ОПЕРАТОРДУК СИСТЕМА: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

26 ноябрь 2026, саат 09:29 учурдагы соңку нуска

ОПЕРАТОРДУК СИСТЕМА - комплекстик про­грамма; компьютердин (ЭЭМдин) эс тутумунда сакталып, пландоону (божомолдоону) автомат­таштыруу, маалыматты (информацияны) иш­тетүү процессин уюштуруу, аларды киргизүү жана чыгаруу, ресурстарды бөлүштүрүү, програм­маны даярдоо жана түзөтүүгө арналат. 0. с. эсеп­төө системасынын ресурстарын пландап, алар­ды сырткы чөйрө менен өз ара байланыштырат. Техникалык каражаттардын ондуулугун ыкчам көзөмөл­дөө менен бузук кенемтелерин жөндөгөндөн ки­йинки көрсөткүчтүн негизинде иштетүү процес­синде түзөтүп ондоону уюштурат. Бул функция­ны супервизор ишке ашырат. 0. с. ушундай эле программаларды тейлөө (алынган көрсөткүчтөр­дү көчүрүү, көрсөткүчтөрдү алып жүргүчтөрдү даярдоо, тексттерди редакциялоо ж. б.) транцля­торлор, жүктөгүчтөр (программаларды оператив­дик эс-тутумга жүктөөнү жана аларды аткарууга даярдоо), программаларды сорттоо ж. б.