катар маселелерди чыгарган. Бирок 0. Хевисайд О. э-нү математикалык далилдөө менен негиздеген эмес. О. э. П. Лапластын интеграл­дык өзгөртүп түзүүсү боюнча негизделген. Бул тео­рия боюнча орус математиги М. Е. Ващенко-За­харченконун «Символдук эсептөө жана аны сы­зыктуу дифференциялдык тендемесин интег­ралдоодо колдонуу» деген эмгеги чыккан (1862). Мында 0. э-нүн негизги маселелери жа­зылган.

Ад.: Вентцель Е. С. Исследования операций: задачи, принципы, методология. М., 1980.